Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Өкмөт малдын ордуна этти экспорттогусу келет


Өкмөт азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу айрым айыл чарба товарларын, анын ичинде малды сыртка сатууга убактылуу тыюу салды.

Чектөө эттин мындан ары кымбатташын алдын алууну максат кылат. Жыл башынан бери Кыргызстанда эттин наркы кескин өсүп, коомчулукта дүрбөлөң жаратты. Бул жагдай мал-жандыктардын экспортунун эселеп өсүшү менен түшүндүрүлүүдө.

Теманы «Элдик экономика» түрмөгүндө талдайбыз.

Жандалбас аракет

Социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салууну алгач Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги сунуштап чыкты.

Бир сыйра талдоодон кийин премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков атайын токтом кабыл алып, (№ 569, 19-ноябрь, 2020-жыл) товарлардын тобун Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди.

Ага ылайык, жылкы, бодо мал, кой-эчки, үй канаттуулары (тоок, өрдөк, каз, күрп жана куштар), дан эгиндеринен арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, жумуртка, тамак-аш тузу жана тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту) алты ай сыртка сатылбашы керек.

Чектөөнүн киргизилиши биринчи кезекте азык-түлүк тартыштыгына жол бербөө жана калктын улуттук коопсуздугу менен түшүндүрүлүп жатат. Анын ичинде өзгөчө малдын экспортунун убактылуу буулушу актуалдуулук жаратууда.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев муну мындайча чечмеледи:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Мунун негизги максаты - азык-түлүк коопсуздугун - сактоо. Анткени ошол эле эттин баасы мындан ары да көтөрүлүп кетиши мүмкүн болчу. 500 сом деген бул биздин эл үчүн психологиялык чек. Бул суммага чейин эт кымбаттаган эмес. Мындан ары көтөрүлүп баштаса, элдин абалы оорлойт. Ошондуктан ушул чектөөнү киргизүүгө туура келди».

Токтогазиев ошондой эле экспорттун кескин күчөшү менен Кыргызстанда малдын асыл тукумдуулугуна коркунуч келгенин белгилеп, жандыктарды сатууга чектөө киргизилиши ушу менен да шартталарын маалымдады.

«Белгиленген товарлардын ичинде, малдын бардык түрүн үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого алты айга тыюу салынды. Себеби, биздин анализибизге ылайык, сыртка чыгып жаткан малдын ургаачылары көп сатылууда. Эт түрүндө кетсе эркеги да, картаңы да сатылмак. Ошондуктан биздин чектөө биринчи кезекте ургаачы малды сактап калууга багытталат. Ал биздин мал чарбаны өнүктүрүү боюнча келечектеги программаларыбызга пайдубал болуп берет. Кошумча сырттан дагы жаңы асыл тукумдарды алып келип, төрт туяктын сапатын көтөрүшүбүз керек», - деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.

Өкмөт мындай чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алганын маалымдады. Бул тыюу салуу реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык багыттагы өндүрүмгө тиешеси жок.

Баса, коронавирус пандемиясы күчөгөн кезде, быйыл 22-мартта да (№174 токтом) өкмөт ушул сыяктуу азык-түлүктөрдүн жана медициналык товарлардын топтомун сыртка сатууга алты айга тыюу салган. Бирок анда мал-жандыкка чектөө жок эле.

Ошол себептүү айрымдар соңку чектөөнү өкмөттүн рынокко кийлигишүүсү катары баалап жатат. Бишкектик байкоочу Бактыбек Жумашев мындай пикирде:

Бактыбек Жумашев.
Бактыбек Жумашев.

«Бул мамлекеттин, базар экономикасына, сатуучу менен алуучунун ортосундагы алакасына ачыктан-ачык кийлигишүүсү. Ошончолук мал чарбасын өнүктүрөм десек, анда чабан, малчыларга тийишпей өзүнчө мамлекеттик программа чыгарып, ошол аркылуу иш кыла беришпейби? Ага ким тоскоол болуп жатат? Эттин баасы көтөрүлүп, мал кымбаттап жатат дешет. Бул суроо-талап, бул базар экономикасынын мыйзамы. Жөнөкөй буйрук менен чечиле турган нерсе эмес. Мал чет жакка кете бериш керек эле. Фермерлердин малы кымбаттап, «мына-мына сатам» деп жатканда, эми өкмөттүн шашылыш кадамы менен базарларда малдын сатылышы жайлап калды. Малчылар планынан тышкары тоют камдоого аргасыз болуп, жем-чөп издеп калышты. Аны сатып алыш үчүн дагы каражат керек. Кыскасы, булар чектөө киргизүү менен кайра элге чоң проблема туудурушту», - деди ал.

Бирок ошол эле кезде адистер жыл башында өзгөчө абал учурунда Кыргызстанда азык-түлүк, анын ичинде ун кандай талаш болгонун эскертип жатышат. Бул жагынан алганда эт азыктары да ошондой тартыш болуу коркунучу бар эле дешет айрым эксперттер.

Экономист Азамат Аттокуров өкмөттүн соңку чектөөсүн кубаттады.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Мен дагы эксперт катары мамлекеттин экономикага кийлигишкенин эч качан каалабайм жана жактабайм. Бирок бул жерде тамак-аш коопсуздугу биринчи орунда турат. Башкача айтканда, эт кымбаттай берсе, калк эт жей албай калышы мүмкүн. Ал андан ары башка кесепеттерге алып келет. Ошондуктан ушундай учурларда мамлекет экономикага кийлигишип турушу кажет. Себеп дегенде, Өзбекстан быйыл бооз уйларды, кунаажындарды сатып алуу үчүн фермерлерине жеңилдетилген насыяларды жана гранттарды массалык түрдө берип жатат. Өзбекстан мурда малды жалаң Казакстандан алып турган, бирок быйыл Казакстан да малды тирүүлөй чет жакка экспорттоого чектөө койгон. Ошону үчүн өзбекстандыктар бизден бодо малды, малдын башка түрлөрүн көп сатып алып жатышты. Бул баанын кескин көтөрүлүшүнө алып келди. Өзбекстан рыноктук эмес механизм кылып жаткандан кийин биз дагы ушундай эле механизм менен тамак-аш коопсуздугубузду сакташыбыз керек».

Улам кымбаттаган эт

Арийне, Кыргызстанда эт жай айларынан тарта кымбаттай баштаган. Алгач уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин чыкса, айрым жерлерде баа андан да көтөрүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, ноябрда аймактарда уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомдон сатылууда. Расмий эмес кабарларда, кээ бир жерлерде эттин наркы 500 сомго чыкканы айтылды.

Асыл Каназарова, Бишкек шаарынын тургуну:

«Мурда 300-320 сомдон болчу. Азыр 400-460 сомго чейин чыгыптыр. Бирок пенсиябыз 4 миң эле сом. Эмнеге жеткиребиз? Эт жей албай калдык».

Сапаргүл Супатаева, Бишкек шаарынын тургуну:

«Бир килограмм эт 450-480 сомго чыгыптыр! Бир жагынан эт, бир жагынан азык-түлүктүн башка түрлөрү да кымбаттады».

Камчы Айдабосунов, Бишкек шаарынын тургуну:

«Эттин кымбаттаганы такыр эле ашып баратат. Элге кыйын болуп калды. Элестет, 450-500 сом экен. Ушул кантип болсун? Түшүрүш керек да, кичине», - деди ал.

Ал эми касаптар жана сатуучулар эттин кымбатташын базарда малдын тартыштыгы менен түшүндүрүүдө. Малдын азайышына анын сыртка сатылып жатканы себеп катары көрсөтүлүүдө.

Эрнис Мыктыбеков, Бишкек шаарындагы эт сатуучу.

«Мал тирүүлөй да, союлган абалда да жалаң коңшу өлкөлөргө кетип жаткан экен. Казакстан менен Өзбекстандын бийлиги пандемияда элге акча таратыптыр. Ошондон улам бизден малды көп алып жатышат деп уктук. Менимче ошону ташууда бажы төлөмүн бир аз көбөйтүп коюшса, тыйылат го дейм. Тыйылса кайра мал арзандайт, эттин наркы да түшмөк. Антпесек малдын башын азайтып алабыз. Эртеңки күнү керек болсо калбай калышы мүмкүн».

Бахадыр Каримов, Жалал-Абад шаарындагы эт сатуучу:

«Бизде мал Өзбекстанга көп кирип кетип жатат. Эттин кымбаттаганына ушул эле себеп, башка себеп жок. Аз-маз жем-чөп кымбаттаганы да кайсы бир деңгээлде таасир этип жатат. Бизде деле бир килограмм этке 20-30 коюп эле сатабыз, негизи бизге кымбат келип жатат да. Анан патент бар, пакет жана башка чыгымдарыбызга кетет. Ошо менен деле биз ашып кетсе күнүнө 1000-1500 сом акча табабыз», - деди ал.

Жоро Осмонбаев, Ош шаарындагы эт сатуучу:

«Азыр малды көбүнчө Өзбекстанга тартып жатышат. Эт ошого кымбаттап кетти. Ошону токтотсо калыбына келип калса керек. Тартып кете беришсе, бизде мал азайып, кадимкидей эле түгөнүп калат экен. Мал дегенде эми, семизирээк мал тартыш болуп калат экен».

Ошентип малдын башы тартыш, натыйжада эттин наркы өсүп жатат. Бул жагдайда көпчүлүк муну көзөмөлгө албайт деп бийликти айыптай турганы түшүнүктүү.

Бирок мыйзамга ылайык, өкмөт, анын атынан Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик кайсы бир чекке жетпесе базардагы наркка кийлигише албайт. Тагыраагы бир ай ичинде кайсы бир азыктын наркы 20% кымбаттаса гана агенттик киришет, ага чейинкиски рыноктун өз мыйзам ченемдүүлүгү болуп эсептелет.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров мындай деди:

Шухрат Сабиров.
Шухрат Сабиров.

«Жыл башынан бери бир айлык мөөнөт ичинде 20% өсүү байкала элек. Маселен, 23-октябрдан 23-ноябрга чейинки аралыкты алсак, койдун эти 8,4%, уйдун эти 10%, чочконун эти 3,7% көтөрүлүптүр. 20% жеткен жок. Кымбаттоонун көрсөткүчү 20% жеткенде өкмөттүн чечими чыгыш керек, ошонун негизинде мамлекеттик жөнгө салуу механизми колдонулат. Анан ошол тийиштүү товарларга кайсы бир баа белгиленип, ошондон ашыкча сатылбасын деген талап коюлат. Биз ошонун аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Азырынча андай чечим жок. Ансыз эркин рынок шартында, атаандаштык экономикасында биз бааны көзөмөлдөгөнүбүз ишкерлердин ишине кийлигишүү болуп калат».

Деген менен жыл башында, 13-марттан 13-июнга чейин азыктардын көп түрүнө мамлекеттик көзөмөл киргизип, баа бир көрсөткүчтө кармалып келген. Бул ошол учурдагы пандемия, ага байланыштуу киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери менен түшүндүрүлгөн.

Экспорттун эсеби

Мурдараак «Азаттык» малдын экспортунун алты айлык көрсөткүчүн өзүнчө талдаган. Бул жолу тогуз айдын баштапкы эсебин колубузга алдык.

Ага ылайык, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында бодо малдын сыртка сатылышы 11-12 эсе, кой-эчкинин сатылышы 6-7 эсе арбыганы көрүндү. Жылкыны экспорттоо да көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин өкүлү Асел Акматалиева «Азаттыкка» буларды маалымдады:

«Малдын биринчи тобун алсак, жылкы, эшек, качыр 2019-жылдын тогуз айында 5 миң 612 баш сатылса, 2020-жылдын тогуз айында 6017 баш экспорттолду. Экинчи тобу, ийри мүйүздүү мал же бодо мал былтыр тогуз айда 738 баш сыртка кетсе, быйыл тогуз айда башка мамлекеттерге 8415 баш чыгарылып кеткен. Үчүнчү топ – кой-эчки 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 4822 баш экспорттолсо, быйылкы жылдын тиешелүү мезгилинде 30176 баш чет жакка сатылып жатат», - деди ал.

2019-жыл тогуз айындагы жана 2020-жылдын тогуз айындагы Кыргызстандын мал экспортунун көрсөткүчү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
2019-жыл тогуз айындагы жана 2020-жылдын тогуз айындагы Кыргызстандын мал экспортунун көрсөткүчү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Мал-жандыктар негизинен коңшу Өзбекстанга жана Тажикстанга сатылып жатат. Бул аталган өлкөлөрдө эттин Кыргызстанга салыштырмалуу кымбаттыгы менен байланыштырылууда.

Ошол эле учурда расмий эмес жолдор менен, тагыраагы аткезчилик менен сыртка сатылган малдын эсеби так эмес. Мурдараак айрымдар чек арадан коңшу мамлекеттерге айдалып кирип жаткан миңдеген кой-эчки, жүздөгөн бодо жана жылкы тууралуу айтышса, азыр ал расмийлерге чейин жеткендей.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев малдын мыйзамсыз тышка чыгарылышын да чектөө талабын коюп жатканын билдирди.

Кыргызстандын малы.
Кыргызстандын малы.

«Бул расмий гана эсеп. Аткезчилик жол менен кеткени канча? Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, аткезчилик менен расмий эсепке караганда он эсе көп кетип жатат. Биз муну катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Антпесек, маселе жок, быйыл саттык, көп киреше таптык дейли бирок кийинки жылдары кантебиз? Мен деле айыл чарба министри катары «экспорт көп болду» деп мактанып айтсам болмок. Бирок биз популизм менен ойнобой келечек жөнүндө ойлошубуз керек. Стратегиялык жактан алганда ургаачы малды сактап, көбөйтүп, анан кайра аны көбөйтүү менен алектенишибиз кажет. Бул деген жерибизди сатып жиберген сыяктуу эле. Бир жылы жерди сатып, көп пайда таптыңыз, бирок сиз мурда андан жылына акча таап турчу элеңиз да. Бул да ошондой маселе. Ал эми этти сатканга эч кандай чектөө жок, аны колубуздан келишинче сата берсек болот».

Эгер малдын союлгандан кийинки экспортун өзүнчө алсак, тогуз айда анын көрсөткүчү азайганы байкалат.

Улуттук статистика комитети кабарлагандай, 2020-жылдын тогуз айында эт жана эт азыктарынын экспорту 496,7 миң долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 эсеге азайды (4,1 млн АКШ доллары). Экспорттун ичинде кой-эчкинин эти жана тоңдурулган уй эти басымдуулук кылат.

«Эт кымбаттаса, малды көбөйтүү керек»

Ошол эле кезде малды сыртка сатуунун чектелишин айрым фермерлер да нааразылык менен кабылдашты. Алар эттин жана жандыктардын кымбаттап жатышына ыңгайлашып, малды багууга киргизип алышканын, баа арзандап кетсе банкрот болуп калышарын белгилешет.

Нарын облусунун Кочкор районундагы фермер Үсөнбек Сыдыков буларга токтолду:

«Бул таяктын эки учундай эле. Малдын кымбаттаганы, сыртка сатылганы элге кыйын болсо, фермерлерге жакшы. Көбү малын кымбат сатып, жашоосун тыңдап алмак. Азыр көпчүлүк фермерлер соңку жагдайды эске алып, малды кымбатыраак алып, байлоого киргизип алышты. «Үч ай баксам, беш ай баксам, мынчага сатам, мынча пайда табам» деп эсептеп алышкан эле. Маселен, бир буканы 50 миң сомго алып, жем-чөбүнө 10 миң сом чыгым кылып, 65-70 миңге сатам дейт да. Же дагы бири 15 миңге козулуу кой алды дейли, кийин козусун өзүнчө сатам дем. Анан мал сыртка сатылбай, арзандап кетсе, фермерлер зыян тартып жатпайбызбы. Эгер чектөө киргизишсе, анда алдын ала айтышы керек болчу да».

Ооба, эттин кымбатташына байланыштуу коомчулукта талаш-тартыш күчөгөнү, айрым эксперттер муну мүмкүнчүлүк катары да баалап чыгышкан. Тагыраагы, бул пикирди жактагандар нарктын өсүшү Кыргызстандагы мал чарбачылыгынын өнүгүшүнө шарт түзөт деп эсептешет.

Анткени эттин наркы дүйнөлүк рынокто кымбат. Ала-Тоодогу нарк экономикадагы ошол реалдуу баага теңелиши күтүлөт.

Айыл чарба боюнча эксперт Бакыт Мамытканов мындай жүйө келтирүүдө.

Бакыт Мамытканов.
Бакыт Мамытканов.

«Бул жакшы көрүнүш. Анткени эттин кымбатташы биздин фермерлерге стимул берет. Дүйнө жүзүндө эл этти барктайт, биз барктаганды үйрөнө элек болчубуз. Мына, чечмелеп көрөлү. Маселен, доллар беш-он жыл мурда 45-50 сом турчу, эт ошондо деле 330 сом болчу. 44-45 сомдон эсептегенде бул 7,5 доллар. Азыр болсо доллар 80-85 сом, ал эми эт 400-450 сом. Бул эттин килограммы учурда 4,5-5 же 6 доллар деген сөз. Керек болсо, салыштырмалуу азыр эт арзан болуп жатпайбы? Азыркы мезгилде эт Түркияда 13, Кытайда 15 доллар. Ушундай жагдайда бизде кымбаттабашы мүмкүн эмес. Биз экспортко чыгара албаганыбыз үчүн гана наркы көтөрүлбөй келген. Макул, «эт кымбаттап жатат» деп чуу кылып жатышат, бирок сиз айтыңызчы, азыр эмне арзан? Адатта доллар, башка товарлар да кымбаттаганда эт кымбаттаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш», - деди ал.

Ал ошол себептүү Кыргызстанда фермерлерге колдоо жасап, мал чарбасындагы асыл тукумдуулукту арттырыш керек деп эсептейт.

«Сооданын бир мыйзамы бар: эмне өтүп жатса, ошол товарды өндүрүүгө басым жасаш керек. Эт өтүп жатабы, демек малды жакшылап багып, көбөйтүү кажет. Кытай иероглифинде «көйгөй» деген сөз менен «мүмкүнчүлүк» деген сөз бир эле иероглифте берилет. Азыркы көйгөй бизге мүмкүнчүлүк жаратып жатат. Ошондуктан «биздин мал кетип калды, эл эт жей албай калды» деген туура эмес түшүнүк. Өкмөт ушул жерден мал баккандарга насыяларды берип, малдын асыл тукумдуулугун арттырам дегендерди дароо колго алышы зарыл. Биз коңшу мамлекеттер бизден дайыма ала тургандай эт өндүрүүчү хабга айланышыбыз керек. Мисалы, 5 млн. калкы, 2 млн. гектар жайыты бар Ирландия 7 миллион бодо мал багат.

Башка малын айтпай эле коеюн, ошолор дүйнөнү эт менен камсыз кылат. Кыргызстанда жайыт Ирланиядан 4,5 эсе көп, малыбыз болсо алардан 4,5 эсе аз. Бул 7 млн. баш малды биздин жайыттар көтөрө алат деген сөз. Биз мал чарбачылыгын эле өнүктүрүп алсак, ички дүң өнүмүбүздү өстүрө алабыз, кирешебиз артат, канча деген жумуш орундарын камсыздамакпыз», - деди Бакыт Мамытканов.

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылкы эсебинде, Кыргызстанда 1 млн. 680 миң ири мүйүздүү мал, 6 млн. 266 миңден ашык кой-эчки, 522 миңден ашык жылкы бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG