Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:58

Кадыровдун өлүү-тирүүсү тууралуу түрдүү түкшүмөл тарады


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров.

Орус маалымат каражаттарында, Телеграм-каналдарда Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын башчысы Рамзан Кадыровдун саламаттыгы начарлаганы тууралуу маалыматтар чыга баштады. Айрымдар анын "көз жумганын" жазып жиберди. Кремль бул маалымат тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Алгач NIYSO Телеграм-каналы Кадыров эсин жоготуп, комага түшкөнүн булагын ырастабастан 15-сентябрга караган түнү жазды. Буга удаа эле Башкы чалгын кызматы Кадыровдун "абалы өтө оор экенин" кабарлады.

Эртеси күнү украиналык «Обозреватель» басылмасы чечен диаспорасындагы өз булактарына таянып, Кадыров бир нече күндөн бери комада экенин маалымдады. Ошол эле басылма чечен лидерин учак менен Москвага алып барышканын, ал жактан дарыгерлер жардам бере алышпаганын кошумчалады.

"Верстка" басылмасы Кадыровго таандык учак сентябрдын башынан бери үч жолу Москвага учканын, 15-сентябрда орус баш калаасына барган бойдон кайтпаганын кабарлады.

Кадыровдун абалынын катуулап жатканы же өлгөнү тууралуу айың кептер тарап жатканда орусиялык ВЧК-ОГПУ Телеграм-каналы 17-сентябрда Москвадагы президенттин иш башкармалыгына караштуу борбордук клиникалык ооруканага чечен номурлуу автоунаалар бир күн кечке каттаганын жазды.

Ал эми чеченстандык оппозициячыл активист жана укук коргоочу Абубакар Янгулбаев ошондо эле өзүнүн Телеграм-каналына Кадыровдун көз жумганын кабарлап жиберди. Янгулбаев бул маалыматты качан кайдан алганын ырастаган эмес.

Анткен менен 18-сентябрда Кадыровдун Телеграм-каналында анын сейилдеп жүргөн видеосу чыкты. Чеченстандын башчысы анда өзүнүн өлүмү же ооруп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, жаан алдында сейилдеп жүргөнүн айтып, спорт менен алектенүүгө кеңеш берген.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков маалымат жыйында Кадыровдун саламаттыгы тууралуу суроону жоопсуз калтырды:

«Президенттин администрациясы саламаттыгы тууралуу маалымат бере албаса керек, ошондуктан биздин айта турган сөзүбүз жок», - деген Песков соңку күндөрү Путин Кадыров менен жолукпаганын кошумчалады.

Кадыровдун өлүмү тууралуу кеп кайдан чыгып жатканын жана кокустан анын көзү өтүп кетсе Чеченстанда кандай өзгөрүү болушу мүмкүн экенин «Мемориал» укук коргоо борборунун кеңешинин мүчөсү Александр Черкасов «Настоящее время» телеканалына курган маегинде айтып берди.

"Мунун бардыгы Кадыровдун азыркы Чеченстандагы туруктуу кырдаалдагы ролуна шайкеш келет. Туруктуулук дегеним, системанын баары бир гана адам үчүн түзүлүп, ал адам бар үчүн иштеп турат. Ошондуктан анын душмандары да өлүмүн күтүп, системанын урашын каалашат. Рамзан Кадыровдо чындыгында көйгөйлөр бар. Бир нече жыл мурда ал онкологиялык ооруларга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн сыйлык алганда эл күлгөн. Балким кеп залалдуу шишикке каршы жаңы каражатты сыноодон өткөрүү тууралуу болгондур".

Черкасов кошумчалагандай, ар кандай аңыз кептин чыгышына Кадыровдун Путиндикиндей жабык жашоо образы дагы түрткү берет.

"Бул мурда жаздырылып, сары майдай сакталып турган болушу мүмкүн. Рамзан соңку кездери коомдук иш-чараларга көп катышкан жок. Ал эми жаңы эле жаздырылган деп элге тараган видеодо Путиндикиндей оңдоп-түзөөнүн издери бар. Мунун баары кандайдыр бир чыңалууну жаратат", - дейт Черкасов.

«Эхо Москвы» радиосунун мурдагы редактору Алексей Венедиктов өз булактарына таянып, Кадыров Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканага гемодиализге келгенин, анын бөйрөгүндө илдети бардыгын жазды.

Чеченстандык саясат таануучу Руслан Кутаевдин ишениминде, эгер Кадыров көз жумса аны жашыруу мүмкүн эмес жана кабар тез эле желдей тарайт.

"Чечен коомунда туугандар эле баарын жайып салат. Ошондуктан балким ал ооруп жаткандыр, балким абалы катуудур, бирок анын өлүмү тууралуу имиштерге негиз жок", - дейт Кутаев.

Европадагы чечендердин «Бирдиктүү күч» уюмунун башчысы Жамбулат Сулеймановдун пикиринде Украинанын чалгын кызматы чечен лидеринин өлүмү тууралуу маалыматты "атайын таратып жатышы мүмкүн".

«Кадыровдун фигурасы Путин кураган системада чоң мааниге ээ. Менимче Украинанын чалгын кызматы атайылап Кадыровдун айланасындагыларды жана Путиндин башын оорутуш үчүн жалган маалымат тараткан болушу мүмкүн. Чеченстандын башчысы ооруп жатканы баарына эле түшүнүктүү. Бул анын сырткы келбетинен деле билинет. Аны азырынча системадан жок кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан атайылап алсыз жеринен кармап жатышат. Бул биз көргөндөй өз натыйжасын берүүдө" ,- дейт Сулейманов.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын лидери Владимин Путин менен.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын лидери Владимин Путин менен.

Буга чейин «Новая газета» басылмасы Кадыров өпкө жана бөйрөк оорудан жабыркап жатканын, мындан улам ал такай диализге муктаж экенин жазган. Бул маалыматтардан кийин Рамзан Кадыров апрель айында машыгып жатканы тартылган видео тараткан. 25 секунддук кадрда ал ооруганга убактысы жок экенин айткан.

Ал эми июлда Кадыров 2026-жылы республика башчылыгына дагы бир ирет ат салышууга ниети бар экенин билдирген.

Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери башкарып келет. Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдары аны адам укуктарын бузган деп айыпташат. Анын ичинде кыйноолор, сотсуз өлүм жазасына тартуу, ЛГБТ коомчулугун куугунтуктоо, адам уурдоо кылмыштары да бар.

46 жаштагы Рамзан Кадыров Орусиянын Украинага согушун катуу колдогондордун бири. Майдандагы орус аскерлеринин абалына байланыштуу бир нече жолу Орусиянын Коргоо министрлигин сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG