Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

Коомго китеп окуганды үйрөткөн сабак керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалаң компьютер жана санарип менен “оозанган” жаңы муундарды кантип кадыресе китеп сүйүүчүлөргө айландыра алабыз? Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Даби шаарында байырлап жаткан жаш педагог Нурайым Ысмайыл кызынын “Азаттыкка” жолдогон блогу дал ушул көйгөйгө арналган.

“Китеп окубаган өлкөбүз” деп өзүбүздү өзүбүз сындап, жек көрүп, жеригенибизди көп байкайм. Бирок эң маанилүү суроо берилбей келет, эмнеге китеп окубаган элбиз? Бул суроого мен педагог катары төмөндөгүдөй жооп берет элем.

Семён Чуйковдун (1902—1980) "Советтик Кыргызстандын кызы" сүрөтү, 1948, 1950. Мында Орто-Сай кыштагынын тургуну Айжамал Өгөбаева китеп кармап тартылган.
Семён Чуйковдун (1902—1980) "Советтик Кыргызстандын кызы" сүрөтү, 1948, 1950. Мында Орто-Сай кыштагынын тургуну Айжамал Өгөбаева китеп кармап тартылган.


Китепкөй эмес өлкө экенибизди аңдоо оңой. Эмне себептен? Себеби, бизде китеп окуу үйрөтүлбөйт, окутулбайт. Биздин өлкөбүздөгү билим берүү тутумунда “китеп окуу” деген өзгөчө сабак жок.

"Китеп окуу деген да сабак болчу беле?" деп кайра суроо узатышыңыз ыктымал. Балким, “китеп окуу дагы үйрөтүлмөк беле?” деп таң калган чыгарсыз. Мындай мамиленин пайда болушу мыйзам ченемдүү, анткени бизде тилекке каршы, китеп окууну окутуу деген түшүнүктүн өзү да жок эмеспи.

Улуттук китеп казынасы жаш окурмандарды күтөт.
Улуттук китеп казынасы жаш окурмандарды күтөт.


Ушул жерден бир тактоо киргизип койолу. «Китеп окууну окутуу» дегенде, тыбыштарды бириктирип сөздү, сөздөрдү бириктирип сүйлөмдү, сүйлөмдөрдү бириктирип текстти окуган техникалык окууну үйрөтүү эмес, жогорку деңгээлдеги китеп окуу маданиятын окутууну түшүнүшүбүз керек.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн орто билим берүү тутумунда «китеп окуу» сабагы бар. Мисалы, өзүм иштеген америкалык окуу жадыбалы («куррикулум») менен иш алып барган мектептин мисалында айта турган болсом, 1-класстан тарта балдар китеп тандоо, китепке кам көрүү, максаттуу китеп окуу, китеп окуу стратегиялары, окуп түшүнүү стратегиялары, маңыздуу жана максаттуу китеп окууга керектүү таанып-билүү (когнитивдик) жөндөмдөр, түрдүү жанрдагы китептерди окуу, ар бир жанрга тийиштүү окуу стратегиялары деген нерселерди ырааттуу үйрөнүшөт.

Теориялык жактан эле үйрөнүп тим болушпай, балдар күнүнө класста 40 мүнөттөн китеп окуп машыгат. Ар бир класстын өзүнүн китепканасы болот.

Эң кызыгы, болочок мугалимдер өздөрү дагы университеттик деңгээлде "Китеп окуу", "Окуу илими" деген курстарды алышат. Окууну окутууну, аны билим берүүнүн ар бир баскычында баалоону үйрөнүп чыгышат. Окуунун маанисин терең түшүнүп, китеп окуу сүйүүсүнө жетишүүлөрү керек. Анткени китеп окубаган, окууну сүйбөгөн мугалим балдарга кантип китеп сүйүүсүн бере алмак эле?

Сөзүм куру болбос үчүн, өз тажрыйбамдан мисал бере кетейин.

Дубайдагы Америка Университетинде билим берүү боюнча магистратурада окуп жатканда алган сабактарымдын эң унутулгусу, эң пайдалуусу, эң кызыктуусу, инсандык да, кесипкөйлүк жактан да өнүктүргөн – «(Китеп) окуу илими» («Reading Science”) деген сабак болгон. Азыр ошол курстун үзүрүн мугалимдик кесибимде эле эмес, жеке күнүмдүк жашоомдо да көрөм.

Дубайдагы Зайид университетинин китепканасында. 2006.
Дубайдагы Зайид университетинин китепканасында. 2006.


Айтайын дегеним, китепкөй, окумал өлкө болгубуз келсе, "окубас элбиз" деп кейип, аң-сезимдерге биротоло терc мөөр басып коё турган талкуулар менен чектелбестен, бул маселеге болгон көз карашты түп-тамырынан өзгөртүшүбүз керек.

Азыркы акыбалыбыз, жазда үрөн сеппей туруп, күз келгенде такыр талаанын жанына келип алып: "Быйыл буудай чыкпай койду, эгин болбой койду", деген дыйкандын акыбалына окшош.

Андыктан, биз эң алгач китеп окуу маданиятынын үрөнүн себишибиз керек. Башкача айтканда, мектепте китеп окууну окутууну баштообуз зарыл. Ага жараша мугалим даярдоо саясаты жана программалары иштелип чыгышы керек.

Эгер бул саамалык биздин билим берүү системабызга кире турган болсо, анда китепкөйлүк маселеси эле эмес, коомдук сабаттуулукка түздөн түз тиешеси бар бир топ тармактар да алдыга жылат.

Мисалы, мамлекеттик болобу, жеке менчикте болобу, басма иши жанданат. Жазуучулук бааланып баштайт. Китепкөй муундар тарбияланат. Анан акырындап китепкөй, окyмал, чыныгы мааниде билимдүү жарандардын өнүккөн өлкөсүнө айланабыз.

Дүйнөнүн алдыңкы окумал өлкөлөрү бир заматта эле, “сыйкыр таягынын шилтениши” менен окумал болуп калышкан эмес. Же болбосо, ал өлкөлөрдө адамдар китепкөй болуп төрөлүшпөйт.

Жаш педагог Нурайым Ысмайыл кызы. Абу-Даби шаары, БАЭ. 2021.
Жаш педагог Нурайым Ысмайыл кызы. Абу-Даби шаары, БАЭ. 2021.

Алар системдүү жана максаттуу түрдө китеп окууну окушат, китеп окуу ыкмаларын ырааттуу үйрөнүшөт. Алардын окуучу балдары мектепте күн сайын мугалимдин багыттоосу менен китеп окууга машыгышат.

Жыйынтыгында, жарандык коомдо китеп окуунун жогорку маданияты жаралат, калыптанат жана бийик деңгээлде өнүгөт.

Мындай китеп окуу маданиятына жетишүү биздин да колдон келет!

Нурайым Ысмайыл кызы,
билим берүү адиси.
Абу-Даби шаары, БАЭ
.

XS
SM
MD
LG