Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Ирандык бахаилерге күбөлүк берилбейт


Бахаи дининин символу.
Бахаи дининин символу.

Иранда бахаи динин тутунгандар мамлекеттик күбөлүк же тек-жайын ырастаган ID карта ала албай калышы мүмкүн. Болбосо алар өз дининен баш тартышы керек. Буга Тегеран киргизген жаңы чектөөлөр түрткү болууда.

Иранда мамлекеттик ID күбөлүк мамлекеттик кызматтарды пайдаланууда, банк иштеринде сөзсүз керек. Аны алыш үчүн жаран атайын форманы толтуруп тапшырат. Ал жерде динин да белгилөө зарыл. Буга чейин Ирандын Конституциясы тааныган төрт динден - исламдан, христиан дининен, иудаизмден жана зороастризмден - тышкары «башка диндер» деген да атайын опция бар эле. Эми жаңы эрежелерге ылайык, ал опция жоюлат. Ошондуктан Ирандагы диний азчылыкты түзгөн бахаилерде тандоо калган жок. Алар же төрт диндин бирин тандашы керек же мамлекеттик күбөлүктөн баш тартууга аргасыз болушат.

Иранда бахаи динин тутунгандардын саны 350 миңге жакын. Укук коргоочулар бийликтин бул аракетин 1979-жылкы Ислам революциясынан берки бахаилерге каршы дискриминациялык саясаттын дагы бири катары сынга алышты. Нью-Йоркто жайгашкан Ирандагы адам укуктары боюнча борбордун аткаруучу директору Хади Гаеми документ тапшыруу процессин «Эл аралык укукту болуп көрбөгөндөй одоно бузуу» деп баалады.

«Бул жаңы эреже менен Иран өкмөтү көптөгөн диний азчылыктарды негизги укуктарынан ажыратып жатат. Анын айынан алар негизги мамлекеттик кызматтардан колдоно албай калышат»​, - деп жазды Гаеми 27-январдагы билдирүүсүндө.

Документ толтурууда «башка диндер» деген опцияны алып салууга былтыр жыл башында консервативдүү депутаттардын бири Мохаммад Жавад Абтахи чакырган. Ал бул вариант «шайтан секталарды» мыйзамдаштырып салганын жүйө келтирген. Ашынган исламчылар бахаилерди дал ушундай атап коюшат.

Лондондогу бахаилер коомунун басма сөз катчысы Симин Фахандей 24-январда «Азаттык» радиосунун Иран кызматына билдиргендей, бул бахаилерге Тегеран көрсөткөн басымдын бир гана мисалы.

Тегерандагы Эвин түрмөсүндө жети жыл отуруп чыккан мурдагы саясий туткун Бахаре Хедаят өткөн жумада «Твиттерге» бахаилер күбөлүк алыш үчүн документ тапшырганда кандай жооп кайтарыларын «Твиттерине» жазды.

Хедаяттын маалыматына караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынан ага: «Урматтуу жаран, сиз айтып жаткан дин мыйзамга киргизилген эмес. Сиз документтерди мыйзамдагы шарттарга жараша тапшырсаңыз болот» деген жооп жазылып, тиешелүү шарттар белгиленген.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Ирандагы бийлик бахаилерди алардын дини үчүн гана куугунтуктап, камакка алган учурлар көп кездешерин билдирди. Уюм кошумчалагандай, Ирандын бийлиги бахаилердин сөөгү көмүлгөн жайларды да кыйратып салат. Кийинки жылдары бахаилерге университеттерге барууга да тыюу салынган. Алардын жеке ишканалары жабылып, ондогон бахаилер белгисиз айыптар менен камакка алынган.

Иран боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Жавид Рехман 2019-жылкы отчётунда бахаилер «репрессиянын болуп көрбөгөндөй түрлөрүнөн, куугунтуктан» жабыркап келатышканы жазылган.

Бахаи дини - ирандык диний ишмер Хусейн Али-и-Нури XIX кылымда негиздеген монотеисттик дин. Ал бир катар диндердин элементтерин өзүнө камтыйт.

Постсоветтик чөлкөмгө бахаи дини Советтер Союзу кулагандан кийин келген. Кыргызстанда 1992-жылы диний уюм катары каттоодон өткөн. Учурда өлкөдө бахаи динин тутунган миңге жакын киши бар. Ушул күндөрү Бишкек, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Кочкор, Каракол, Балыкчы шаарларында бахаи жамааттары расмий түрдө иш алып барат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG