Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Киреше кумшекер менен нандан артпай калды


Киреше азайып, кымбатчылык күчөгөнү кыргызстандыктар тамак-аштан үнөмдөөгө аргасыз болууда. Мунун кесепети тамактануу сапатын төмөндөтүп калктын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратат. Мындай тыянак БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн жаңы изилдөөдө айтылды.

Аталган изилдөөдө өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки маалыматтар талданган. Эки статистиканы салыштырып караганда, калктын киреше булактары төмөндөгөнү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын, башкача айтканда үй-бүлөлөр жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер баштаган калориялуу азыктарга басым жасап калышканын көрсөтөт.

Маселен, 2019-жылы белокко бай азыктарды үй-бүлөлөрдүн 94 пайызы колдонсо, 2020-жылы күн сайын мындай азыкты 85 пайызы гана колдоно баштаган. Докладдын авторлору белок балдардын өсүшүнө маанилүү ролду ойной турганын белгилеген. Айталы, бойдун өспөй калышы белоктун жетишсиз болгон учурда келип чыгат.

Темирге бай азыктарды күн сайын колдонгондордун саны 50 пайыздан 35 пайызга чейин төмөндөп кеткен. Темир жетишсиздиги көп жылдардан берки эле чоң көйгөй катары айтылып келет. ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы эки жашка чейинки балдардын 26% анемиядан жабыр тартат. Организмде темирдин жетишсиздигинен пайда болгон анемия өз кезегинде төрөлө турган баланын ден соолугуна жана келечегине залакасын тийгизет. Репродуктивдүү курактагы аялдардын 35% анемиядан жабыр тартат. Баланын ден соолугу энесинин кош бойлуу кездеги тамактануусуна түздөн түз көз каранды дейт адистер. Мындан улам Кыргызстанда 2009-жылы ун өндүрүүчүлөрдү продукциясын темир менен байытууну милдеттендирген мыйзам кабыл алынган.

“Акыркы бир жылда Кыргызстанда жашылча-жемиштерди керектөө кыскарды. Бирок нан, кумшекер жана май алда канча көп көлөмдө керектелүүдө. Андан тышкары калориясы жогору деп эсептелген кайра иштетилген тамак-аштарды керектөө дагы өсүп жатат. Тамактануунун мындай өзгөрүшү бир топ көйгөй жаратат. Микроэлементтердин жетишсиздиги, балдардын боюнун өспөй калышы, ашыкча салмак сыяктуу көрүнүштөр күчөйт”, - дейт БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико.

Кыргызстанда 2020-жылдын жазынан тарта коронавирус пандемиясынын фонунда инфляциянын жогорку темпи төмөндөбөй жатат. Баарын да азык-түлүккө болгон баалар кескин өстү. Өткөн жылы азык-түлүк баалары 17,6 пайызга өсүп, калктын реалдуу кирешеси болсо 5,1 пайызга кыскарган.

“Учурда негизги азык-түлүктүн баасы, анын ичинде эт, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктарына болгон баа 18,8 пайызга өстү (2021-жылдын январь-август айларын өткөн жылга салыштыргандагы баа). 2021-жылы, инфляциянын деңгээли жогору болгондуктан шаар жана айылда жашаган үй-бүлөлөрдүн 97 пайызы азык-түлүккө баа жогорулаганы чоң көйгөй экенин белгилешкен. Бул жагдай, пандемия жакырчылык жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир этип, экономикалык соккулар үй-бүлөлөрдүн кирешесин (киреше булактары азайганы) төмөндөткөнүнөн кабар берет. Натыйжада, пандемия азык-түлүк сатылган базарларга (мисалы, товарды камсыздоодогу маселелер) түз таасир этпестен, калкка азык-түлүк жеткиликтүү болбой калды. Жогоруда айтылган кыйынчылык менен күрөшүү үчүн калктын 44 пайызы азык-түлүккө сарптаган каражатты кыскартты”, - деп айтылат изилдөөдө.

Былтыр жакырчылыктын деңгээли 20 пайыздан 25,3 пайызга чейин өскөн. Калктын дагы сегиз пайызы жакырчылыктын чегинде турат. Дүйнөлүк банктын маалыматында дээрлик 2,2 миллион кыргызстандык күнүнө 96 сомго жашайт деп айтылат. Бул деген 1.1 АКШ доллары!

Эл аралык республикалык институттун (IRI) сентябрь айындагы сурамжылоосунда кыргызстандыктар биринчи жолу өлкөдөгү негизги көйгөй катары кымбатчылыкты аташкан. Адатта жумушсуздук биринчи планга чыкчу.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен азык-түлүккө болгон баа Кыргызстанда тездик менен өсүүдө. Ушул жылдын октябрында 2020-жылдын декабрына салыштырсак, азык-түлүк баасы 9,4% кымбаттаган.

Изилдөө көрсөткөндөй, азыр кирешенин дээрлик баары эле тамак-ашка короп жатат. 2016-2019-жылдар аралыгында жакыр жашаган үй-бүлөлөр тапкан акчасынын 60 пайызын азык-түлүккө жумшаган. Үй-бүлө кирешесинин көбү азык-түлүккө короп, маанилүү деп саналган башка чыгымдарга каражат калбайт. Бул жакырчылыктан чыгууга тоскоол болууда.

COVID-19 пандемиясы терең экономикалык кризиске алып барып, социалдык-экономикалык терс соккулар ар түрдүү жолдор менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратты деп айтылат изилдөөдө. Канчалык колу жука болсо, тамак-ашка ошончолук көп каражат кетет. Бул азык-түлүктүн санына да, сапатына дагы таасир этет.

“Азык-түлүктүн баары эле кымбаттап жатат. Биз акыркы жолу банан жана башка жемиштерди качан сатып алганыбыз эсимде жок. Зарыл эсептелген азык-түлүктү гана алууга аргасызбыз. Тамак-аш үчүн эле иштеп жатканыбыздай сезилет”, - деп даттанат Бишкектин тургуну Жибек.

2019-жылы өлкө калкынын дээрлик жарымы (46%) күнүнө 2100 калорийден аз тамактанып, туура тамактанууга каражаты жетишсиз болгон. Албетте, 2020-жылы кырдаал ого бетер начарлап кетти.

“Маанилүү анализ калктын азык-түлүк коопсуздук менен туура тамактануусуна пандемия кандай терс таасир эткенин так көрсөтөт. Ошондой эле баяндамада азык-түлүк коопсуздугу аксаган учур менен туура эмес тамактуу жакырчылыкка тыгыз байланышта экенин аңдайсыз. Аялуу тургундарга жана жалпы өлкөгө COVID-19 пандемиясынан чыккан социалдык-экономикалык кесепеттерден толук арылуу үчүн олуттуу чаралар көрүлүп, өкмөттүн социалдык коргоого болгон иш-аракеттерин күчөтүү керек”, - дейт Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Майкл Хаггинс.

Жакырчылыктын негизги себеби - тамак-аштын жетишсиздиги жана начар тамактануу. Бул ден соолукка зыян келтирет, физикалык акыл жөндөм (когнитивдик) жактан өнүгүүгө доо кетирет. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттери азык-түлүк коопсуздугу жана туура эмес тамактанууга байланыштуу кейиштүү айлампаны токтотуу үчүн бир нече чаралар сунуштаган.

Анда негизинен туура тамактануу боюнча эффективдүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө сунуштар берилген. Ошондой эле социалдык коргоо менен азык-түлүк системалары ортосундагы тармак аралык байланышты күчөтүү, жарандарга туура тамактануу, анын ичинде микроэлементтердин жетишсиздиги тууралуу маалымат жеткирүү, санариптик каттоо жана жардамды бөлүштүрүүдө так механизмдер сыяктуу кадамдар бар.

Ошондой эле кризистен кийинки калыбына келтирүү мезгилинде калктын кирешелерин жогорулатууга, иш менен камсыз кылууга, эмгек потенциалын жогорулатууга багытталган социалдык коргоо программаларын жана жакырчылыктан чыгуу боюнча комплекстүү программаларды ишке ашыруу сунушталды.

Бул жылы Кыргызстанда азык-түлүк маселеси өтө курч болуп турат. Ал тургай өлкөдө базалык азык-түлүктөр дагы тартыш болуп калышы мүмкүн. Быйылкы жылы Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда кургакчылык болуп, сугат маселеси жаралып, көпчүлүк дыйкандар жакшы түшүм албай калды. Коңшулаш Казакстанда кургакчылыктан тоют жок болуп, мал-жандык кырылды. Кыргызстан мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салган.

Алдыдагы кышка азык-түлүк запасын камдап алуу үчүн бюджеттен 1,5 млрд. сом каралып, буудай өсүмдүк майына жана кумшекерге каражат бөлүнгөн. Буудайдын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгы бир жылга токтотулган. Тыштан мал алып келүүгө да жыл аягына чейин кошумча нарк салыгын салбоо тууралуу чечим чыккан.

Өлкө президенти Садыр Жапаров азык-түлүк коопсуздугу менен ЕАЭБдин деңгээлинде күрөшүү натыйжалуу болот деп эсептейт. Ал 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында бул боюнча маселе көтөргөн.

“Акыркы мезгилдерде биримдиктин өлкөлөрү азык-түлүктүн же ашыкча өндүрүлүп, же жетишсиз болуп жатканына тушугуп атат. Тилекке каршы, бизде мындай көрүнүштөргө таасир этүүчү механизмдерибиз жана рычагдарыбыз жок. Бүгүнкү күндө биримдикке кирген ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнчө механизмдерин түзүп жатат. Бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келүүдө. Ошону менен бирге ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү менен потенциалы эске алынбай келет”, - деген Садыр Жапаров.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG