Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Кандуу "Макбет": сахнада сайылган кылыч


Капар Медетбеков.
Капар Медетбеков.

Нарын театры 1984-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) Кыргыз улуттук драма театрында чыгармачылык отчет катарында бир концерттик программа, беш спектакль койду.

Британиянын айтылуу драматургу У.Шекспирдин "Макбет" трагедиясында башкы каарман Макбеттин ролун Капар Медетбеков, Макбет айымды - Роза Заитова, Макдуфту - Акелең Кускаков ойногон.

Ошентип зал көрүүчүлөргө толуп, спектакль кызуу жүрүп жаткан.

Финалдык сахнада Макбет менен Макдуфтун кармашып кылыч менен чабышкан жери бар. Ошол сценада экөө кармашып жатып Макбет (Капар аба):

-Ик-ки, дөбөт жайладың!-деп Макдуфка (Акелеңге) кылычын шилтеди. Кудай жалгап, тийбей калды. Ал сахнадан качып чыгып көздөн кайым болду.

Макбет (Капар аба) сылтып басып, сахнанын артындагы бөлмөгө кумсарып кирип келди. Жамбашын бир колу менен басып алган, кийими кызыл жаян кан. Бош отурган артисттер чогула калдык, Капар абанын оң жак өтүгүн чечкенде кан куюла баштады.

Кымгуут түшүп калдык. Тез жардам чакыртылды.

Сахнада болсо Макбет айым (Роза Заитова) спектаклди улантууда...

Көрсө, бая Макбет (Капар аба) менен Макдуф кармашканда Акелеңдин шамшары кокустан Капар абанын оң жамбашына сайылыптыр.

"Тез жардам" келип, Капар абанын жамбашынан аккан канды токтотуп, "3,5 см. сайылганын, саал өйдөрөөк болгондо бөйрөккө доо кетмегин" айтышты. №4 ооруканадан жараатын тиктирип, таңдырып келип спектаклди аягына чейин ойноп чыкканы көз алдымда.

Негизинен сахнада коопсуздук үчүн жыгачтан же пластмассадан кылыч, бычак жасалат эмеспи. Эмнегедир ал күнү актерлор накта темирден жасалган бычак, кылыч менен чыгыптыр.

Ошол кандуу кырсыктан кийин башкы сүрөтчү Марат Шарафидинов менен башкы режиссер А.Сарлыкбеков баш болуп реквизит берүүчү кызматкерлер актёрлордун коопсуздугуна тыкыр көңүл бөлүп калышкан.

Капар аба Макбетти бийликке умтулган, кара өзгөй, катаал, зулум образын абдан бийик деңгээлде ачып берген. Буга чейин 1973-жылы Шекспирдин "Отеллосун" ойноп, классикалык чыгармаларды ойноочу мыкты актёр даражага жеткен.

"Мукем (М.Рыскулов) "Отеллону менден мыкты ойноптурсуң" деп көңүлүмдү көтөргөн", - деген эле.

Ошол окуядан кийин Капар аба жараат алдым деп жатып албай, сылтып басып, эртеси башка спектаклдерде ойноп, ишин кадимкидей уланткан. Отчёттук декададан кийин бир бригаданы жетектеп, беш айлык гастролго чыгып, Талас, Ош аймагына кетти.

У.Шекспир "Макбет" трагедиясын 1603-жылы жазган. Дүйнөнүн бир катар театрларында коюлган спектаклди Совет мезгилинде Кыргызстанда жалгыз Нарын театры сахналаштырган. Капар абанын актёрдук карьерасындагы бийиктик "Король Лир" десем аша чапкандык эмес.

1987-жылы Нарын театрынын Москвадагы гастролунда "Король Лирди" ойноп, ошол кездеги театр сынчылардын бийик баасына татыган.

Москвадагы кадыр-барктуу театр адистери жогору баасын берген сынчы искусство таануу илимининин доктору Елена Полякова: "Лир - негизинен актёрдук корифейдин спектакли. Андай актёр силерде бар, ал - Капар Медетбеков", - деген.

Мындай жогору даражага ошол кездеги союздун театрларынан саналуу эле артисттер татыктуу болгон.

Медетбеков 1931-жылы декабрда Таластын Кара-Буура (мурдагы Киров району) Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Бала чагын атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармаларындагы каармандар Анатай, Султанмурат, ж.б. менен бирге өткөргөн.

Шекердеги орто мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы сүрөт жана театр институтунда актердук билим алган.

Аманбек Жапаров жана Капар Медетбеков.
Аманбек Жапаров жана Капар Медетбеков.

Окууну аяктап 1954-жылы Жалал-Абад театрында эмгек жолун баштайт. Театр жабылганда 1962-жылы Нарын театрына которулат.

Пенсияга чыккандан кийин 1993-жылы Бишкектеги Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында чыгармачылыгын уланткан.

Ошол жерде иштеп жүргөндө инфаркт болуп көп жылы кеселдин азабын тартты. Жаш кезде Нарын театрында иштеп жүргөндө мамлекеттик планды толтурабыз деп айлап-жылдап ысык-суукта гастролдоп ден соолукка карабагандын залакасы ушул болду деген эле. Көзү өткөнчө "улуттук маданиятты, театрды сактагыла" деп кетти кайран талант.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG