Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Жаңы паспорт виза көйгөйүнө чекит коебу?


Жаңы биометрикалык паспорт.
Жаңы биометрикалык паспорт.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык жалпы жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрүн жарыялады.

Мекеме 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар мындай паспорт жарандарга 2021-жылдан тартып бериле баштарын билдирди.

Жаңы паспорттогу коргоо белгилери

Кыргызстанга биометрикалык жалпы жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрү келди. Мамлекеттик каттоо кызматы анын барактарындагы коргоочу элементтерди жана жасалгасын текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун 30дан ашуун заманбап коргоочу белгилери бар, паспорттун сыртында электрондук чип орнотулган жана жарандын жеке маалыматтары лазердик технологиялар менен жазылган.

Виза коюлуп, чек ара өткөрмө бекеттеринин мөөрү басылчу барактарга Кыргызстандын аймактарынын символдору тартылган. Бишкектеги Ала-Тоо аянты, Манастын эстелиги, Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси, Баткендеги Айгүл гүлү, Токтогул суу сактагычы, Таш-Рабат комлекси, Таластагы Манастын күмбөзү, Токмоктогу Бурана жана Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапса болот. Ошондой эле өлкөдөгү жаныбарлар да тартылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов документтеги коргоочу белгилер жасалма паспорт менен шугулдангандардын ишине бөгөт коёт деп үмүт артты.

«Жасалма паспорт жасагандар жаңы паспортто кандай коргоо элементтери бар экенин изилдеп чыгышат да. Бирок бүгүнкү күндө паспорт чыгаруу технологиялары күндөн-күнгө өзгөрүп жатат. Алар жаңы үлгүдөгү паспорттогу коргоо элементтерин оңой менен жасай албайт. Себеби, дүйнөдө ушундай паспортторду даярдаган онго жетпеген гана ишкана бар. Айрым жабдуулар ошол компанияларда эле иштейт. Технологиялар өзгөрүп жаткандыктан кийинки жылдары дагы башка коргоо каражаттары кириши мүмкүн».

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар.
Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар.

Паспорттун баасы бычыла элек

Биометрикалык паспорттун бланктарын Кыргызстанга германиялык «Мүлбауэр» («Mühlbauer ID Services GmbH») компаниясы даярдап берет.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул ишкана менен ушул жылдын 29-майында келишим түзгөн. Электрондук паспортторду даярдоо боюнча түзүлгөн үч жылдык келишимге ылайык, «Мүлбауэр» 1,5 миллион бланк чыгарышы зарыл. Ишкана бул кызматы үчүн 655 миллион 645 миң сом сунуш кылган.

Жалпы жарандык паспорт эки түрдө – биринчиси 34 барактуу, экинчиси 52 барак болуп чыгарылат. Экинчиси - чет өлкөгө көп каттагандар үчүн ылайыкталган. Аз барактуусунун бланкынын баасы 407 сом, барагы көбүнүкү 470 сомго айланат.

Тилек Батырканов бул бланктын ишканадан чыккан гана баасы экенин, паспорттун өзүнүн наркы кийин бычыларын түшүндүрдү.

«Бланктар Кыргызстанга алып келингенден кийин аларга бажы алымдарын төлөйбүз, документти ары-бери ташыйбыз. Ошондо акча кошулат. Андан тышкары жарандар тууралуу маалыматтарды киргизебиз. Паспорттун акыркы баасы ушул чыгымдарды кошкондон кийин эсептелет».

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тартып бериле баштайт деп болжоп турат.

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун тышы.
Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун тышы.

Чуулуу тендердин тарыхы

«Мүлбауэр» компаниясы чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок «Мүлбауэр» ишканасы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, 2019-жылы Жогорку сот аны канааттандырган.

Жыйынтыгында тендер боюнча кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын ошол кездеги орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, акчалай айып салынган.

Кылмыш иши козголгон Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаикова изин жашырып, издөө жарыяланган. Ал ушул күнгө чейин кармала элек. Бул чатакта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов паспорт тендери боюнча 2018-жылы «Гарсу Пасаулис» менен келишим түзүлсө, бюджетке канча чыгым келери эсептелип чыкканын билдирди.

«Эгерде бул келишим түзүлсө калк үчүн биометрикалык паспорттун баасы 585 сомду түзмөк. Ошол эле учурда 1,5 миллион бланк жеткирүү боюнча келишимдин негизинде жалпы айырмачылык 253 миллион сомдон ашмак».

Паспорт маселеси виза көйгөйүн көтөрдү

Жылдап созулган чуулуу тендер, сынакты уюштуруудагы коррупциялык иштер Кыргызстанга дагы башка көйгөйлөрдү жаратты.

Быйыл 31-январда АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарынын иммиграциялык жана грин-карта менен виза алышына чектөө киргизген. Мунун себеби Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүрүлгөн.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 4-ноябрда кыргыз жарандарына виза берүү маселеси АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин чечилиши мүмкүн экенин билдирген.

Дональд Лу.
Дональд Лу.

«Белгилүү болгондой, иммиграциялык виза алуу маселеси Кыргызстандагы биометрикалык паспорттордун коопсуз болбогонуна байланыштуу. Бактыга жараша, Кыргызстан мындай паспортторду берүүгө даяр. Америкадагы шайлоодо ким жеңгенине карабастан, биздин өкмөт чектөөнү алып салуу маселесин чечет».

Виза маселесине келгенде ал бир гана биометрикалык паспорттон көз каранды эмес экенин айткандар да бар. Мындай пикири менен тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов бөлүштү.

«Дүйнө жүзүндө биометрикалык паспортту ишке киргизе элек 80ден ашуун өлкө бар. АКШ алардын барына тең чектөөнү киргизген жок. Ошондуктан паспорт маселеси бул Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы алаканын бир эле бөлүгү. Ал эң чоң бөлүгү эмес, азыраак гана орду бар. Албетте паспорт да олуттуу көйгөй. Себеби, кримдүйнөнүн мүчөлөрү Кыргызстандын паспорту менен жүргөн окуялар канча чыкты. Ажылыкка баргандар болду. Биздин паспорттун кадыры түшүп кетти».

Айтып оозду жыя электе Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Өзбекстанда конституциялык түзүлүшкө кол салууга шек саналып эл аралык издөөдө жүргөн Нематжон Хомидов деген өзбек жаранына Ошто жасалма паспорт берилгенин билдирди. Бул иш боюнча «Паспортту мыйзамсыз берүү» беренеси менен иш козголду.

Мындай фактылар утур-утур катталып турат. 2016-жылы Стамбул шаарында Сауд Арабиясына учууга камынган 98 уйгурдан жасалма кыргыз паспорту табылган.

2017-жылы ошондой эле Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранынын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, аларга жасалма документтер берилген факты катталган.

2018-жылы Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл Борис Матузныйдын жанынан кыргыз паспорту алынса, ушул эле жылы Тажикстанда эл аралык издөөдө жүргөн тажик жаранынан да Кыргызстанга таандык документ болгону аныкталган.

2019-жылы болсо Казакстанда киши өлтүрүү боюнча шектүү катары Интерполдун издөөсүндө жүргөн, 53 жаштагы Бакытжан Успановдон кыргыз паспорту табылган.

XS
SM
MD
LG