Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Иран: жаңы президент Раиси кызматка киришти


Ибрахим Раиси
Ибрахим Раиси

Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси 5-августта парламент алдында ант берип, кызматка киришти.

Июндагы шайлоодо жеңип чыккан ашкере консерватор Ибрахим Раиси 5-августта парламент депутаттарынын алдында ант берди. Анын алдында өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Раисини президенттикке бекиткен эле. Ошентип, байистүү деп саналган буга чейинки мамлекет башчы Хасан Роуханиден бийлик Раисиге өттү.

Парламентте депутаттар, 70ден ашык өлкөдөн келген чет элдик коноктор алдында ант берген Ибрахим Раиси:

“Мен өз өмүрүмдү элге, мамлекетке кызмат кылууга, дин жана ыйманды пропагандалоого, адилеттик жана чындык колдоого арнайм”,-деп билдирди.

Раиси Ирандын экономикасы АКШнын санкцияларынан улам начарлап, саламаттык сактоо тармагындагы кризис курчуп, 2015-жылкы өзөктүк келишим боюнча дүйнөлүк державалар менен оор сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда мамлекет башына келди.

Раисинин ант берүү аземи.
Раисинин ант берүү аземи.

Президент болгонго чейин Ирандын сот системасын жетектеген 61 жаштагы Ибрахим Раиси адам укуктары жаатындагы кырдаал үчүн Батыштын сынына кабылып келген.

Ага АКШ миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына тартууга катышкан жана сот системасында ролу үчүн санкция киргизген.

19 жашында Ирандагы Ислам ыңкылабына катышкан ультраконсерватор Раиси өмүр жолунда ашкере динчил бийликтин сүрөөнчүсү болуп келген.

Ал эми эки мөөнөт бийликте турган мурдагы президент Хасан Роуханинин эң жогорку жетишкендиги катары дүйнөлүк державалар менен түзгөн өзөктүк келишими саналат. Бул үчүн Тегерандан бир катар санкциялар алынып салынган.

2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп аталган келишимден чыгып кеткенден кийин экономикалык чектөөлөрдүн кайра калыбына келтирилиши Ирандын экономикасына олуттуу сокку болуп калды.

Раисинин алдында экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу маанилүү иштер турат.

Быйыл апрелден июнга чейин Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөдөгү алты державанын өкүлдөрү менен алты айлампадан турган сүйлөшүүлөр өттү. Акыркы сүйлөшүүлөр 20-июнда болуп, андан кийинкилеринин так мөөнөтү аныктала элек.

Өзөктүк программаны жандантуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн улануусун жактаган дипломат Энрики Мора Раисинин инагурациясына Евробиримдиктин делегациясын баштап барганы белгилүү болду.

Ибрахим Раиси шайлоодо жеңишке жетишкен соң өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну колдой турганын билдирген.

Ирандагы мамлекеттик маалымат каражаттары ант берүү аземине бир нече өлкөнүн бийлик өкүлдөрү келгенин жазып чыгышты. Алардын арасында Ирактын президенти, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Сирия сыяктуу бир нече өлкөнүн спикерлери бар.

Кыргызстандан да ага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген расмий делегация катышууда.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Ирандагы элчи Турдакун Сыдыков бар.

Эми Раиси өз өкмөтүнүн курамын жарыялашы керек.

3-августтагы кайрылуусунда жаңы президент АКШ киргизген «тирандык санкцияларды” жокко чыгаруу үчүн бардык аракетти көрөрүн билдирген.

“Биз албетте, репрессивдик санцияларды жокко чыгаруу үчун аракет кылабыз. Бирок биздин элдин жашоо деңгээлин чет элдиктердин эрки менен байланыштырбайбыз”-деди ал.

Раисинин кызматка киришкен учуру Оман булуңундагы кырсык боюнча саясий кризиске туш келди. Өткөн аптада Израил, АКШ жана Британия булуңга жакын жердеги израилдик кемеге кол салды деп Тегеранды айыптап чыккан. Ирандын бийлиги аны четке кагууда.

Мындан сырткары өлкөдө коронавируска байланыштуу эпидемологиялык абал курч болуп, саламаттык сактоо тармагына күч келүүдө. Бул өлкөдө вирусту 4 миллиондон ашык адам жугузуп, курмандыктар 92 000ден ашты.

Раисинин президенттикке киришүүсү менен өлкөдө бийликтин эки тизгин бир чылбыры толугу менен консерваторлордун колуна өтүп жатат. 2020-жылы өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигин ашкере динчилдер ээлешкен. Ал шайлоодо миңдеген реформачыл же байистүү талапкерлер катыша албай калышкан.

Бийликтин сынчылары быйыл 18-июнда өткөн президенттик шайлоодо деле Раисинин жеңип чыгышы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгилешет.

Анткени, реформачыл күчтүү саясатчылардын көпчүлүгүн талапкерлерди тандаган Ирандагы Ислам ыңкылабынын сакчылар кеңеши өткөрбөй койгон.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG