Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Каракалпакстан "суверендүү" макамын жоготобу?


Президент Шавкат Мирзиёевдин Каракалпакстандын лидерлери менен жолугушуусу.
Президент Шавкат Мирзиёевдин Каракалпакстандын лидерлери менен жолугушуусу.

Өзбекстанда жаңы сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөр референдумда колдоо тапса, Каракалпакстан республикасынын "суверендүү" деген макамы жоюлушу мүмкүн. Мындай түзөтүүлөрдүн долбоору каракалпакстандык активисттерди катуу түйшөлтүүдө.

Өзбекстанда коомдук талкууга чыгарылган конституциялык түзөтүүлөрдүн долбооруна ылайык, бул өлкөнүн курамындагы Каракалпакстан республикасынын макамы өзгөрө турган болду.

Учурдагы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн жана бул республиканын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Мындан тышкары Каракалпакстан республикасы аймактагы "бүткүл элдик референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгып кетүү укугуна ээ экени" да белгиленген.

Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынды. Мындан тышкары "Өзбекстан менен Каракалпакстан республикасынын карым-катышы эки тараптуу келишим жана макулдашуулар менен жөнгө салынат" деген тариздеги берене да жоюла турган болду.

Жаңы долбоордо Каракалпакстан Өзбекстандын курамындагы өзүнүн Конституциясы бар республика экени, анын мыйзам ченемдери Өзбекстандын бирдиктүү укуктук системасына кирери, өзбек өкмөтү Каракалпакстандын социалдык, экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө салым кошору жазылган.

Мындай түзөтүүлөр Каракалпакстандын өзүндөгү айрым активисттердин жана чет жактагы этникалык каракалпактардын нааразылыгын жаратты. Конституциянын долбооруна нааразылык билдирген видео кайрылуулар социалдык тармактарга жарыяланып жатат.

25-июнда Каракалпакстандагы Makan.uz сайтынын редактору Лалагул Каллыханова "Мен Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө каршымын" деген макаласын жарыялап, видео кайрылуу жолдоду. Анда Каллыханова жаңы өзгөртүүлөр референдумда колдоо таба турган болсо, Каракалпакстан суверендүүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүндүгүн эскертип, мындай түзөтүүлөргө жол берген жергиликтүү парламенттин жетекчилеринин кызматтан кетишин талап кыларын айтты.

"5-июль күнү талкуу аяктагандан кийин кайсы өзгөртүүлөр кабыл алынарын көрүү керек. Эгер акыркы долбоордо Каракалпакстандын суверендүүлүгү жоюла турган болсо, демек, биз бул Конституцияны кабыл албашыбыз керек. Мен кабыл албайм", - деди журналист.

Бийликтин жүйөсү, активисттердин нааразылыгы

"Газета.уз" басылмасы Өзбекстандагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды кабыл алуучу комиссияга (конституциялык комиссия) шилтеме кылып жазгандай, мындай өзгөртүүлөрдү Каракалпакстандын парламентинин (Жогорку Кеңеш) депутаттары сунуштаган жана ал "бир добуштан" жактырылган. Басылманын маалыматына ылайык, аймактын жашоочуларынан каракалпак парламентине "Каракалпакстанды Өзбекстандын ажырагыс бөлүгү деп аныктоо тууралуу көптөгөн сунуштар келип түшкөн".

Каракалпакстандын парламентинин депутаттары.
Каракалпакстандын парламентинин депутаттары.

"Медиазона" сайты жазгандай, конституциялык комиссия сунушталып жаткан өзгөртүүлөр "каракалпак жана өзбек элдеринин биримдигин чыңдоого", ошондой эле "Бир өлкө – жалпы тагдыр" идеясын бекемдөөгө багытталганын билдирген.

Каракалпакстан парламентинин бир катар депутаттары сунушталган өзгөртүүлөрдү колдой турганын алардын интернет булактарына жарыяланган маектеринен байкоого болот.

"Өзбекстандын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен кошумчалар калкыбыз үчүн, өзгөчө алардын эркиндиги менен укуктарын камсыз кылуу үчүн, айрыкча Каракалпакстан республикасынын калкы үчүн тарыхый мааниге ээ болду", - деди Каракалпакстан парламентинин депутаты Айша Матниязова.

Бирок учурда Казакстанда жашаган өзбек жараны, этникалык каракалпактардын активисти Акылбек Муратов Каракалпакстандын макамын өзгөртүү тууралуу сунуштар жергиликтүү элден чыкканы тууралуу билдирүүлөрдү негизсиз деп атады. Ал Каракалпакстандын "суверендүүлүгү" жана бул республиканын "референдум аркылуу Өзбекстандын чыгуу укугу" каракалпактардын улуттук жана жарандык аң-сезими үчүн маанилүү экенин белгиледи.

"Элдин көбү ачууланып турат. Алар көпчүлүктү түзөт же түзбөйт деп айта албайм. Себеби эч кандай статистика жок. Эгер маанайды түшүнөм десеңиздер, социалдык тармактардагы каракалпакстандык белгилүү группаларга, каналдарга кирип көрсөңүздөр болот. Көпчүлүк каршы. Каракалпакстандын жана Өзбекстандын аткаминерлеринин "бул өтүнүч элдин өзүнөн келди" деген сөздөрүнүн негизи жок. Эч кандай ачык талкуу болгон эмес. Жалпы маанай негативдүү. Позитивдүү ойлор дээрлик жок", - деди Акылбек Муратов.

Каракалпакстан Өзбекстандын жалпы аймагынын үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турат. Бул республиканы Өзбекстандын 35 миллиондой калкынын 2 миллионго чукулу байырлайт. "Азаттыктын" өзбек кызматы жазгандай, 1930-жылы Каракалпак автоном облусу Казак АССРинин курамынан чыгарылып, түздөн-түз Орус советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) карамагына өткөн. 1936-1990-жылдары Каракалпакстан автономдуу советтик республика катары Өзбек ССРинин курамында болгон.

1990-жылы декабрда Каракалпакстан автоном республикасынын парламенти бул аймактын толук эгемендигин камсыздай турган "Мамлекеттик суверендүүлүк тууралуу" декларация кабыл алган. Бирок 1993-жылы өзбек өкмөтү Каракалпакстан бийлиги менен "Каракалпакстан Республикасынын Өзбекстандын курамына кирүүсү тууралуу" 20 жылдык мөөнөткө мамлекеттер аралык келишимге кол коюшкан. Ал макулдашууда автоном республиканын референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгууга укугу бар экени жазылган. Бирок 2013-жылы келишим мөөнөтү аяктагандан кийин республиканын макамына байланыштуу чоң өзгөрүү болгон эмес. Бул маселени көтөргөн "Алга, Каракалпакстан" кыймылынын мүчөлөрү кысымга кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтышкан.

Өзбек президентинин мөөнөтү узарат

Өзбекстандын жогорку жетекчилери Каракалпакстандын макамын өзгөртүү сунушу эмне үчүн азыр киргизилип жатканын түшүндүрө элек.

20-июнда президент Шавкат Мирзиёев да конституциялык комиссиянын жыйынында өз сунуштарын берип жатып, Каракалпакстандын макамы тууралуу сөз кылган эмес. Ал Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин учурдун жана шайлоочулардын талабы жана "жаңы Өзбекстанды" куруу аракети деп мүнөздөп жатат. Мирзиёев соңку чечимди референдумда калк кабыл аларын айткан болчу.

"Учурдагы кооптуу мезгил жана бизди курчап турган оор кырдаал мекенибиздин тагдырына дагы жоопкерчилик менен мамиле кылууну жана кечиктирилгис стратегиялык чечимдерди кабыл алууну талап кылууда", - деп билдирген Мирзиёев.

Өзбекстандын Конституциясы.
Өзбекстандын Конституциясы.

64 жаштагы Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Баш мыйзамын кайрадан өзгөртүү демилгесин былтыр 6-ноябрда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен күнү көтөргөн.

Быйыл май айында конституциялык комиссия түзүлүп, калктан сунуштарды кабыл ала баштаган. Аталган комиссиянын сайтындагы маалыматка ылайык, 20-майдан бери жарандардан 60 миңден ашуун сунуш түштү.

Алардын негизинде Өзбекстандын учурдагы Конституциясын жарымына же 64 беренеге баш-аягы 200дөн ашуун өзгөртүү киргизилгени жатат. Мындан тышкары Баш мыйзамда алты жаңы берене пайда болот. Бул түзөтүүлөр жөнүндө мыйзам долбоору 25-июндан 5-июлга чейин коомдук талкууга чыгарылды. Азырынча жаңы Конституция качан референдумга коюлары белгисиз.

Жаңы өзгөртүүлөр адам укуктарынан тарта мамлекеттик бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарына чейинки бир топ тармактарды камтыйт. Эң башкысы сунушталган өзгөртүүлөр колдоо тапса, Өзбекстандын президентинин бийликтеги мөөнөтү узартылат. Президент мурдагыдай беш жылга эмес, жети жылга шайланат.

Өзбекстандын Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Садык Сафаев 17-июнда Kun.uz сайтына жарыяланган маегинде жаңы Конституция кабыл алынса, Мирзиёев башкалар сыяктуу эле президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк аларын айтты.

Былтыр экинчи президенттик мөөнөтүнө шайланган Мирзиёев өзү бул маселе тууралуу үн каткан эмес. Учурдагы Баш мыйзамда бир адам эки мөөнөткө катары менен президент болуп шайлана албайт деп жазылган. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, Мирзиёев 2040-жылга чейин президент болуп калышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG