Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Гаити: зилзала жүздөгөн өмүрдү алды


Гаитидеги жер титирөөдөн кыйраган турак жайлардын бири.
Гаитидеги жер титирөөдөн кыйраган турак жайлардын бири.

Гаитидеги зилзаладан ажал тапкандар 1300гө чамалады. Кариб деңизиндеги бул өлкөдө 14-августтагы жер титирөөнүн күчү 7,2 баллга чейин жетти.

Жер титирөөнүн очогу Пти-Тру-де-Нипп шаарына жакын жерде болуп, өлкөнүн баш калаасы Порт-о-Пренс баш болгон бир нече аймакта сезилди. АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, жер титирөө борбор шаар Порт-о-Пренстен 125 чакырымдай батышта, 14-августта жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 8:30 чамасында катталган.

Өлкөнүн Жарандык коргонуу агенттигинин башчысы Жерри Чендлер ​акыркы маалыматтар боюнча зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 1300гө чамалаганын билдирди:

“Азыркы маалга карата каза болгондордун саны 1297ге жетти. Жаракат алгандар 5700 адамды түздү. Каза болгондордун 1054ү өлкө түштүгүндө, 119 Гранд-Анста жана Нипп аймагында 122 адам”.

Расмий маалыматка караганда, өлкө боюнча оорукана, мектеп сыяктуу 700дөн ашык социалдык мекеменин имараты, 3800дөй турак үй, андан башка жол, электр линиясы сыяктуу инфраструктура жараксыз абалга келди.

Премьер-министр Ариэль Генри бүт өлкө үчүн бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады. Зилзаладан эң көп 200 миңдей киши жашаган Жереми шаары жабыр тартты. Мындан сырткары 90 миңдей калкы бар Ле-Ке шаары да зыянга учурады.

Учурда өлкөдөгү ооруканалар толуп, жаракат алгандар медициналык жардам ала албай жатышат. Табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн эл аралык уюмдарда иштеген гуманитардык кызматкерлер, дарыгер жана куткаруучулар баш калаа Порт-о-Пренстен аймактарга жөнөп жатышат.

Гаитинин коңшулары Доминикан республикасы жана Мексика азык-түлүк, дары-дармек жөнөттү. Колумбиялык куткаруучулар болсо издөө-куткаруу иштерине кол кабыш кылып жатат.

Ал эми АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр Кошмо Штаттар 65 адамдан турган куткаруучу команда жана керектүү жабдыктарды Гаитиге жөнөткөнүн кабарлады.

Рим Папасы Франциск дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири саналган Гаитидеги кезектеги жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюуга жардам берүү өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка кайрылды:

“Гаитиде аябай катуу жер титирөө катталды. Анын кесепетинен каза болгондор, жаракат алгандар бар жана көп материалдык зыян тартышты. Зилзаладан жабыр тарткан калктын жанында экенимди билдиргим келет. Кырсыктан каза болгондор үчүн Кудайга сыйынам. Ошондой эле эл аралык коомчулукка жардам бергиле деп кайрылат элем. Азыркыдай учурда тилектештик кырсыктын кесепетин жоюуга жардам берет”,-деди католик чиркөөсүнүн башчысы.

Гаити – Латын Америкасындагы экономикасы өнүкпөгөн, саясий туруксуздук орун алган агрардык өлкө. Калкынын саны 10 миллион адамга чамалайт. Июль айынын башында өлкөнүн президенти Жовенель Моизди өз резиденциясында өлтүрүлгөн. Анын өлүмү үчүн 28 адамдан турган топ кармалган эле. Бул окуя ансыз да экономикалык кризиске батып, саясий олку-солкулук өкүм сүргөн өлкөдөгү кырдаалды ого бетер күчөттү.

Соңку учурда коронавирустан улам элдин жону жукарып, жакырчылыкка белчесинен баткан. Эми “какаганга муштаган” болуп зилзала Гаитидеги абалды дагы татаалдаштырды.

Аралда жайгашкан өлкөдө зилзала, цунами көп катталат. Гаити 2010-жылдагы жер титирөөнүн кесепетин толугу менен жоюп бүтө элек болчу. Анда табият кырсыгынын кесепетинен 200 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG