Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Кафе-ресторан иштеткендер салык жобосуна нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы коомдук тамактануучу жайлардын ассоциациясы өкмөткө кайрылып, бирдиктүү салыкты сегиз пайыздан төмөндөтүүнү өтүндү. Ассоциациянын өкүлдөрү 9-февралда маалымат жыйын өткөрүп, мындай салык кафе-ресторан жана башка тамактануучу жайларды банкротко кептейт деп билдиришти.

Экономика министрлиги бирдиктүү салыкты 6% чейин түшүрүү сунушу парламентке жолдонгонун маалымдоодо.

Бишкектеги чакан ресторандын ээси Сумсарбек Мамыралиев жаңы Салык кодексиндеги чакан жана орто ишкерликке салынуучу салык боюнча өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирген ишкерлердин бири. Ал жаңы салык кодексиндеги бирдиктүү 8% салыкка каршылыгынын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.

Сумсарбек Мамыралиев.
Сумсарбек Мамыралиев.

"Биз импортко көз каранды өлкөбүз. Бизге жусай менен жумуртка да Кытайдан келет. Балык, этти айтпай эле коелу. Мен балыкты еврого сатып алам. Башка азыктарды долларга. Булардын курсу акыркы эки жылда өстү, бензин кымбаттады. Айлыкты көтөрүүгө туура келип жатат. Бирок, ошол эле учурда биздин күнүмдүк түшкөн акча болжолдуу 10 миң сом болсо, азыр бул көрсөткүч 4 миң сомго түштү. Анын ичинен менин кирешем 35% болсо, аны мен ижара, салык төлөп жана айлык акыга бергенден кийин өзүмө эч нерсе калбай калып жатат".

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 6 777 коомдук тамактануучу жай катталган. 2020-жылы коомдук тамактануучу жайларга сырттан келген инвестициянын көлөмү 12,2 миң долларды гана түзгөн. Ишкерлер буга коронавирус пандемиясынын таасири бар деп эсептешет. Анткени, бир жыл мурдагы инвестициянын көрсөткүчү 215 миң доллар болгон.

Коронавирустан улам киргизилген катаал чектөөлөр эң ириде коомдук тамактануучу жайларга терс таасирин тийгизген. Карантин учурунда толук иштебей турган ашкана, кафе-ресторандар чектөөлөр алынгандан кийин да көпкө чейин толук кандуу ишке кирише алган жок. Ага улай доллардын кымбатташы, ага удаа күн санап өскөн инфляция да себеп болду.

Мамыралиев карантин учурундагы чектөөлөр мезгилинде өкмөт колдоо көрсөтүүнү убада кылганы менен тескерисинче, ишкерлерден салыкты алдын ала төлөөнү суранганын айтты.

"Бизге тескерисинче, Салык кызматынан чалып "кийинки жылдын салыгын да төлөп коюңуз" дешти. Мен көнбөй койгом, андан кийин улам текшерүүлөр башталды. Текшерүүлөргө мораторий дегени менен, кимдир бирөөнүн арызынын негизинде деген шылтоо менен кайра-кайра текшерип жатышты".

Кыргызстандагы коомдук тамактануучу жайлардын ХОРЕКА ассоциациясы ашкана, кафе-ресторандар үчүн бирдиктүү салыкты 2% чейин төмөндөтүүнү же мурункудай эле кирешеден, сатыктан алынуучу салыкка жана кошумча нарк салыгына алмаштыруу оң деп санашат. Алар ошол эле учурда бирдиктүү салыкты 8% көтөрүү менен тескерисинче бизнестин бир бөлүгү көмүскөгө кетерин, ошол эле учурда инвестициянын келишин эмес, тескерисинче сыртка чыгып кетишин шарттайт деп айтышууда.

Ассоциациянын мүчөсү Алмазбек Асанбеков тармакты сактап калуу үчүн салыкты 2% чейин төмөндөтүү туура болот деген пикирде:

"8% бул салык менен коомдук тамактануучу жай тармагы жок болот. Жок болот дегенде такыр жабылып калбаса да, тамактары начарлайт, тейлөө сапаты төмөндөйт. Биздеги иштеп жаткан мыкты ашпоздор, адистер чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болушат. Кардарларды тартуу үчүн бизде чет өлкөлөрдөн тамакты мыкты жасаган ашпоздорду алып келип иштеткен, ошол эле учурда кызмат көрсөтүү деңгээлин көтөрүү үчүн, өзүбүздүн кыз-жигиттерди чет өлкөлөргө жиберип, окутуп жатабыз. Анын баары каражат. Кымбатчылык башталгандан бери биз ашпозчулардан тартып, идиш жуугучтарга чейин айлык акыларын көтөрүп бердик. Акыркы жылдардагы инфляция бизди ансыз деле тизеге чаап жатса, бул салык эми такыр эле көөмп коюусу мүмкүн".

Экономист Темирбек Ажикулов коомдук тамактануу тармагына 8 пайыздык бирдиктүү салык салуу бул тармакты жок кылат деген пикирлерди кубаттады.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

"Менимче бул тармакка мындай салык киргизүүдө Бишкектеги бааларга, анын ичинде арак-шарап саткан ашкана-ресторандардын көрсөткүчү көбүрөөк эске алынган окшойт. Анткени, азыркы учурда Бишкекте киреше 10-15% ашпайт. Аймактарда 7-8% эле. Кафе-ресторандарда орточо чек 30-40% кымбаттаган болсо, аймактарда баалар дээрлик көтөрүлгөн жок. Анткени, эл ал бааны көтөрбөйт. Бирок, ошол эле учурда азык-түлүк бир нече эселеп кымбаттады. Өсүмдүк майын эле алалы, үч эсе өстү. Этти айтпай эле коеюн. Бишкектеги күн сайын тойлор өткөн саналуу ресторандарга башкаларды да теңөө туура эмес".

Экономика министрлиги бирдиктүү салыкты 6% чейин түшүрүү сунушу парламентке жолдонгонун билдирди.

"Салык кодексинин жаңы редакциясы Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 60тан ашуун ирет ишкер коомчулугу менен талкууланды. Мыйзам долбоору былтыр 1-сентябрдан бери сайтта илинип турду. Талкуу учурунда бирдиктүү салыкты коомдук тамактануу тармагына 5% төмөндөтүү тууралуу берилген сунуштарды эске алуу менен биз салыктын өлчөмүн 6% кылып өзгөртүү сунушу берилген. Бирок, акыркы жүрүп жаткан коомдук талкуунун алкагында бирдиктүү салыкты 2 пайызга чейин төмөндөтүү сунушу да берилген негиздемелерге жараша каралат".

Президентти базар аралаткан ККМ

Президент Садыр Жапаров "Дордой" базарында. Бишкек. 8-февраль, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров "Дордой" базарында. Бишкек. 8-февраль, 2022-жыл.

Жаңыртылган Салык кодексине президент Садыр Жапаров 18-январда кол койгон. Жаңы кодексте ишкерлерди нааразы кылган жалгыз эле 8 пайыздык бирдиктүү салык эмес. Жаңы Салык кодексинин 128-беренесине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, кызмат көрсөтүүдөгү бардык субъектилер накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) колдонушу керек.

Базар, дүкөн, коомдук тамактануучу бардык жайлар, дарыкана, май куюучу жай, интернет-дүкөн, авиакасса жана бардык кызмат көрсөтүүлөр. Бирок ишинин түрү жана жайгашкан аймагына байланыштуу Министрлер кабинети аныктаган субъектилер ККМди колдонуудан бошотулат.

ККМди колдонбогон ишкерге 20 миң сом айып пул салуу каралган. Айрым ишкерлер жана соодагерлер көзөмөл кассаны колдонуудан баш тартып, убакыт берүүнү талап кылып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош" базарына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүрдү. Президент соодагерлердин ККМди киргизүүнү эмне үчүн колдобой жаткандыгы тууралуу пикирлерин угуп, буга түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги себеп болгонун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

“Ата мекендик экономиканын 40% көмүскөдө калганын айтып, аны ал жактан алып чыгып, ошол эле учурда кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо, азыр алар бюджеттин эсебинен алынат, ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн акысыз уюлдук тиркемелер болот”.

Садыр Жапаровдун айтымында, акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей алат. ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. Акча жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейинки чакан ишканалар салыктан бошотулат, алар ККМ колдонуу керек.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 10 миң ККМ аппараттары сатылып алынарын билдирди. Буга чейин 10 миңи сатылып алынган, Орусия да 30 миң аппарат берип жатканы белгилүү болду. Аны менен Бишкектеги ишкерлердин негизги бөлүгү камсыз болот.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG