Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:45

"Кетебиз го деп чочулашты". Орусиядагы кырдаалдын мигранттарга таасири


Москва. 24-июнь, 2023-жыл.
Москва. 24-июнь, 2023-жыл.

Орусиядагы соңку кырдаалдан улам Кыргызстанда рублдин куну төмөндөп, кайра турукташууда. Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кескин кымбаттады. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги мигранттар арасында чочулоо болгонун, бирок мекенине жапырт кайтып кеткендер жок экенин билдирди.

Ал тапта Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү өткөрүлгөн “Нелегал-2023” аталган рейд аягына чыкты. Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турат.

"Кетебиз го деп калганбыз"

Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” басылды. Бирок эки күндүк окуялар орус рублинен тартып, авиабилеттердин баасына чейин таасирин тийгизди.

24-июнда Москва шаарында, Москва облусуна жана Воронеж облусуна контртеррордук операция режими киргизилгени кабарланган. Бул жергиликтүү тургундар менен катар эле мигранттарды да катуу чочулатты дейт кыргызстандык мигрант Нургазы Алимбеков.

"Эки-үч мигрант мага чалды: "Эмне кылабыз? Билет алып дайындана берелиби?" деп. Кечке чейин жаңылыктарды карап туралы дедим, анан кечинде эле "Пригожин артка кайтты" деген жаңылык чыгып калды. Москванын жашоочулары аябай коркту. Балдарын дачаларга, Красноярск, Новосибирск шаарларына жөнөтүшкөнүн айтып жатышты. Кечээ метродо чемодан сүйрөгөндөр көп болду, себеби Москванын чет жагына чыгып кетүүнү көздөштү окшойт. Менин таашынтарым деле мага чалып атышты: "Нургазы паспортуңду жөнөт, биз сага билет алып коелу, Новосибирскке учасың" дешти. Бирок ага чейин жаңылык чыгып калды. Бүгүн Москванын кадимки жашоосу уланып жатат".

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков мигранттар арасында чочулоо болгонун, бирок мекенине жапырт кайтып кеткендер жок экенин билдирди.

"Акыркы болгон кырдаал жөнгө салынды. Кечээ кичине чочулоо болгон. Элчилик диаспоралар менен иштеп мигранттарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырдык. Воронеж жана Ростовдогу диаспоралар менен сүйлөшүп турдук, ал жакта деле тынч болду. Болгону студенттердин Кыргызстандагы ата-энелери кичине тынчсызданып турду. Студенттер менен дагы иштештик. Массалык Кыргызстанга кайтып жаткандар, же коркуп кеткендер болгон жок. Негизи мындай эле кетип жатат. Анткени жайында Кыргызстанга кеткендер көп болот", - деди Жолдошбеков.

24-июнда Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кескин кымбаттап кеткени айтылган. Aviasales ресурсундагы маалыматка ылайык, Москвадан Бишкекке жана Ошко 24-25-июнда уча турган авиакаттамдардын эконом класстагы билети 60 миң рублден ашкан. Ал эми Bookit порталы 24-июнда уча турган Москва-Бишкек каттамындагы авиабилеттин баасы 77 миң сомго жеткени көрсөтүлгөн. Буга чейин алардын баасы 10500-16 миң сом болчу.

Москва шаарында авиа билет сатып иштеген Айнуска Айбек кызы билеттер убактылуу көтөрүлүп кайра ордуна келгенин айтууда.

"Ооба, кечээ билеттин баасы көтөрүлүп кайра турукташты. Сурагандар көп болду. "80 миң болуп кетиптир го, кандай кылабыз" деп жатышты. Бирок алган жок. 2-3 сааттан кийин кайра ордуна келип калды".

Ал тапта Орусиядагы акыркы кырдаалдан улам, Кыргызстанда орус рублинин куну арзандап, кайра турукташа баштады. 24-июндагы көпчүлүк банктардын расмий сайтындагы маалыматтарда, орус рублин 78-90 тыйындан сатып алары жазылган. Андан мурда орус валютасын сатып алуу курсу 1 сомдон жогору турган эле. Ал эми 25-июндан тарта рублдин куну кайра калабына келе баштаганы байкалууда.

"Азыр Кыргызстанга акча жөнөтөйүн десем рубль түшүп кетиптир, 90 тыйын болуп калыптыр. Эми күтүп турат окшойм. Бул көрүнүш өтүп кетет деп ойлоп жатам, кудай сактасын. Албетте, иштеген акчаң арзыбаган тыйын болуп жатса жагымсыз экен. Бирок азыр бул жак тынч эле. Орусия чоң держава, бир нерсе болуп кетет деп ойлобойм", -дейт Москвадагы он жылдан ашуун тигүү тармагында эмгектенген кыргызстандык Зухра Мураталиева.

"Нелегал" рейди аяктады​"

Москва. 24-июнь, 2023-жыл.
Москва. 24-июнь, 2023-жыл.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” аттуу рейд өткөрүлдү. Иш-чара март айында ЖККУга мүчө өлкөлөр менен макулдашылганы маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган.

Үч жылдан бери Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандык мигрант жакында эле соттун чечими менен депортация болгон. Ал жеке коопсуздугунан улам ысымын ачык атабоону суранды. Мекендешибиздин айтымында, Москванын полициясы мигранттардын документи бар-жогуна деле карабай кармаган учурлар бар.

"Мен депортация болгон учур 2022-жылы 28-декабрь болчу. Каттоом базадан чыкпай калыптыр. Ошол учурда келинчегим экөөбүздү милиция кармап, келинчегимдин аты базадан чыккан. Меники чыкпай калган. Анан мени түз эле сотко алып барды. Ага чейин эч кандай айып пул алган эмесмин, документтерим бүт толук бойдон жүрчүмүн. Азыр текшерүү аябай катуу жүрүп жатат, документ туурабы туура эмеспи, беш миң рубль айып пул салууда. Депортация кылып салгандар да болууда".

Анын айтымында, Москвада убактылуу каттоого тургузуу үчүн кызматын сунуштаган ортомчу адамдар көбөйгөн. Алар бир бөлмөлүү батирге эле 10дон 20га чейинки адамдарды каттоого тургузган. Бирок аларды каттаган мамлекеттик мекеме көп өтпөй каттоону жокко чыгарып салууда. Мындан улам мигранттар кайсы учурда каттоосу жокко чыгып кеткенин билбей жатышат.

Ушундай эле окуяга дагы бир мигрант Атай Кеңешов дагы кабылганын айтып берди.

"19-июнда эртең менен милиция келип батирден бизди кармап кетишти. Ал жакта 8 саат отурдук окшойт. Мурун деле ушинтип кармалганбыз, бирок анда акча берип чыгып кеткенбиз. Бул жолкусунда такыр болбой койду. Баягы эле каттоо маселеси, базадан чыкпай калат. Батирде жашаган жерде эч ким каттоого коюп бербейт".

Ал эми Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков жапырт кармоолор мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин, маселе каттоо менен эле эмгек келишиминде болуп жатканын айтууда.

"Бул Орусиянын пландуу иш-чарасы. "Нелегал" деген рейди бүгүн аяктады. Мигранттар бул жакка келгенден кийин өзү жашаган батирге каттоого туруп анан иштеген жери менен келишим түзүшү керек. Болгону ушул эки талап мигранттарга. Москвада эмнеге мындай маселе болуп жатат, анткени бул жакта батир кымбат. Анан бир үй-бүлө батирге чыгып башкаларды келишими жок эле киргизип алат. Албетте, биринчи кирген адам мыйзамдуу калганы мыйзамсыз. Же ортомчулардан жасалма каттоо жасайт, ал базада жок. Биздин жарандар айылдан келгенден кийин ал нерсени көп биле бербейт. Анан батирдин ээлери каттоого тургузбайт дейт. Анткени биздикилер 10 кишини киргизип алып, жатакана кылып салып атса бербейт да. Ортомчуларды деле мигранттар билет, биз аларга кайрылбагыла деп дайыма айтып келебиз".

Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG