Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Журналисттик иликтөө боюнча көп киши суралат


УКМКнын дарбазасы.
УКМКнын дарбазасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон бир нече адамды суракка чакырды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы жана «Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору» чогуу жарыялаган журналисттик иликтөөгө тиешеси бар адамдарды 2-декабрдан тартып суракка чакыра баштады. Атайын кызмат бул иликтөө Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаитиге кол салуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча башталганын жарыялады.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов тергөөнүн алкагында суракка чакырылган учурдагы премьер-министр баштаган бир нече адамды төмөнкүчө тизмектеди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык-айкын жүргүзүү максатында тиешелүү бардык тергөө иштери жүрүп жатат. 2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык» радиосунун журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылды. Ошондой эле депутаттар Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы.

Булардын ичинен «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов 2-декабрда УКМКга сурак берсе, Алтынбек Сулайманов 3-декабрда тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Төрөкулов сурак маалында кандай суроолор болгону жөнүндө комментарий берген жок.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болсо суракка чакыруу ала элек экендиги белгилүү болду. Анын басма сөз катчысы Адилет Султаналиевдин айтымында, расмий түрдө чакыруу келсе премьер-министр суракка барууга даяр.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Премьер-министр башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана кылдат жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан да талап кылат, - деди ал.

Абылгазиев 2017-жылы президенттик аппараттын башчысынын орун басары катары Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземин уюштурган топко кирген. Журналисттик иликтөөдө аты аталган уйгур улутундагы ишкер Хабибулла Абдыкадырдын дал ушул инаугурацияга кандай негизде келип калганы суроо жараткан болчу.

Ал эми «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду УКМК 2-декабрда күбө катары суракка чакырган. Алар учурда «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде иштеп жаткандыктан видео байланыш аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Кеңири талкууну жараткан журналисттик иликтөөдөн соң жарандык коомчулук бийликтен реакция талап кылган. Бул боюнча Бишкекте 25-ноябрда акция өтүп, талаптар коюлган. Мына ушундай шартта мурдагы жана учурдагы жетекчилер баш болгон бир нече адамдын сурак бериши кызыгуу жаратууда. Бирок ошол эле учурда атайын кызматтын бул териштирүүсү калыс өтүшү үчүн күчтүү коомдук көзөмөл керек экенин айткандар чыгууда.

Эксперт Руслан Акматбек бул иштин жүрүшүнө эмес, жыйынтыгына көңүл буруу зарыл деген пикирде.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

- Коом дүрбөп, резонанс жаралган соң УКМК айла жоктун иши болуп иликтөөгө алгандай туюлат, - деди ал. - Негизи тиешелүү мамлекеттик органдар бул иштердин алдын алыш керек болчу же толук иштеши керек болчу. Ошондуктан артынан көп сөз ээрчиген органдан адилеттүү жана жыйынтыктуу ишти күтүш кыйын.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айында жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, анда бул маалыматтарды Саймаити өзү журналисттерге бергени маалымдалган. Бул акча чыгарууга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы бар экени белгиленген.

Бул иликтөөдөн соң Башкы прокуратура 22-ноябрда Саймаити көзү тирүү кезинде, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган. Ал эми өткөн аптада дал ушул иштин алкагында Райымбек Матраимов сурак берип чыккан.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG