Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32

Италиядагы журтташтар: «Үйдөн чыкпай калдык»


Назгүл Төлөбаева, Италиядагы журтташ.
Назгүл Төлөбаева, Италиядагы журтташ.

Италияда коронавирустан алты киши көз жумду. Ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны 220 кишиден ашты.

Өлкөнүн түндүгүндөгү 11 шаарга карантин киргизилип, бийлик жарандарды өтө зарыл болбогон учурларда көчөгө чыкпоого чакырды. «Азаттык» Италиядагы кыргызстандыктар менен байланышып, соңку кырдаал боюнча кабар алды.

Журтташыбыз Назгүл Төлөбаева Эмилия-Романья аймагынын Болонья шаарында жашайт. Ал учурда калаада университет жабылып, мектептер менен бала бакчаларда окуу убактылуу токтотулганын билдирди. Назгүл ал жактагы кыргыздардын саламаттыгы жакшы экенин кошумчалады:

«Италия боюнча абал бир аз чыңалып турат. Жаңылыктардан кечке коронавируска байланыштуу жаман кабарлар көп айтылгандыктан жергиликтүү эл бир аз дүрбөлөңгө түшүп жатат. Бирок бийлик элди сабырдуулукка чакырып, өзгөчө улут аралык түшүнбөстүктүн алдын алып жатат. Анткени кытай, корей, жапон сыяктуу улуттагыларга бир аз башкача мамиле болгон учурлар көп катталды. Ошол себептен жугузуп алгандардын улутун айтпаганга аракет кылышууда. Биз казактар, кыргыздар болуп чогулуп калганда да ошол тууралуу сөз чыгып, кээде италиялыктар коомдук жайлардан бизден өзүлөрүн алысыраак кармап жаткан учурлар болгонун да талкууладык. Бирок көчөдө кишилер бар. Такыр жок деп айта албайм. Дүкөндөр иштеп жатат. Болонья университети, мектептер, бала бакчалар, музейлер жабык. Ресторандардын көбү иштеген жок. Эл деле көчөгө аз чыкканга аракет кылып атат. Кээ бир жерлерде беткаптар, дезинфециялык каражаттар жетишпей жатканы айтылууда. Эртең менен Кыргызстандын элчилиги да өз жарандарына кайрылуу жиберип, жеке гигиенаны туура сактаганга жана ден соолугубузга кам көрүүгө чакырды».

Бурмачач Томоева.
Бурмачач Томоева.

Ал эми Бурмачач Томоева Милан шаарында турат. Калаа жайгашкан Ломбардия аймагында 60тай киши вирус жугузуп алган. Ушундан улам бул жерде «кызыл аймак» жарыяланып, он чакты айыл-кыштактын тургундарына үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынды. Ошентип учурда 50 миңдей киши сыртка чыга албай калды. Миландын өзүндө карантин жарыяланып, коомдук жайлар иштебей турат. «Кыргызстан-Италия» ассоциациясынын жетекчиси Бурмачач да кырдаалды Интернеттен билип, үйдөн чыкпай отурганын айтып берди:

«Ломбардия аймагы боюнча баары бир жумага жабылды. Милан шаарында Жарашык жумалыгы өтмөк. Эми бардык иш-чаралар токтотулуп, көбү майга жылдырылды. Миланда 50дөй кыргызстандык бар. Баарыбыз байланыштабыз. Саламаттыгы дурус. Вирустан сактануу боюнча бири-бирибизге кеңеш берип жатабыз. Бул жактан бизге «беткап тагынгандан көрө мээлей кийгиле» деп атышат. Анткени вирус көбүнчө кол аркылуу жугат экен. Маселен, коомдук жайларда, транспортто бир нерсени кармап, анан колубузду мурдубузга же оозубузга алып барганда жугузуп алуу коркунучу чоң экен. Ошондуктан бир жолу кийип ыргытуучу мээлейлерди колдонуп, колду тез-тезден жууп, гигиенаны сактоого чакырып жатышат. Миландын көчөлөрүндө эл аз. Чоң дүкөндөр да жабылышы мүмкүн экени айтылууда. Ошого байланыштуу эл азык-түлүктү көп алып, текчелер бошоп калып жатат. Андай бош текчелерди көргөн башкалар «мындай эч качан болгон эмес» деп дүрбөлөңгө түшүп турган кези. Азыр мен да үйдөмүн. Кыргызстандан жакындарыбыз жазып, сурап, тынчсызданып жатышат. Мен көп деле корккон жокмун. Жөнөкөй сасык тумоодон деле жыл сайын канча адам өлөт... Болгону жакшы тамактанып, витаминдерден ичип, иммунитетти караш керек деп ойлойм».

Расмий эмес маалымат боюнча, Италияда баш-аягы беш миңдей кыргызстандык бар. Алардын көбү каттоого турган эмес жана негизинен өлкөнүн түштүгүндөгү Неаполь шаарында эмгектенет. Негизинен тейлөө жаатында иштешет. Бала багып, үй жыйнашат, кары-картаң италиялыктарга кам көрүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG