Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Таажысы түшө элек вирус: Жаңы азилдер


Таажы вирусу. Карикатура. А.Кустовский.
Таажы вирусу. Карикатура. А.Кустовский.

“Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили таажы вирусу (коронавирус) тууралуу жаңы азилдерди камтыйт.

* * * * *

–– Түркмөнстанда таажы вирусу расмий түрдө четке кагылган соң, карапайым калайык жаңы илдетти ГБВ деп атай башташыптыр.

–– Кандай чечмеленет экен?

–– Гурбангулы Бердымухамедов вирусу деп...

* * * * *

–– Карантин маалында үйдө кийгенге пижама ыңгайлуу, бирок жынсы шымдан өтөөрү жок.

–– Эмне үчүн андай?

–– Толуп кеткениңди кайсы кийим менен тагыраак ченейсиң, ошону айтам.

* * * * *

–– Берекем, бурчтагы дүкөнгө чуркап барып келе калчы!...

–– Билди-им!.. Көрсө биздин үй-бүлөбүздө эч ким аябай турган жан мен турбаймынбы!..

* * * * *

–– Карантин маалында социалисттер менен коммунисттер көбөйө түшөт экен деген чынбы?

–– Албетте! Бош убакыт көп болгон соң, кошуна олигархтан тартып Билл Гейтске чейин байлыгын кантип топтошкону тууралуу жоромол кылууга кеңири мүмкүнчүлүк жаралат тура.

* * * * *

Дүкөндө кезекте эптеп алдыга суурулуп чыгуу үчүн айлакер жигит катуу чүчкүрдү да, баарына угуза бакылдады:

–– Шайтан алгырдыкы! Каяктан да Ухан деген шаарга бара калдым эле?!.

–– Биз да ошояктан бир аба каттамы менен чогуу учуп келдик! Шүк тур!.. –– деп кезектегилер жаалап кыйкырып жиберишти

* * * * *

–– Таажы вирусунун кандай түрлөрү бар экен?

–– Кытайдан, Италиядан, умрадан, пакистандык дааваттан, эми болсо той-тороподон чыкканы бар экен...

* * * * *

Көркөм тасмалардын жана көркөм чыгармалардын аталыштары менен байланыштуу азилдерден.

“Таажы вирусунун айынан...”

Бул сөз айкашына эми чыгарманын аталышын кошо бериңиз:

“Үйдө жалгыз”;

“Жазз тобунда жалаң кыздар”;

“Сынган кылыч”;

“Жыгылган ооганга күлөт”;

“Кутуда калган киши”;

“Италиялыктардын Орусиядагы укмуштуу окуялары”; ж.б.

* * * * *

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG