Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

HRW: Ооганстанда хазар-шииттери кодуланууда


Ооганстан. Хазар-шииттери отурукташкан Бамиян шаарындагы жардыруу. 24-ноябрь, 2020-жыл.
Ооганстан. Хазар-шииттери отурукташкан Бамиян шаарындагы жардыруу. 24-ноябрь, 2020-жыл.

"Хьюман Райтс Уотч" талибдердин Ооганстанда жүздөгөн үй-бүлөлөрдү кодулап, жер которууга мажбурлап жатканын айыптады.

Күч менен көчүрүлгөндөрдүн көпчүлүгүн диний-этникалык азчылыкты түзгөн хазар-шииттери менен мурдагы бийликте иштегендер түзөт. Буга чейин хазарлар намазга чогулган мечиттерде жардыруулар болуп, мурда армияда кызмат өтөгөн хазарлар өлтүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган эле.

HRW: талибдер хазарлардын үйлөрүн тартып алышууда

"Хьюман Райтс Уотч" адам укугун коргоо уюму 22-октябрда Ооганстанда “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийликке келгенден бери беш провинцияда жашаган хазар-шииттерине үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө эскертүү бергени боюнча билдирүүсүн жарыялады. Анда кайсы бир укуктук дооматы жок эле, алар отурукташкан жерлерди бошотууну талап кылган учурлар катталганы көрсөтүлгөн. Талибдер мурдагы өкмөт хазар тектүү аткаминерлерге берген турак жайларды бошотуп, өздөрү ээлеп алганы белгиленди.

Ооганстан. Мохаммад Мохакек. Ооганстандын мурдагы президентинин коопсуздук жана саясий иштер боюнча улук кеңешчиси. 8-март, 2021-жыл.
Ооганстан. Мохаммад Мохакек. Ооганстандын мурдагы президентинин коопсуздук жана саясий иштер боюнча улук кеңешчиси. 8-март, 2021-жыл.

"Биз бул маселе курчуп отуруп, канабайран согушка айланышын каалабайбыз. Бул мажбурлап көчүрүү маселесин токтотуу тынч жол менен, укуктук тартипте чечилишине үмүттөнөбүз. Буга эл аралык жана адам укугун коргоо уюмдарынын кийлигишүүсүн суранат элек", - дейт хазарлар коомунун лидери, мурдагы президенттин коопсуздук жана саясий иштер боюнча улук кеңешчиси Мохаммад Мохакик.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык адам укугун коргоо уюмунун директорунун орун басары Патрисия Госсман хазарларды күч менен көчүрүүнү талибдер диний-этникалык жана саясий көз караштар боюнча бөлүп-жарууга барып, башкалардын эсебинен өз тарапкерлерин сыйлоо үчүн жасап жатканын айтты.

Коркунуч астында жашаган шииттер

Буга чейин Ооганстандагы шиит-хазарлары жума намазын окуган мечиттерде бир нече ирет жардыруу болуп, ондогон адам көз жумган.

"Биз азыр ар кандай кырдаалдан коркобуз. Мен керек болсо, кең көчөлөр менен баспайм. Буйтка көчөлөр менен гана жумушума барып келем. Анткени менде "жанкечти дагы кайсы жерди жардырат?" деген ой мээме сиңип калган. Тыгында же адамдар топтолгон жерде турганда "теракт болуп кетеби" деп коркуп турам. Анткени биз дайым ИГИЛдин коркунучу астында жашап калдык", - деди теракта инисинен ажыраган хазар дарыгер Асиф Лали.

Ал эми диний-этникалык өзгөчөлүгү боюнча кодулоого дуушар болуп, алар жайгашкан аймактарда байма-бай жардыруулар жүрөк үшүн алган хазарлардын дагы бири Хусеин Рахиминин айтымында, алар азыр аягы жок коркунучтун астында жашап калышты.

"Бул өзүнчө эле аягы көрүнбөгөн коркунуч. Анткени мен жана менин үй-бүлөм мурдагыдан да аябай коркуп жашап калдык. Мечитке чыгып, жолдо баратканда мен дайыма келме келтирүүнү адатка айландырып алдым. Себеби үйгө тирүү кайтамбы же жокпу, эч бир кепилдик жок", - деди хазар тектүү ооган жараны Хусеин Рахими.

Бийликтин жоопкерсиздиги

"Талибан" башкарган ооган өкмөтү соңку мезгилде Кандагарда жана башка провинцияларда болгон шиит-хазарлары чогулган мечиттерде болгон жардырууларды айыптаган. Бул жардырууларды "Ислам мамлекети" тобунун Хорасан бөлүмү уюштуруп жатканы айтылган.

Анткен менен ооган университетинин лектору, профессор Мохаммад Бакир калк дагы каякта жардыруу болушу мүмкүн деген чочулоо менен жашап, бийликтен коопсуздукка кепилдик жок экенин айтты:

"Биздин коомчулук алдыда эмне болорун туюп, сезип-билип калды. Мисалы үчүн бул жумада же 2-3 күндөн кийин Гератта жардыруу болушу мүмкүн. Мүмкүн, Кабулда дагы бир нерсе болот дегендей. Гилмендде же дагы бир башка шаарларда шииттер жума намазына чогула турган мечитттердин дагы биринде жардыруу болушу ыктымал деген кабатырлануу менен жашап калдык".

Беш провинциядагы жер которуулар

Адам укугун коргоо уюмунун билдирүүсүндө, Ооганстандагы эң ири жер которуулар Дайкунди жана Урузган провинцияларындагы 15 айылда жүрүп, өткөн айда эле 2800 хазар тектүү жаран башка жактарга көчүрүлгөнү айтылат.

Күч менен көчүрүү Гилменд, Балх, Дайкунди, Урузган жана Кандагар провинцияларында болгону баяндамада далилдер менен келтирилген. "Хьюман Райтс Уотч уюмунун" маалыматына караганда өлкө боюнча 4 миллиондон ашуун калк жер которгон. Анын ичинен 665 миңден ашуун шиит-хазарлары.

Бул айдын башында Эл аралык Мунапыс уюму быйыл август айынын ортосунда согушкерлер Кабулда өкмөт кулатылгандан эки жумадан кийин талибдер 13 этникалык хазарды, анын ичинде 17 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүшкөнүн жарыялаган.

Шиит диний агымын тутунган хазарлар Ооганстанда саны боюнча үчүнчү орунда турган этникалык топ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG