Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

“Меганын" баасы бычылды, өкмөт өзү алгысы келет


“Мега” компаниясынын эн белгиси.
“Мега” компаниясынын эн белгиси.

Мамлекеттик "Альфа Телеком" (мурдагы "Мегаком", азыркы "Мега" мобилдик байланыш компаниясы) ишканасы 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка чыкты.

Бийлик "Мегакомду” кайра эле бир жыл мурда түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып аларын билдирди. Буга чейин журналисттер "Мегаком" ишканасын сатуу аракетиндеги Максим Бакиевдин караанын иликтеген.

“Меганы" өкмөт өзүнө-өзү сатууга кызыкдар

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сайтындагы маалыматка ылайык, 14,6 миллиард сомго бааланган "Мегакомду” сатып алгысы келгендер 4-июлдан, 2-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл. Аукциондун шартында ким жогорку баа сунуштаса, ошол катышуучуга сатылат. Ошондой эле бир эле катышуучу болуп калса, аукцион өткөн жок деп эсептелет.

Бирок кирешелүү компания мамлекеттин эле карамагында каларын, тактап айтканда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып аларын бийликтин бир нече расмий өкүлдөрү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Себеби, социалдык тармактарда кирешелүү компаниянын сатылып жатканын сындаган пикирлер айтылууда.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Мегаком" сатылса деле мамлекет карамагында каларын билдирди.

"Мамлекеттин "Альфа Телекомго" байланыштуу пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошууну улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө",-деп жазды Султанбаев.

“Сол чөнтөктөн алып, оң чөнтөккө салат”

Бийлик буга чейин эле “Мегаком” ушул банкка сатыларын билдирген. “Альфа Телеком” жана аны сатып алууну пландап жаткан Мамлекеттик өнүктүрүү банкы дагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун карамагында.

Мындан улам коомчулукта мамлекеттин ишкананы кайра эле мамлекеттик банк эмнеге сатып алып жатканы боюнча суроолор жаралууда.

Жарандык активист Шайырбек Маматокторов мындай көрүнүш күмөндүү ойлорду жаратууда деди.

“Мамлекет өзүнөн-өзү сатып алганынын мааниси эмне? Ушуну түк түшүнбөдүм. Сол чөнтөктөн алып, оң чөнтөккө салганда сумма өзгөрбөйт. Ошондуктан бул жерде кызыкдар адамдар колуна алышы мүмкүн. Тажрыйбада Ширшов сыяктуулардын мамлекетке кылган зыянын көргөнбүз. Ушундай сөздөр болгондон кийин сатылбаганы эле туура болмок”, - деди Маматокторов.

“Мега” компаниясынын баасы апрель айында эле бычылган. Ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев сатууга каршы экенин айтып чыккан.

“Кыскасы, мамлекеттик ишкананын баасы бычылды. Мен комиссиянын мүчөсү катары “каршы” добуш бердим. Бул баага байланыштуу эмес. "Мегакомду" сатууда күмөндүү иштерге аралашкан Ширшовдун жакындары жүрөт. Ширшовдун колуна "Мегакомду" карматканы турабыз”, - деген Акаев.

Фондун түшүндүрмөсү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Канатбек Тургунбеков микрофон сыртында "Мегакомдун” сатылып жатканынын себебин түшүндүрүүгө аракет кылды.

Анын айтымында, “Альфа Телеком” ишканасын Мамлекеттик банкка түз өткөрүп берүүгө мыйзам жол бербейт. Тургунбеков "Мегакомду” сатып алуу үчүн Мамлекеттик өнүктүрүү банкына казынадан акча бөлүнөрүн айтты.

Фондун жетекчисинин пикиринде, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы "Мегакомду” кармагына алгандан кийин банктын сырттан инвестиция тартууга мүмкүнчүлүгү кеңейет. Башкача айтканда, банктын инвесторго ишенич жараткан баалуу активи пайда болот.

Тургунбеков "Мегакомду" сатууда эч кандай шектүү жагдайлар жок экенин, эч ким аралашпаганын айтууда.

“Азаттыкка” комментарий берген Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү Замир Бугубаев “Мегаком” башка ишкерлерге дагы сатылып кетиши мүмкүн экенин четке какпайт.

“Эмнеге аукцион ыкмасын тандадык? Компаниябы, жеке адамдарбы же эл аралык деңгээлдеги компаниялар болобу, ким көбүрөөк акча сунуштаса, ошол сатып алат дегенди максат кылдык. Казынага көбүрөөк акча түшүрүү максаты бар. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алат деген да жагдай бар. Анткени банктын менчик формасы жеке жак болуп эсептелинет. Аларга мамлекеттин бекер берип койгону мыйзамга туура келбейт", - деди Бугубаев.

"Саан уйду" сатуудагы Максим Бакиевдин карааны

Үч ай мурда “ПолитКлиника” басылмасы “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлардын иликтеп, анда Максим Бакиевге байланышы бар адамдар тууралуу баяндайт.

Кыскача айтканда, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ошол кездеги жетекчиси Евгения Судецдин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын чечмелеген. “ПолитКлиника” “Мегаком” кайрадан эле Максим Бакиев менен байланышы бар адамдардын колуна туш болууда”, - деп жыйынтык чыгарат.


Бул маселе парламентте дагы көтөрүлүп, Евгения Судец кызматтан кеткен. Ал жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп, өзүнүн жана жолдошунун Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланышы жок экенин айткан.

Анткен менен “Азаттыктын” журналисттери расмий базалардагы маалыматтарды изилдеп, анын үй-бүлөсүнүн Максим Бакиев, Алексей Ширшов чөйрөсүндөгү чаташкан издерин көрсөтүп берген.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бир жыл мурун түзүлүп, аны кыргыз жарандыгын жакында эле алган Евгения Судец башкарып турган. Каржы министри Алмаз Бакетаев банктын баштапкы капиталы 2 миллиард сом болорун билдирген.

"Маалыматтык коопсуздук" маселеси

"Мегаком" 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин улутташтырылып, кийин ага байланыштуу бир нече соттук териштирүүлөр болду.

“Мегакомдун” сатылышы тууралуу демилгелер бардык бийликтин тушунда көтөрүлүп, талаш-тартыш менен коштолуп келген. Азыркы президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөндө ишкананын сатылышына каршы пикирлерин айтып келгени белгилүү.

Президент Садыр Жапаровдун тушунда алгач Улуттук банк сатып алары айтылып, кийин банк жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев сатып албай турганын так кесе айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Мега” компаниясы боюнча буларга токтолду.

“Негизи жеке менчик компанияларга сатыш керек. Бирок, ошол эле кезде мамлекеттин аркандай жараяндарына катышкан “Мегакомдо” купуя маалыматтар бар. 50% болсо дагы мамлекетте калтырыш керек”, - деди эл өкүлү.

"Мегакомдун" кирешеси

Жакында эле "Мега" деп аты өзгөртүлгөн "Альфа Телеком" ишканасы өкмөттүн туруктуу киреше тапкан компанияларынын бири. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун акыркы маалыматы боюнча 2017-жылдан 2023-жылга чейин байланыш компаниясы казынага жалпы 20 млрд. сомдой акча төктү.

Алты жылдын (2017-2022-жылдары) ичинде 2022-жылы эң көп салык катары 1, 167 млрд. сом, дивиденд катары 826 млн. сом төлөдү. Ал эми эң азы 2020 - жылы 392 млн. сом салык, 362 млн. сом дивиденд берди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG