Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

CPJ: Орусия журналисттер үчүн кооптуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттерди коргоо комитети Жазасыз калуу боюнча 2019-жылкы глобалдык индексин жарыялады. 29-октябрда жарыялаган баяндамада журналисттерди өлтүргөндөр Ооганстан, Пакистан, Орусия жана башка он мамлекетте жазаланбай калган учурлар өтө көп экени белгиленет.

Журналисттерди коргоо комитети 2008-жылдан бери медиа кызматкерлеринин өлүмүнө тиешеси барлар жазаланбай калган учурлар көп катталган мамлекеттердин тизмесин жарыялап келет.

Бул жылкы тизмеде 13 мамлекет бар.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм баяндамасында «тизмеге согуш жүрүп жаткан өлкөлөр менен бирге саясатчылар, кылмыштуу топтор, аткаминерлер жана башка таасирдүү адамдар журналисттик иликтөөлөрдү болтурбаш үчүн, сынчыл көз караштагы макалаларды чыгарбаш үчүн ар кандай зомбулуккка барган туруктуу мамлекеттер да кирет», - деп жазды.

Сомали бешинчи жыл катары менен тизменин башында турат.

15 миллион калкы бар бул мамлекетте соңку он жыл ичинде 25 журналисттин өлүмү боюнча кылмыштардын бети ачылган эмес. Экинчи орунда Сирия, андан кийин Ирак, Түштүк Судан, Филиппин жана Ооганстан турат.

Калкынын саны 38 миллиондун тегерегиндеги Ооганстанда 11 журналист өлтүрүлүп, кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылган эмес. Пакистанда 16 кабарчыны өлтүргөндөр жазага тартылган жок. Ал эми Орусияда алты журналист өлтүрүлүп, күнөөлүүлөр жазасын алган эмес. Мындан улам Москва 11-орунга жайгашты.

Тизмеге Бразилия, Бангладеш, Нигерия жана Индия да кирген. Журналисттерди коргоо комитети билдиргендей, соңку он жыл ичинде тизмедеги 13 мамлекетте 222 журналист өлтүрүлгөн.

Бул убакыттын ичинде «Аш-Шабааб», «Боко харам» жана «Ислам мамлекети» сыяктуу террордук топтор журналисттерге кол салууларын күчөттү. Баяндамада “кылмышкерлердин жазага тартылбай калышы журналисттерге болгон коркутуп-үркүтүүлөрдү күчөтөрү” белгиленген.

Ооганстанда киши колдуу болгон журналистти акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Ооганстанда киши колдуу болгон журналистти акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

2018-жылдын октябрь айында “Вашингтон пост” басылмасынын кабарчысы Жамал Хашогжи Стамбулдагы Сауд Арабиясынын элчилигинде өлтүрүлгөндө Эр-Рияддын чет жактагы сынчылары да алар үчүн коопсуз аймак жок экенине ынанышканы уюмдун баяндамасында жазылган.

Былтыр октябрь айында өлтүрүлгөн саудиялык журналисттин сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек.Түркия журналистти жок кылууга Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшелону буйрук бергенин билдирип келет, бирок падышалык мындай дооматтарды ар дайым четке кагат.

Соңку жылдары маалымат каражаттарында иштегендер үчүн кыйла коопсуз деп саналган мамлекеттерде да журналисттердин өлүмү катталды.

Маселен, 2017-жылдын октябрь айында Мальтада коррупцияга каршы блогдору менен белгилүү Дафна Каруана Галиция машинесинде жардырылып өлтүрүлдү, Словакияда иликтөөчү журналист Ян Куцияк былтыр февралда киши колдуу болду.

Журналистти сүйлөшкөн кызы менен чогуу былтыр Братиславадан 65 чакырым алыс жердеги үйүнөн атып кетишкен. Куциак ал кезде Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого жакын адамдардын италиялык мафия менен байланыштарын иликтеп жаткан.

Кылмыш боюнча төрт киши камакка алынган. Баяндамада белгиленгендей, бул окуялар Евробиримдиктеги журналисттер үчүн да коррупция фактыларын, кылмыштарды иликтөө коркунучтуу экенин көрсөттү. Тизмеге кирген мамлекеттердин ичинен жалгыз гана Колумбия мурдагы көрсөткүчтөрүн жакшырта алган. Былтыр жыл соңунда президент Иван Дуке эки кабарчынын өлүмүнө айыпталып жаткан кылмыштуу топтун лидери атайын операциянын алкагында жок кылынганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG