Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Имамды түрмөгө түрткөн "кооптуу сөз"


Абдулхак Обидов. Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечиттин имам-хатиби.
Абдулхак Обидов. Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечиттин имам-хатиби.

Тажикстанда имам башка бир дин аалымынын тажиясында аны улуу көсөмгө теңеп сүйлөгөнү үчүн камакка алынды.

Тажик атайын кызматы Имам Абдулхак Обидов башка бир төрт киши менен бирге салафизм агымына шек саналып, кармалганын билдирди.

Жергиликтүү медиа анын себебин бийлик имамдын сөзүнөн “Улут көсөмү” макамы ыйгарылган президент Рахмонго каршы коркунучту көргөнү менен байланыштырды.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын Шохмансур районундагы Имам Азам борбордук мечитинин имам-хатиби, 44 жаштагы Абдулхак Обидов диний аалымдын тажиясында чогулгандарга каза болгон адамдын даражасы тууралуу сүйлөгөн сөзүнөн кийин кармалган.

Ал өлкөдөгү диний чөйрөдө Махсуми Абдулхак деген ат менен белгилүү.

Имамдын тажияда сүйлөгөн сөзү тартылган видео интернетке тарады. Социалдык тармактардын тажик сегментинде имамдын кармалышы кызуу талкууга алынган.

Тасмада имам Абдулхак Обидов белгилүү маркум диниятчы жана беделдүү ишмер Хикматулло Тажикободини өлкөдөгү эң улуу жол башчылардын бири болгон деп сыпаттаган:

“Алла Таала чыныгы аалымдарды бул дүйнөдөн алып кеткенде жер жүзүндө Кудайдан корккондор азайып, адамдар мокок, ырайымсыз жол башчы сөрөйлөрдүн артынан ээрчип калат. Бүгүн биз тажик мусулмандар коомундагы мына ошол эң эле улуу жол башчыны жоготтук”, – деп сүйлөгөн диний аалымдын жаназасын окуган Абдулхак Обидов.

Аны кармап, камакка алган Улуттук коопсуздук комитети диниятчы салафизм агымына шек саналып жатканын кабарлады.

“Бомдод” сайты "Атайын кызмат анын бул айтканы 2016-жылы “Улут көсөмү” деп жарыяланган президент Эмомали Рахмондун өлкөдөгү беделине көлөкө түшүрөт" деген негизде кооптонуп камаганын жазып чыкты.

Бул тууралуу жергиликтүү сайтка шилтеме берип, "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Бирок имам Обидовдун кармалышы боюнча Тажикстандын Улуттук коопсуздук органынын тараткан билдирүүсүндө ал тууралуу сөз жок.

“Озоди” тажик кызматына Обидовдун туугандары ал тажиядан кийин Вахдат районундагы үйүнө барганда атайын кызматка суракка чакырылып, ошол бойдон кайтып келбегенин айтышкан.

"Ховар" улуттук агенттиги УКМК аны башка дагы төрт шериги менен кошо кармалганын кабарлады. Алардын бардыгына Тажикстанда тыюу салынган салафизм агымына байланышы бар деген шек менен кылмыш иши козголгону белгиленген. Бирок аларды салафийликке шек санаган кылмыш ишинин маани-маңызы тууралуу башка маалымат берилген эмес.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети имамдын тажияда сүйлөгөн сөзүнүн анын кылмышка шек саналып кармалышына тиешеси жок деген билдирүү таратты.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да бийликке анча жакпаган же коомдо кадыр-баркы бир топ жогору саналган аалымдар диний экстремизмге айыпталып, кылмыш иши козголгон же табышмактуу жагдайда жок кылынган учурлар болгон.

Мыйзам боюнча, тажик президенти - “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улуттун көсөмү" деген расмий макамга ээ.

90-жылдардын башында жарандык согушту башынан кечирген Тажикстанды Эмомали Рахмон дээрлик 30 жылдан бери башкарып келет. Аны даңазалаган же ага сый көрсөтүүнү көздөгөн иш-чаралар Тажикстанда байма-бай өтөт.

2016-жылы тажик өкмөтү "Улут көсөмү" - Рахмонго коомчулук алдында акарат келтиргендерди жазалоо тууралуу токтомду жактырган. Кылмыш кодексинин 137-беренесин өзгөртүү боюнча документке Эмомали Рахмон өзү кол койгон.

Мыйзамга ылайык президентти – "Улут көсөмүн" эл алдында мазактагандар жана ага жалган жалаа жапкандар беш жылга түрмөгө түшөт. Интернетте жана башка маалымат булактарында жамандагандарга да жаза берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG