Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

ККМ: Салык кызматы лотерея ойното баштады


Салык кодекси (иллюстрациялык сүрөт)
Салык кодекси (иллюстрациялык сүрөт)

Өкмөт көзөмөл-кассалык жабдыкты жайылтуунун жолун издеп жатканын билдирүүдө. Салык кызматы 10-майда чек талап кылгандар үчүн кызыктыруучу лотереялык оюнду баштады. Лотереяга кардарлар сатып алуудан алган кассалык чектери менен катыша алат. Өкмөт бул акция соода жайларында кассалык чекти талап кылууга түрткү берет деп эсептейт. Көзөмөл-кассалык жабдыктын зарылдыгы жана анын экономика үчүн таасири кандай?

Бишкек шаарынын тургуну Назила лотереяга катышуу үчүн ар бир сатып алууда кассалык чектерди талап кылып, чогултуп жатканын айтат.

"Салык кызматы ККМ чектери боюнча лотерея ойнотуп жатыптыр. Балдарым менен бирге чек чогултуп жатабыз. Ар бир сатып алууда чектерди алабыз, бербесе сурайбыз. Азыр бизде алтымыш миңдей чогулуп калыптыр. Ошондо, ар бир миң сомго бирден купон берилсе, бизде 60 купон болуп калат экен".

Салык кызматынын билдиришинче, кызыктыруучу лотерея жарандык активдүүлүктү жогорулатууну жана көмүскө экономиканын өлчөмүн кыскартууну, ишкерлер арасында ак ниет атаандашууга түрткү берүүнү көздөйт. Мекемеде накталай жана накталай эмес эсептешүүдө ККМ жабдыгын ак ниет колдонуу мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктын өсүшүн шарттайт деп эсептешет.

Кызыктыруучу лотереяга уюлдук телефон, автоунаа жана батир сыяктуу байгелер коюлган. Салык кызматы оюнга катышуу үчүн Play Market менен App Store платформаларынан «Салык чек» тиркемесин көчүрүп алып, катталып жана ар бир сатып алуудагы чектин QR-кодун ага киргизип турууну сунуштайт. Лотереянын жобосу боюнча, ар бир миң сомдук чекке бирден купон ыйгарылып, оюнга катышат. Бүгүнкү күнгө чейин тиркеме Плэймаркеттен 5 миңден ашуун жолу көчүрүлгөн.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев лотерея жарандар менен ишкерлердин салыктык жоопкерчилигин жогорулатат деп эсептейт.

Исламбек Кыдыргычев, КР Салык кызматынын төрагасынын орун басары
Исламбек Кыдыргычев, КР Салык кызматынын төрагасынын орун басары

"Лотерея жыл аягына чейин ойнотулат. Биринчи оюнду 1-июлда өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан кийин жылдын аягына чейин ар үч ай сайын болуп турат. Лотереянын эң негизги максаты – жарандарыбыздын салыктык тартибин чыңдоо. Ар бир жарандын товар же кызмат сатып алып, акчалай түрдө эсептешип жатканда чекти талап кылуусуна түрткү берүү. Эгерде элдин баары чекти талап кыса жана аны өзүбүзгө адат кылып алсак, анда бул, албетте, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түздөн-түз жакшы таасирин берет".

Кыргызстанда 1-январдан баштап жаңы Салык кодекси ишке кирген. Салык реформасынын негизги багыттарынын бири катары соода жана кызмат көрсөтүүлөргө көзөмөл-кассалык машинасын жапырт жайылтууну баштаган. Салык кызматынын маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча 45 миң көзөмөл-кассалык жабдыгы иштеп жатат.

"Азия Молл" соода маркетинде кондитердик азыктарды саткан ишкер Эльзада Карасартова жумушунда көзөмөл-кассалык жабдыкты көптөн бери колдонуп келатканын, бирок кардарлар адатта кассалык чекке маани бербей турганын айтууда.

Эльзада Карасартова, сатуучу
Эльзада Карасартова, сатуучу

"Биз ККМди жаңы жылга чейин эле койгонбуз. Бирок, бир дагы киши келип "чек бер" деп талап кылбайт. Тескерисинче, биз берсек "таштап эле коюңуз" деп калтырып кетет. Карта менен төлөгөндөрдүн ККМ чектерин болбой эле пакетине салып беребиз. Биз көптөн бери эле иштеп атабыз, чек сурап келгенин бир да жолу уккан жокмун".

Ушундай эле жоопту аталган маркетте дары-дармек, парфюмерия, тамак-аш, кийим-кече саткан дүкөнчүлөр да айтышууда. Ал эми кардарлардын көпчүлүгү кассалык чекти алуу жана Салык кызматынын лотереясына катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматы жоктугун билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кассалык чектин негизинде лотерея ойнотуу демилгесин 2012-жылдан бери сунуштап келет. 2016-жылы өкмөт бул ишке киришип, байгелерди сатып алууга 9 млн. сом бөлгөн. Бирок, белгисиз себептер менен иш кайра токтоп калган. Бекешев азыркы кызыктыруучу лотерея тууралуу элге маалымат жеткирүү жагы аксап жатканын белгиледи.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты

"Тилекке каршы, салык кызматынын пиар-стратегиясы өтө начар болуп жатат. Себеби, жарандар көбүнчө билбейт, көпчүлүк ишкерлер ККМ чекти бербей жатат. Анда лотерея кассалык чекти берип жаткандар аркылуу эле иштей берет. Андай болгондо биз бюджетти толтура албайбыз. Башка ишкерлерди милдеттендире албайбыз. Менимче, пиар-стратегияны жакшыртыш керек. Анткени, жарандар лотерея тууралуу жакшы билбейт экен. Канча киши тиркемени көчүргөнүн караганда аз эле экен. Негизи 100-200 миң болушу керек, ошондо толук пайда болот. А 5-10 миң, чындыгында, аз эле да".

2022-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы Салык кодексинде кэшбэк механизми киргизилген. Ага ылайык, кассалык чектин суммасынын кайсы бир бөлүгү кардарга кайтарылып берилери жазылган. Бул ыкма жарандык коом тарабынан көзөмөл-кассалык жабдыгын колдонууну көзөмөлгө алууну күчөтөрү белгиленген.

Бул кызыктыруучу лотерея салык кодексиндеги кэшбэк механизминин алгачкы этабы болуп эсептелет. Салыкчылар акциянын жыйынтыгы менен 2023-жылы Кыргызстанда кэшбэк дагы киргизилет деп турат.

Салык кызматынын маалыматында, кассалык жабдыктарды колдонууга киргизүү жана салыктык башкарууну санариптештирүүнүн натыйжасында жыйналган салыктын көлөмү өсүп жатат. 2022-жылдын биринчи кварталында 36 млрд. 383 млн. сом салык чогулуп, коюлган пландан 3,2% ашык аткарылганы жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG