Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:37

Кадырбеков: Күч менен мамиле кылуу туура эмес


Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

Кыргызстанда "массалык башаламандыкка даярданды" деген шек менен 15тен ашык активист, саясатчы камалды. Бийлик аларды өлкөдөгү абалды курчутууга аракет кылган деп айыптап жатат. Оппозиция жана жарандык коом болсо муну куугунтук катары сыпаттоодо.

Соңку кырдаал боюнча Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" маек курду.

- Нуржигит мырза, Кыргызстандагы соңку кырдаалды кандай баалайсыз жана абалды жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек?

- Кечээ Өзбекстандан келдим. Кечинде жаңылыктарды окуп, чынын айтканда, көңүлүм чөктү, өкүнүү менен кабыл алдым. Эми канча адам болсо ошончо көз караш, мүнөз, сөз болот. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген ошондон чыккан. Эл болгон соң ар түрдүү адамдар бар. Бирок дароо эле баарына камчыны үйүрүп, күч позициясынан мамиле кылган туура эмес деп ойлойм. Мен соцтармактагы баракчаларымдан да "бөрк ал десе, баш алгандар, Баш мыйзамдын гаранты болгон президентти уят кылбагыла" деп жаздым. Анткени ар бир адамдын өз пикири болушу керек. Бул фундаментталдуу укук. Эл аралык документтерде таризделген, биздин Баш мыйзамда да каралган. Ошондуктан бул жерде диалог, саясий маданият, саясий адеп аябай мааанилүү болуп турат.

- Дал ушундай кырдаалда сиз депутат болгон Жогорку Кеңештин ролу кандай болушу керек?

- Жогорку Кеңештин ролу мындайда ар бирибиз жарандык жана саясий позициябызды билдирүүбүз керек. Анткени мен айтып келгендей, "досумдан коркпойм, ашыкча болсо сатып кетет. Душманым ашыкча кетсем атып кетет. Бирок мен кайдыгерликтен корком. Кайдыгерлик болгон үчүн аткандар, анан саткандар чыгат. Анан «активисттерди камап чала болуптур, ырас болуптур» дегендерге айткым келип жатат: бул туура эмес, кыргызда «таба кылбай, тобо кыл» дейт. Ушул нерсе ар кимдин башына келип калышы мүмкүн.

- Азыр дүйнөдө, региондо абал оңой эмес. Ушундай учурда бийлик да, башка саясий күчтөр да стабилдүүлүк абдан маанилүү экенин айтып келет. Мындай учурда кырдаалды жөнгө салып, коомдук консалидацияга барууга мүмкүнчүлүк барбы? Эмне кылуу керек?

- Ынтымак аябай маанилүү. Бирок ынтымак деген сөз баары бирдей ойлоп, бирдей сүйлөш керек дегендик эмес. Бир үй-бүлөдө беш адам болсо, беш башка позиция болушу мүмкүн. Бирок саясий маданият менен эмоцияга алдырбай, сүйлөшө билиш керек. Консолидация деген эки тараптын диалогу, баарлашуусу. Болгондо да мыйзам жана саясий маданияттын чегинде жүрүш керек деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG