Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Гуантанамонун мурдагы туткуну министр болду


"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү президенттик сарайда. Кабул. 15-август, 2021-жыл.
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү президенттик сарайда. Кабул. 15-август, 2021-жыл.

"Талибан" кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү министрликтерге дайындалышты. Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөн түмөндөгөн адамдар Кабул аэропортунун тегерегинде топтолуп турат.

Мурдагы туткун Коргоо министрлигин жетектейт

Ооганстандын "Пажвок" маалымат агенттиги кабарлагандай, Гүл Ага Ишакзай каржы министринин, ал эми Садр Ибрагим ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Al Jazeera агенттиги коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гуантанамо түрмөсүндө отуруп чыккан молдо Абдул Каюм Закир бекитилгенин кабарлады.

Бул дайындоолорду "Талибан" кыймылынын өкүлү ырастаганын Рейтер агенттиги жазды.

Талибдердин өкүлү билдиргендей, провинция губернаторлору кыймылдын тажрыйбалуу командирлеринин арасынан тандалат. Ал ошондой эле бул дайындоолор убактылуу экенин кошумчалады.

Гүл Ага Ишказай Улуттар Уюмунун санкциялык тизмесине кирген. Маалыматтарга караганда, ал "Талибан" кыймылынын негиздөөчүсү, маркум молдо Омордун бала кезинен берки досу, жакын кеңешчиси болгон.

Молдо Абдул Каюм Закир дагы Омордун жакын санаалашы катары саналган.

Басылмалар жазгандай, ал Ооганстанга АКШ күчтөрү 2001-жылы киргенде кармалып, Кубадагы Американын Гуантанамо түрмөсүндө 2007-жылга чейин камалып турган. Кийин аны Вашингтон ооган өкмөтүнө өткөрүп берген.

Садр Ибрагим дагы "Талибандагы" таасирдүү адамдардын бири. Өткөн жумада талибдер Хажи Мохаммед Идристи Борбордук банктын жетекчисинин кызматын аткаруучулукка дайындашкан.

Маалыматтарга караганда, Идрис кыймылдын мурдагы лидери, 2016-жылы өлтүрүлгөн Ахтар Мансур менен көп жылдар бою каржы жаатында кызматташкан.

Кабулда бараткан талиб жоочусу. 18-август, 2021-жыл
Кабулда бараткан талиб жоочусу. 18-август, 2021-жыл

Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөндөр көбөйдү

Ал арада Кабул аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн адамдар батпай калды. Пентагон билдиргендей, ушул тапта 10 миңдей киши топтолуп турат.

Ак үй соңку 11 күндө 82 миңдей киши Ооганстандан чыгарылып кеткенин билдирди. Ал эми июль айынын этегинен бери эвакуация болгондордун саны 88 миңге чамалады.

24-августта "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин лидерлери виртуалдык жыйын өткөрүп, Ооганстандагы кырдаалды талкуулашкан. Ошондой эле америкалык аскерлерди 31-августтан кийин да Ооганстанда калтыра туруу маселеси ортого коюлган. Анткени Британия, Германия жана Франция бул мөөнөткө чейин өз жарандарын чыгарып кетүүгө үлгүрбөй каларын айтып, кооптонуусун билдирген. Кабул аэропортундагы коопсуздукту учурда АКШнын армиясы камсыздап жатат.

Анткен менен АКШнын президенти Жо Байден аскерлерин белгиленген мөөнөттөн ашык убакытка калтырбай турганын, 31-августка чейин чыгарып кетерин билдирди. Ал ошондой эле Ооганстандагы айрым террордук топтор чабуул коюшу мүмкүн экенин эскертип, "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун аймактагы канатын мисал келтирди.

Талибдер билимдүү оогандыктардын чыгып кетүүсүн каалабайт

Анын үстүнө "Талибан" кыймылы дагы чет өлкөлүк аскерлердин 31-августтан кийин калышына макул эместигин жарыялаган. Ошондой эле кыймылдын өкүлдөрү Вашингтонду билимдүү, жогорку квалификациядагы оогандыктарды кошо алып кетпөөгө чакырды.

24-августта өткөргөн маалымат жыйында "Талибандын" маалымат катчысы Забиулла Мужахид чет мамлекеттерди дагы элчиликтерин жаппай, ишин улантууга үндөдү.

Ал арада Москва Ооганстандагы 500дөй орусиялыкты жана украин, беларус, кыргыз, тажик жана өзбек жарандарын чыгарып кетүү үчүн төрт аскердик учагын жөнөтөрүн билдирди. Жараян качан ишке ашары азырынча белгисиз. Буга чейин Орусиянын Ооганстандагы элчиси аларды талибдер кайтарып жатканын билдирген эле.

"Талибан" кыймылы баш калаа Кабулду 15-августта ээлеп алган. Көптөр үчүн ооган армиясынын эч каршылыксыз талибдерге багынып бергени күтүүсүз болду. Эксперттер мунун себебин армиядагы коррупциядан көрүшөт. Себеби, армиядагы аскерлердин дээрлик жарымын "жел жоокерлер" түзгөн. Алар кагазда гана болгону менен, реалдуу жашоодо жок болчу. Аскерлерге бөлүнгөн экипировка, күйүүчү май жана башка курал-жабдыктар такай уурдалып, көмүскө базарда сатылып келген.

Американын президенти Жо Байден аскерлерин 31-августка чейин чыгарып кетерин апрель айында жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG