Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:23

“Кең Алтай” долбоорунун илимий шеринеси


Кыргыз археологу, КТМУнун профессору Кубатбек Табалдыев баяндоодо. Барнаул. 19.10.2023. (З.Садырованын сүрөтү).
Кыргыз археологу, КТМУнун профессору Кубатбек Табалдыев баяндоодо. Барнаул. 19.10.2023. (З.Садырованын сүрөтү).

Орусиянын Алтай аймагында тарыхчы, алтай таануучу, түрколог жана славян таануучулардын илимий шеринеси өткөрүлүп жатат.

Бейшембиде (19-октябрда) Орусиянын Алтай чөлкөмүнүн борбору Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде “Тарыхтагы жана азыркы замандагы славян жана түрк элдеринин биримдиги” аттуу III Эл аралык алтай таануу шеринеси (форуму) расмий ачылды.

Алтай таануучу, түрколог, кыргыз таануучу, славян таануучу, тарыхчы, археолог, этнограф, тилчи ж.б. илимпоздордун бул эл аралык жыйынына Евразия өлкөлөрүнүн 40тай университетинен 300гө жакын илимпоздор катышууда.

Алардын арасында Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн илимпоздору бар.

Бул шеринени Алтай мамлекеттик университетинин “Кең Алтай” илимий-таалим борбору уюштурууда.

Шериненин расмий ачылыш аземинде Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбек уулу Касмамбетов куттук сөз менен чыгып сүйлөдү.

Ал эми пленардык жыйында кыргыздын белгилүү археологу, КТМУнун профессору Кубатбек Шаки уулу Табалдыев кыргыз археологиясынын соңку ачылыштарына байланыштуу илимий баяндама жасады.

Жыйынга Кыргызстандан бир катар илимпоздор катышып жатышат. Алардын арасында Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси, укукчу жана тарыхчы Бекбосун Ишенбек уулу Бөрүбашов, тилчи Канат Садыков, тарыхчылар Жамыйкат Өмүрова, Замира Садырова, Кубатбек Табалдыев, дубандардан - Жеңишбек Дүйшеев, Нуржамал Мырзабаева, Т.Т.Омошов, А.С.Калиев, Н.А.Кадыров, К.У.Таиров ж.б. бар.

Шерине маалында “Кең Алтай” илимий-таалим борбору даярдап жаткан көп томдуктун “Түрк дүйнөсү VI–XII кылымдарда” деген аталыштагы алгачкы томунун бет ачары өткөрүлдү.

Жети башка өлкөнүн (Азербайжан, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркиянын) изилдөөчүлөрү биргелешип жазган бул томдукка кыргызстандык 8 тарыхчы жана түрколог илимпоз калемдеш катары катышкан.

Шерине өз ишин жума күнү (20-октябрда) жыйынтыктамакчы. (TT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG