Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Кесиптик кошуундагы бүтпөгөн чыр, бийликтин сыны


Садыр Жапаров "Жыргалаң" санаторийинде көчмө жыйын өткөрдү. 10-сентябрь, 2023-жыл.
Садыр Жапаров "Жыргалаң" санаторийинде көчмө жыйын өткөрдү. 10-сентябрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин кескин сынга алып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүүнү тапшырды. Федерация жетекчилиги өз дарегине айтылган сындардын айрымдарына жооп кайтарды.

Президенттин сыны

10-сентябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Жыргалаң санаторийинин толук оңдоодон өткөн абалы менен таанышты.

Санаторийдин аймагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка кабинет мүчөлөрүнүн, фракция лидерлеринин, кесиптик кошуундардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын курду.

Садыр Жапаров 1995-жылдан бери оңдолбогон санаторийдин мурдагы абалы менен азыркы абалын салыштырып, көчмө жыйынга келген Профсоюздар федерациясынын жетекчилигин жана мүчөлөрүн кескин сынга алды:

"Былтыр силерге 550 млн сом бюджеттен бергенбиз, быйыл дагы профсоюз тармагына 600 млн сом алганы жатасыңар. Бул элдин, биздин мамлекеттик бюджеттен силерге түшкөн акча. Ошону талап-тоноп, жеп жатасыңар. Бир тыйын салбапсыңар. Финансисттер эсептеп мага берди, колумда турат. 30 жылда 6 миллиард сом алыпсыңар. 6 тыйындык имарат салып койбопсуңар. Эмнеге 29 киши биригип алып башка кишилерди киргизбей, башчы коёбуз деп жатасыңар? 6,5 миллиардды талап-тоноп жеп жүрүпсүңөр. Бийлик талашканыңардын болгон сыры ошол экен".

"Жыргалаң" санаторийиндеги көчмө жыйын. 10-сентябрь, 2023-жыл.
"Жыргалаң" санаторийиндеги көчмө жыйын. 10-сентябрь, 2023-жыл.

Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагындагы 284 объектинин 134ү мыйзамсыз сатылганын айтып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээттештирип, мамлекетке кайтаруу ишин баштоону тапшырды.

Министрлер кабинетине Кесиптик кошуундар федерациясы менен алардын иштөө принциптерин кайра карап чыгуу, санаторий-курорттук жана туристтик объектилерди заманбап абалга келтирүү үчүн биргелешкен иш-аракеттердин планын белгилөө, жолдомолорду бөлүштүрүү принцибин кайрадан карап чыгууну табыштады.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Кесиптик кошуундар федерациясына жыл сайын мамлекеттен 600 млн сомго жакын, акыркы 30 жылда жалпысынан 6,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары 2021-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жыл сайын 5 млн сомдон балдар лагерлеринде эс алган жеткинчектердин ден соолугун чыңдоого каражаттар бөлүнүп турган.

"Бийликтин кандидаты иштеп келген"

Деген менен кесиптик кошуундун айрым мүчөлөрү президенттин кээ бир сөздөрүн четке кагууда. Алардын бири Элдияр Карачалов мындай деди:

"Президент айткан сөздүн чындыгы бар. Бирок 2012-жылдан баштап бийлик тараптан дайыма бир талапкер түртүлүп, мүчөлөрдү кыйнап-кыстап алып барышат. Бийликтин талапкери талкалай берсе, ал жаман эмес эле профсоюз жаман болуп калабы? Өздөрү коюп алып, өздөрү жамандаганы туура эмес. Президент көрсөтүп жаткан санаторийлердин абалы чынында эле мышык ыйлагыдай. Аны туура айтып жатат. Чындап эле жеген кишилерди "жеди, ичти" дей бербей, козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруу керек. Ошол эле Кызаевдин кылмыш иши бар. Ал эмнеге токтоп турат?".

"Эс алууга кеткен акчаны ремонтко жумшай албайбыз"

Карачалов кошумчалагандай, президент айтып жаткан 550 миллион сом - 2020-жылы пандемияда берилбей калган акчадан чогулган сумма.

Бул акча бир гана кошуундун мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоого кете турган каражат экени жана ремонт иштерине жумшалса, мыйзам бузууга жатарын айтты.

Мындай пикирди Жыргалаңдагы иш-чарага катышкан Профсоюздар уюмунун жетекчисинин орун басары Рысгуль Бабаева дагы ырастап, кыскача жооп берди:

"Эми ал жерде шарт түзбөйсүңөрбү деген сөз болду. Анан мен ошол жерден эле жооп бербедимби. Элдин эс алуучу фондунан биз ремонтко жибере албайбыз, ал бир гана жолдомолорго гана кетет дедим".

Буга чейин Кесиптик кошуундун ишине бир топ нааразы пикирлер айтылып келген. Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия түзүлүп, жыйынтыгын жарыялаган.

Комиссияны жетектеген депутат Шайлообек Атазов профсоюзга тиешелүү объекттердин тең жарымы сатылып кеткенин айткан.

Объекттерди мыйзамсыз алган жөнөкөй адамдар эмес, профсоюздун мурдагы жетекчилери, таанымал министрлер, губернаторлор жана депутаттар экенин билдирген.

Атазов 11-сентябрда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында сүйлөп жатып, Профсоюздар федерациясы аны сотко бергенин билдирди:

Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

"Ички мафия профсоюз жетекчилери болгон. Мына азыр мени, Чолпон Алиевнаны, дагы бирөөнү сотко бериптир, бизди текшерип жатасыңар деп. Эми буларды прокуратура, милиция карабаса, анан эл өкүлдөрү элдин байлыгын кайтарып жатсак, ушундай бет тырмалык кылып жатат".

Атазов айткандай эле, Кесиптик бирликтер жеке жак болгондуктан алардын ишине мамлекет көзөмөл жүргүзө албайт.

Кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамдын 4-беренесинде "бийлик органдарына, жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчёт бербейт жана алар тарабынан көзөмөлдөнбөйт" деп жазылган.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

"Мүлктөрдүн тагдыры күмөн жаратат"

Журналист Назгүл Мамытова кесиптик кошуундун менчикке өтүп кеткен объекттеринин тагдыры күмөн жаратууда деген пикирде.

Назгүл Мамытова
Назгүл Мамытова

"Негизи президенттин профсоюздар уюму тууралуу айтканынын чындыгы бар. Булар ич ара бир пикирге келе албай ызы-чуу болуп келет да. Бирок профсоюздарга тиешелүү мүлктөр кандай жол менен кетет, аны кайра эле ич ара менчиктештирип алабы, тагдыры кандай болот - ошол жагы күмөн".

Президент кесиптик кошуундун жетекчилерин кескин сындаган видеолор социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Кесиптик кошуундун бүтпөгөн чырлары

Буга чейин да кесиптик кошуунга байланыштуу бир топ окуялар катталган. Эркин журналист Ыдырыс Исаков ушул жылдын июнь айында Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыгарган.

Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилип, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот. Тасманы тартуу учурунда Ош пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чаап жиберген. Коомчулук журналистке ыдык көрсөткөн окуяны кескин сындаган.

2022-жылдын апрель айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрликтин карамагындагы мекемелердин кызматкерлеринин жыйынын уюштуруп, Кыргызстан профсоюздар уюмунан чыгууга, өз алдынча саламаттык сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин укугун коргоо үчүн түзүлгөн уюмга кошулууга чакырган. Ал мындай кадамын бул тармакта иштеген кызматкерлердин укугу жетиштүү деңгээлде корголбой жатканына жана соттук териштирүүлөргө да профсоюз уюмдары катышпай жатканына байланыштырган.

Кыргызстандын кесиптик кошуундар уюму 1922-жылы түптөлгөн. Мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек укуктарын коргоо үчүн деп түзүлгөн, көптөгөн мүлккө ээ болгон бул уюмдун баштапкы жана тармактык бирикмелери Советтер Союзу маалында активдүү иштеп турган. Ар бир жумушчунун эмгек акысынан профсоюздук эсепке милдеттүү түрдө мүчөлүк акы төлөнүп келчү. Өлкө эгемендик алып, рынок мамилесине өтүп, жеке ишканалар пайда болгондон кийин анын таасири азайган.

Соңку бир нече жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.

Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов 2022-жылы 2-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан кармалган.

Ага "ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү акчаны өздөрүнө ыйгарып алуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголгону кабарланган. Буга чейин Кесиптик кошуундар бирлиги эмгекчилердин укугун коргобой эле мүлкү менен мүчөлүк акысын талап-тоногон уюмга айланып калганы тууралуу сөздөр айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG