Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Израил менен ХАМАС ок атууну токтотууну макулдашты


Газа тилкесинде
Газа тилкесинде

Израил менен ХАМАС тобу Египеттин арачылыгы менен ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишти. Муну менен 11 күнгө созулган Газа тилкеси менен Израилдеги куралдуу жаңжал токтошу керек.

21-майда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 2де күчүнө кирген элдешүүдөн кийин Газа тилкесиндеги палестиналыктар көчөгө чыкты. ХАМАС тобунун жогору жетекчилеринин бири Халил аль-Хайя эл алдында сүйлөп жатып, “бул жеңиштин эйфориясы” деп билдирди.

Ал тилкедеги Израилдин абадан урган соккулары кыйраткан үйлөрдү калыбына келтирүүгө убада берди.

Ал эми Израилдин Коопсуздук кеңеши ага чейин Египеттин ортомчулугу менен “эки тараптуу жана шартсыз” түрдө элдешүү чечимин бир добуштан колдогонун, бирок аны аткаруу мөөнөтү макулдашыла электигин билдирген.

Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС жана “Ислам жихады” ок атууну токтотууну макулдашканын билдирүү таратуу менен ырастады.

Дипломатиялык чөйрөдөгү булактардын айтымында, ортомчу болгон Египеттин делегациясы Израил менен Палестинанын аймагына жөнөтүлөт. Алар ок атпоо келишиминин аткарылышына көз салмакчы. АКШнын президенти Жо Байден ок атууну токтотууну кубаттады.

Бейшембиде Израил Газа тилкесине аба соккуларын уланткан болчу. Анын кесепетинен кеминде бир палестиналык өлүп, бир нече киши жараат алганы кабарланган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху чабуулдарды токтотууга чакырган Вашингтондун кысымына карабай Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС тобуна мүмкүн болушунча көбүрөөк сокку урууну көздөп жатат деп божомолдонгон. ХАМАС өз кезегинде Израилге карай миңдеген ракета аткан.

Ошол учурда аймакта ок атууну токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерге үмүт артылып жаткан.

20-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы израил-палестин чатагы боюнча ачык жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө сүйлөгөн Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы ок атууну токтотууга чакырган эле.

Антонио Гутерриш
Антонио Гутерриш

Баш катчы бул чатакта жайкын тургундар, анын ичинде балдар набыт кетип жатканына көңүл буруп, “Эгер жер жүзүндө тозок бар болсо, ал Газадагы балдардын жашоосу. Жаңжал дароо токтотулушу керек” деп билдирди.

Ал эми тилкени көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунун таасирдүү лидерлеринин Масса Абу Марзук жакынкы күндөрү ок атуу токтойт деген ишенимин айкан.

АКШнын президенти Жо Байден 19-майда Нетаньяху менен сүйлөшүүдө “деэскалацияны” күтөрүн айткан, бирок жөөт өкмөт башчысы “Израилдин жарандары коопсуз жана тынч жашамайынча” чабуул уланарын жарыялаган.

Кризис курчуп кеткен 10-майдан бери, палестиналык дарыгерлердин айтымында, 228 киши каза тапты. Израил тарап 12 киши өлгөнүн маалымдады.

Израил менен Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунун ортосундагы куралдуу жаңжал соңку жылдардагы ири чатакка айланды. Эки тарап бири-бирин ракета менен аткылап жаткан чакта Израилдеги араб жана жөөттөр кагылышып, бир нече турак жай, дүкөндөр талкаланды.

Артиллериялык атуулар Израил-Ливан чек арасында да катталып, Иордан дарыясынын батыш жээгинде да жаңжал орун алды.

Ислам дининдеги жана иудаизмдеги эң ыйык жайлар жайгашкан Чыгыш Иерусалимдин макамы узак жылдардан бери израилдиктер менен палестиналыктардын карама-каршылыгына себеп болуп келет.

Аймактагы акыркы кагылышууларга жөөт тургундардын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү тууралуу соттун чечими себеп болду.

АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкө бул куралдуу жаңжалды токтотууга ортомчу түшүүгө аракет кылса, Франция БУУнун Коопсуздук кеңеши жана аймактагы лидерлер аркылуу жөнгө салууну көздөөдө.

Расмий Париж Египет жана Иордания менен биргелешип БУУнун Коопсуздук кеңешине Израил менен Газа ортосундагы ок атышууну токтотуу тууралуу резолюцияны сунуш кылууда.

Буга чейин Тель-Авивдин негизги өнөктөшү АКШ Кытай, Норвегия жана Тунис өз-өзүнчө иштеп чыккан долбоорлорду четке каккан. Расмий Вашингтон бул документтер Байдендин администрациясынын ок атууну токтотуу боюнча аракеттерине каршы келерин билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG