Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

Ишкердин кармалышы коопсуздукпу же бизнеске чабуулбу?


Мыйзамсыз курал сактоого шек саналып кармалган ишкер Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалды. Курал-жарактан тышкары, анын кеңсесин тинткен учурда ири суммадагы акча жана 2 грамм баңгизат табылганы кабарланды. Ишкердин адвокаты бардык куралдар мыйзамдуу болгонун билдирүүдө.

19-августта атайын кызмат тарабынан кармалган ишкер, «Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга камалды. Биринчи Май райондук сотунун 20-августта чыгарган чечимине ылайык, ал 19-октябрга чейин абакта болот. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун ушул жылдын 20-августундагы токтомуна ылайык, Журат Абдуллаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү ушул жылдын 19-октябрына чейин тандалды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды», - деп билдирди соттун өкүлү Айзада Момунова.

22-августта атайын кызмат Абдуллаевдин кармалышы боюнча дагы бир кошумча маалымат таратты. Анда ишкердин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ири суммадагы акча табылганы айтылган. Атайын кызматтын билдиришинче, ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынды.

Журат Абдуллаевдин кеңсесинен табылды делген акчалар
Журат Абдуллаевдин кеңсесинен табылды делген акчалар

Абдуллаевдин адвокаты Мирлан Насыровдон маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Адвокат Kaktus Media басылмасына берген учкай маегинде куралдар мыйзамдуу экенин жана кардары күнөөсүн моюнуна албай турганын билдирген.

Сүт азыктарын чыгарган компаниянын өндүрүшү Токмок шаарынын жанында жайгашкан. Кызматкерлеринин маалыматына караганда, ишканада жалпысынан 5 миңдей киши иштейт. Өзүн Мадина деп тааныштырган кызматкер буларды айтып берди.

«Биз балдарыбызды кийиндиришибиз керек. Жакында маяна берилмек. Ал жок, акчасын мыйзамсыз эле алып коюшту. Бул биздин маңдай терибиз да. Азыр баары Журатка байланыштуу болуп турат. Биз баарыбыз андан маянаны күтүп жаткандыктан, балдарды мектепке кантип кийиндиребиз деп кабатырбыз. Бул адамдын эч кандай күнөөсү жок. Анткени, жеке мен анын колунда 10 жылдан бери иштейм. Токмоктун жарымы, Бишкектен да көптөгөн адамдар маянасыз калганы турат. Иш кийген кийиминде болуп жатат. Бирок, камуфляждык кийимди кийүүгө кайсы жерде тыюу салынды эле? Эгер ал бир нерсеге айыптуу болсо, ал цехке келмек беле, балмуздак чыгарган ишканасын текшергенге уруксат бермек беле? Албетте, ал эч нерсеге айыптуу эмес. Жөн кармап алып, колун кайрып алып кетишти. Ушул эми жакшыбы, ушул адамгерчиликпи?».

Журат Абдуллаевдин үйүнөн табылды делген зооттолгон аскердик унаа
Журат Абдуллаевдин үйүнөн табылды делген зооттолгон аскердик унаа

УКМК 19-августта Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынганы белгиленген.

Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков ага байланышкан окуя тууралуу мындай пикири менен бөлүштү.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

«2010-жылдагы трагедиялуу окуядан кийин миңдеген курал-жарактар, тапанча, автомат, жардыруучу заттар жоголгон. Ошонун 50% ашыгы дагы деле элдин колунда. Көбүнчө криминалдын колунда. Бул жерде «Үмүт жана Ко» компаниясынын теңтөрагасы Журат дегендин үйүнөн БРДМ (боевая разведывательно-диверсионная машина) чыгып атпайбы. Муну айыл чарба техникасы деп алып келгени, ошол убакта ага ким жардам бергени, бажычылар, дагы башка чоң коррупциялык схемалар жатат, жеке эле мыйзамсыз курал эмес. Андан тышкары автомат, курал-жарактар, патрондор чыгып атат. Бул жерде укук коргоо органдары абдан эле туура иштеген. Мындан кийин дагы ушундай рейддерди жасап, ыкчам маалыматтарды текшерип, ушуга окшогон курал-жарактын бардыгын мыйзамсыз алып жүргөн жарандардан алыш керек».

«Үмүт жана Ко» компаниясы 1997-жылы түзүлгөн. Алгач балмуздак жасаган мини цехтен суусундуктар менен сүт азыктарынын түрлөрүн чыгарган ири өндүрүшкө айланган. Кыргызстандын сүт палатасы «Үмүт жана Ко» менен «Ак-Сүт» компаниялары Кыргызстандын сүт рыногунун 50-60% ээлик кыларын билдирет. Өндүрүмдөрүнүн 70% экспортко кетээри маалымдалат.

Жрналист Тынчтык Алтымышев Абдуллаевдер курал колдонуп кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттерге барганы, кандайдыр бир экстремисттик же кылмыштуу топторго аралашканы тууралуу маалыматты укпаганын айтат. Ал Журат Абдуллаев өңдүү өз ишине тың ишкерлерди камоо ансыз да кооптонуу менен жашап келаткан башкаларды катуу коркутат деген пикирде.

Тынчтык Алтымышев
Тынчтык Алтымышев

«Мен Журат Абдуллаевдерди журналист катары башынан бери билем. Булар велосипед, мотоцикл менен бөтөлкө чогултуп, өздөрү менен өздөрү тырмышып жүрүп ушундай чоң бизнести түптөгөн. Бизнеси жандангандан кийин анан эс алуу жайларын ачып, мамлекеттик жумушта бир күн да иштебей ушул даражага жеткен ишкерлер. Анан ушул адамдардын бизнесинде кандайдыр бир алдоо, салыктан жашыруу болуп же жумушчулардын укугун тебелеп, же чыгарган өндүрүмүнөн кемчиликтер чыгып, бирөөлөр ууланып, ошол ишмердиги боюнча жоопкерчиликке тартыла турган болуп иштер козголсо, мен макул болмокмун. «Үйүнөн курал чыгыптыр, камуфляж кийип жүрөт экен, иш бөлмөсүндө, үйүндө мынча акча кармап отурат экен» деп кармоо абсурд да. Ансыз деле буга чейин «кустуруу» башталгандан кийин чоң капитал менен ишкерлердин чоң көчү сыртка чыгып кеткен».

Алтымышев Журат Абдуллаевден табылды деген курал-жарактарды 2010-жылдагыдай тоз-тополоңдо алардын ишканаларына кол салынып, мыйзам да, бийлик да коргой албай калган кырдаалдан алынган сабак катары көрөт.

Жарандык активист Ренат Зарлыков Абдуллаевдин жергиликтүү деңгээлде карапайым адамдарга жасаган кайрымдуулук иштерине көп эле жолу күбө болуп жүргөнүн айтат. Арийне, бул ага мыйзамдык артыкчылык бербеши керек дейт.

Ренат Зарлыков
Ренат Зарлыков

«Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Ишкер болобу, карапайым адамбы же колунда мансабы бар аткаминер болобу – баарыбыз мыйзам алдында тең каралышыбыз керек. Мыйзам алдында жоопко да тең тартылышыбыз керек жана ошол мызйам бардыгыбыздын укугубузду бирдей коргошу керек. «Мен ишкермин, мен көп салык төлөп атам, карапайым элге көп жардам берип атам, ошондуктан үйүмдө танка айдап жүрсөм болот» дегенди мен өтө терс көрүнүш деп эсептейм. Мисалы, мен карапайым адам катары мергенчи курал алыш үчүн бир топ документтерди чогултуп, тартибин басып өтүшүм керек. Убарасы көп да. Анын үйүндо жанагыдай октор, автоматтар, пулемет чыгып жатат. Менин оюмча, эгерде ошонун баары мыйзамсыз болсо жана мыйзам алкагында далилдеп бере албаса, жоопко тартылыш керек. Адамдык фактор бар да. Турган мылтык бир күнү болбосо бир күнү атылат. Ошондой кырсык болбошу үчүн мыйзам менен тыюу салынган. Мыйзам тургандан кийин, ага баш ийиш керек. Эгерде акчалуу киши мыйзамга баш ийбей, үйүнө ошондой арсенал чогултуп, акчасы жок киши мыйзамга баш ийип жашаса – анда укуктук мамлекетке жакын да жолобой калабыз».

«Үмүт жана Ко» компаниясы 2021-жылдын жыйынтыгында «Тазабек» басылмасынын рейтинги боюнча Кыргызстандагы 500 ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кирип, 110-орунду алган. Бюджет порталындагы маалыматка таянсак, 2022-жылдын жети айында мамлекеттик казынага 51 млн сомдон ашуун салыктык жана башка төлөмдөрдү жасаган. Ал эми «Ак-Сүт» фирмасынын төккөн төлөмдөрү 37 млн сомдон ашкан.

Атайын кызматтын расмий маалыматында Журат Абдуллаевге таандык «Үмүт жана Ко» ишканасы салык боюнча 10 млн. сомдон ашууна карызы бар экени жазылган.

Ишкер Медербек Эсеналиев ишкердин мындай чоң кампания менен кармалышы жана ага байланыштуу маалыматтардын бүдөмүктүгү инвестициялык климатка тескери таасирин тийгизет деп эсептейт.

Медербек Эсеналиев
Медербек Эсеналиев

«Бир тараптуу маалымат кетип жатат. Мамлекет өзүнүн кубатына таянып бир тараптуу маалыматты жарыялап жатат. Балким экинчи тарабын, тарапташтарын дагы угуп көрүш керектир. Алынган курал- жарактар мыйзамдуу алынганбы, алынган акча канчалык деңгээлде мыйзамдуу, кайсы жакка жумшалмак? Балким өзүнүн ушунча ишмердигинен топтолгон акчадыр? Себеби, бул киши өмүр бою бизнесте жүргөн киши да. Билесиздер, «Үмүт жана Конун» бир канча өндүрүмү Кыргызстандын ичинде эле эмес, коңшу Казакстанга да экспорттолот. Ушундай деңгээлдеги ишкердин колунда 822 млн. сом болот да. Азыр андай сумма, жадагалса андан да көп каражат кээ бир чиновниктерде да болуп атпайбы. Муну чоң саясатка айландыруунун кереги жок болчу. Менин оюмча, бул жерде саясий жагдай бар. Карабайсызбы, эгерде 10 млн. сом салык төлөнбөсө, 822 млн. сом табылган кишиде анчалык акча болбой калат дейсизби. Бул саясий жагдай. Анан, жанагы 2 граммдык баңгизаттын табылганы күлкүлүү да».

Ишкердин атайын кызмат тарабынан кармалышы социалдык тармакта да кызуу талкууга алынууда. Ишкердин зооттолгон аскердик техника баш болгон оор курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактап жүрүшү коомдо күдүк ойлорго түрткү берүүдө. "Мамлекет калкты жумуш орун менен камсыздап жаткан ишкерлерге тийбеши керек" деген пикирлер да көп айтылууда.

Ал эми саясат таануучу Эмил Жураев ишкердин кеңсесинен табылды делген миллиондогон каражаттын жарыяланышын «бузукулук» деп атады.

Эмил Жураев
Эмил Жураев

«Ири ишкерден, бизнесменден калың элдин көзүн уялткан акча көлөмү табылды деп сүрөттөрүн чыгарыптыр. Бизнесменде акчасы болбошу керек экен, көрсө. Чокойчунун чокою болбош керек экен. Албетте, эптеп, баланча-тигинче мыйзам бузду деп айтышат, керек болсо далилдеп да беришет, эмне экен? Бирок бизнес менен жүргөн, элдин баары күнүмдүк түрдө анын бизнеси менен тааныш болгон кишини террористтей кармап, анан таңгак-таңгак акчасынын сүрөтүн элге кылмыштай кылып чыгаруу — бул накта бузукулук. Акчасы бар адамдарды жек көрүүгө түртмөлөө. "Классовая ненависть" деп койчу эле муну мурдараак».

22-август күнү кечке маал Журат Абдуллаевдин айылдаштары менен "Үмүт жана Ко" ишканасынын кызматкерлери чогулуп президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар Абдуллаевдин калк үчүн жумуш орундарын түзүп келатканын, мамлекет үчүн кооптуу иштерге барбашын жана колунда жокторго такай кайрымдуулук жасап тураарын белгилешип, аны абактан чыгарууну өтүнүштү.

"Үмүт жана Ко" жана «Ак-Сүт» фирмаларынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу "Гавайи" эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү. Мындан тышкары, бир туугандар 2013-жылы «Кант нан заводунун» 98,55% акциясын сатып алышканы кабарланган. 2010-жылдагы элдик толкундоолордо белгисиз адамдар «Гавайи» эс алуу жайын өрттөп кетишкен.

Буга чейин, 11-августта ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан граната табылган болчу. Жардыргыч зат өз учурунда зыянсыздандырылып, андан жабыр тарткандар болгон эмес. Бул окуяны ишкер өзүнүн бийликке каршы саясий көз карашына байланыштырган. Шаменов ага чейин Нарындагы "Жетим-Тоо" темир кенин иштетүүгө каршы пикирин ачык билдирип чыккан. Андан кийин ишкердин "Тянь-Шань форель" деп аталган балык чарбасын текшерүү күчөп, Таш-Көмүрдөгү ижарага алган суу бетиндеги аянтын мамлекетке кайтарып алуу аракеттери жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG