Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Казакстандагы кризис Орусия менен Кытайды жакындатты


Орус президенти Владимир Путин менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Бразилия, 13-ноябрь 2019-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Бразилия, 13-ноябрь 2019-жыл.

Эл аралык эксперттер Казакстандагы нааразылык жана тополоң Кытай менен Орусиянын дагы жакындашуусуна жол ачканын айтышууда.

Кытай менен Орусиянын саясий өнөктөштүгү тереңдеген сайын эки өлкөнүн Борбор Азиядагы бири-бирине атаандаш кызыкчылыгы ортодогу жылуу мамилеге кедергисин тийгизүүчү фактор катары каралып келген.

Москва аскердик чөйрөдө региондогу негизги оюнчу деп саналса да, соңку жылдары Бээжиндин Борбор Азиядагы коопсуздук тармагына аз-аздан аралаша баштаганы чөлкөмдө болжолдуу тирешти жана атаандаштыкты жаратып койгон.

Кытай миллиардаган доллардык "Бир алкак - бир жол" инфраструктуралык долбоору менен кошо чөлкөмдө бейрасмий аскердик тозотторду ачып, машыгууларды күчөткөн.

Бирок талдоочулар Кытай менен Орусиянын коңшулаш Казакстандагы башаламандыкка жасаган мамилеси эки өлкөнүн дагы жакындашуусуна жол ачканын айтышууда. Алар бул жагдай эки держава чукул өзгөргөн кризисте бири-бирине канчалык сабыр көрсөтө аларын күбөлөгөнүн белгилеп жатышат.


"Казакстандагы кризис Кытай менен Орусиянын Борбор Азиядагы алакасы абдан туруктуу экенин далилдеди. Алардын ортосундагы багыттоону талап кылган бир топ оор маселелер жана потенциалдуу көйгөйлөр бар. Алардын соңку аракети Бээжин менен Москванын байланышы канчалык узак мөөнөттүк экенин көрсөттү", - деп билдирди Варшавадагы Чыгыш изилдөө борборунун улук изилдөөчүсү Якуб Якобовски.

Казакстандагы окуялар 2-январда суюлтулган газдын баасын арзандатууга чакырган акциялар менен башталган. Нааразылык тез арада өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылып, демонстранттар тездик менен социалдык экономикалык шарттарды жакшыртууну жана дагы инклюзивдүү саясий система түзүүнү талап кылышкан. Айрым аймактарда демонстрациялар тополоң жана башаламандык менен коштолгон.

Казак коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар жана мародерчулук президент Касым-Жомарт Токаевдин Москва үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурашына жана орус аскерлери көпчүлүктү түзгөн бир нече миң аскердин Казакстанга келишине жол ачкан.

Өлкөнүн элитасынын ичиндеги карама-каршылык Казакстандын бийлик сересиндеги жогорку жетекчилердин кызматтан кетишине да себепчи болду. Маселен, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетип, ага лоялдуу делген Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Карим Масимов кызматтан алынды. Масимовго "чыккынчылыкка барган" жана "төңкөрүш жасоого аракет кылган" деген айып коюлуп жатат.

Казакстандын мурдагы премьер-министри, соңку күндөргө чейин Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп келген Карим Масимов.
Казакстандын мурдагы премьер-министри, соңку күндөргө чейин Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп келген Карим Масимов.

Аналитиктердин айтымында, Казакстанда буга чейин болуп көрбөгөн мындай кризис жана андан кийинки өнүгүүлөр көпкө чейин созулчу кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана Бээжин менен Москванын кийинки карым-катышына да таасирин тийгизиши ыктымал.

Кремл аскерлерин киргизип, Токаевди колдоо аркылуу өзүнүн стратегиялык чарбагында коопсуздукту камсыз кылуучу негизги оюнчу экенин көрсөттү жана ансыз да чоң саясий таасирин күчөттү.

Ал эми Казакстандын бийлигиндеги Бээжин менен негизги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген Назарбаев жана Масимов сыяктуу таасирдүү жетекчилердин бийликтен четтетилиши менен Кытайдын бул өлкөдөгү таасири азайышы ыктымал.

Мындай өзгөрүүлөргө жана болжолдуу чыңалууга алып келүүчү жагдайларга карабастан Бээжин менен Москва Казакстандагы кризисти бири-бирин дагы көбүрөөк колдоо үчүн колдонушту.

"Экөөнүн тең Борбор Азиядагы туруктуулукту сактоо деген чоңураак максаты бар. Кытай Орусиянын ордун басайын деген жок. Бээжиндин глобалдык деңгээлде Борбор Азияда өзгөчө оюнчу болуудан да маанилүүрөөк маселелери бар. Бээжин Москванын дымагын урматтайт", - деди эксперт Якобовски.

Орток пикир табуу аракети

Кытай Казакстанга ондогон миллиард доллардык инвестиция салган. Керек болсо кытай президенти Си Цзинпин "Бир алкак - бир жол" долбоорунун баштапкы пландарын 2013-жылы Казакстанга келгенде жарыялаган.

Бирок январь айынын башында Казакстанда тополоң жаңы башталганда Кытай өз босогосундагы тынч эмес кырдаалга дээрлик үн катпай турду.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму "бейпилдик күчтөрү" деп мүнөздөлгөн аскерлерин Казакстанга жөнөткөндөн кийин Бээжин дипломатиялык риторикасын өзгөртүп, Токаевди бекем колдой турганын жарыялады. Си Цзинпин да Кытай Казакстандагы "түстүү революциялар" деп сыпаттаган окуяларды жөнгө салуу үчүн өз колдоосун билдирди.

Аны улай Кытайдын өкмөтү да, мамлекеттик медиасы да Орусия баштаган аскердик миссияга колдоо көрсөтүп, Борбор Азияда Москва менен дагы координацияны тереңдетүүгө чакырды. Бул билдирүүлөр Кремл менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп жаткан учурда болду.

Казакстандагы орусиялык аскерлер, 13-январь 2022-жыл.
Казакстандагы орусиялык аскерлер, 13-январь 2022-жыл.

10-январда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кытай ЖККУнун Казакстандагы миссиясын кубаттай турганын айтты жана бул миссия "өлкөдөгү туруктуулуктун калыбына келишине оң роль ойногонун" белгиледи.

"ЖККУ миссиясын казак өкмөтү чакырганы жана ал тынчтыкты сактоочу миссиясы деп аталганы Бээжин үчүн баш ооруну азайтты. Бейпилдик күчтөрү Кытай колдоо көрсөтүүгө аракет кылган сырткы кийлигишүүнүн бир түрү", - деди Италиядагы Эл аралык саясий изилдөөлөр институтунун илимпозу Жулия Шиорати.

Ошондой эле Бээжин Токаевдин башаламандыкты "белгисиз террорчулардын, алардын ичинде исламчыл согушкерлердин жардамы менен уюштурулган төңкөрүш аракетинин натыйжасы" деп мүнөздөгөн позициясын да кайталады жана бул жагдайды региондо террорчулукка каршы кызматташтыкты күчөтүү чакырыгын жеткирүү үчүн колдонду.

Казакстан да, Орусия да мүчө болгон, Кытай баштап келаткан Шанхай кызматташтык уюму да Казакстандагы тополоң террорчулукка, сепаратизмге жана диний экстремизмге каршы туруу үчүн көбүрөөк аракет көрүлүшү керектигин күбөлөп койгонун билдирип, өз жардамын сунуш кылды.

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Бээжин исламчыл экстремисттердин коркунучу болобу, же "түстүү революциялар" болобу, "тышкы кийлигишүүгө" каршы туруу үчүн Казакстан жана анын коңшулары менен коопсуздук жана тартип коргоо тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү көздөй турганын 12-январда мамлекеттик Global Times гезитине айтты.

"Кытай мындай риториканы жакшы көрөт. Мындай сөздөр тышкы күчтөрдүн коркунучу тууралуу эскертүү иретинде Кытайдын да, Орусиянын да муктаждыгына төп келет жана Батышты обочодо калтырып, кызматташтыкты күчөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк", - деп билдирди Фротсбург мамлекеттик университетинин профессору, Бээжиндин Борбордук жана Түштүк Азиядагы саясатын изилдеп келе жаткан Хаийун Ма.

Кеңири кызматташтык

Профессор Манын пикиринде, Кытай Казакстандагы окуяларга тез ыңгайлашып, өз позициясын Москваныкына үндөштүргөнү менен Борбор Азиядагы башаламандык Бээжинди "кыйла санааркатып койду".

ЖККУнун Казакстандагы миссиясы уюм кайсы бир мүчө мамлекеттин аймагына аскерлерин жөнөткөн биринчи учур болуп калды. Мындай жагдай Кытай регион менен байланыштын инструменти катары көргөн Шанхай кызматташтык уюмуна көлөкөсүн түшүрүшү мүмкүн.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытай президенти Си Цзиньпин (оңдо).
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытай президенти Си Цзиньпин (оңдо).

Москванын Токаевге колдоо көрсөтүшү менен Нур-Султан мындан ары Кремлге дагы жаккан саясат жүргүзүшү мүмкүндүгүн да четке кагууга болбойт.

Профессор Манын пикирине ылайык, узак убакыттан бери казак элитасында Кытайды колдоп келген, Бээжиндин "Бир алкак - бир жол" долбоорун Казакстанда алдыга жылдырган Масимовдун кармалышы Кытайдын бул өлкөдөгү таасир көргөзүү түйүнүн да аксатып коюшу ыктымал. Ошол эле учурда бул жагдай Орусия менен Кытайдын ортосундагы кеңири мамилеге кедергисин тийгизиши күмөн жана Казакстан маселесинде эки дерважа "мыкты кызматташып кетпесе да, атаандашкан жок".

Лондондогу Призм саясий тобокелдикти башкаруу борборунун аналитиги Бен Гудвиндин айтымында, Казакстандагы кризис боюнча Кытай менен Орусиянын үндөш позициясы Кремлдин Бээжинге карата көз карашы, жалпы эле Орусиянын тышкы саясаты өзгөрүп жатканын көрсөтөт.

"Орусия өзүнүн таасир көргөзүү аймагына башка оюнчулардын аралашканын 10 жыл мурдагыдай бир гана тарап утушу керек деген оюндай көрбөй калды", - деди Гудвин.

Эксперттер белгилешкендей, Казакстандагы окуялар Бээжин менен Москванын Борбор Азиядагы саясатындагы айрым түзөтүүлөргө, балким бир аз кайчы пикирлерге жол ачса да, АКШ менен тирешип жаткан эки державанын ортосундагы кеңири динамикага шек келтирбеши мүмкүн.

"Орусия Казакстанды ээлеп алгысы келбейт. Бул кийлигишүүнүн максаты Орусия дүйнө жүзүндөгү авторитардык режимдерге кепилдик берген күч экенин көрсөтүү болду. Кытай Орусиянын мындай ролду ээлешине эч кандай капачылыгы жок", - деди эксперт Гудвин.

Автор: Рид Стэндиш, "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун баяндамачысы

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG