Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Боомдо ат жалында казан астырган Элвис


Элвис Пресли (Elvis Presley). 1972-жыл.
Элвис Пресли (Elvis Presley). 1972-жыл.

Мухиттен гана эмес, өткөн кылымдан да өтүп келген музыкалык мурастын даңазалуу ээси, атактуу ырчы, музыкант, актёр Элвис Пресли (Elvis Presley; (08.1.1935 – 16.8.1977) тууралуу Аманбек Дилденбай уулунун блогу.


Көңүл сергиткен обон
Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы кара жолдо 6 кишилик автоунаада келе жатабыз. Алдыдагы айдоочунун жанында – мен, артымда – жубайым, арткы эки орундукта 19-20 жаштагы эки жаш кыз. Колдорундагы заманбап телефондорун чукулап өздөрү менен өздөрү алек. Тим эле телефондун ичине кирип кетчүүдөй болушуп... Айлананы карай турган түрлөрү жок.

Тасма. Самара Каримова менен Юлия Руцкая "Курбум" ырын чогуу аткарууда.

Белгилүү ырчы Самара Каримованын аткаруусундагы ыр жаңырат. Сол тарапты карап: “Касиетиңден кагылайын Ысык-Көл, кайрылып кайра көрүшкөнчө эсен бололу, элди колдо, толкубай төгүлбөй тынч бол”, – деп ичимден тилек кылып коём.

Самаранын ыры аяктаганча, Балыкчыга да кирип келдик. Автобекеттин тушунан Салима Балтаеванын сыздаган сүйүү ырлары жаңырды. Бет маңдайдан тийген жазгы күндүн жылуу илеби магдыратып уйкуну келтирет.
Балыкчынын батыш тарабындагы дарбазадан өтө бергенде арттагы эки кыз: “Байке, башка музыкаңыз жокпу?” – дешти.
Айдоочу жигит панелдеги седепти басканда, көңүлдүү тез ыргактагы музыка англис тилинде жаңырды.
“Элвис!” – дедим ичимден.
Айдоочу жигит: “Кыздар, бул ырчыны билесиңерби?” – деп суроо таштады.
Кыздар бир добуштан: “Не-ет!” (“Жок!”) – дегенде, жубайым: “Пресли”, – деп жарылды.

Элвис Пресли - "рок-н-ролл" падышасы.
Элвис Пресли - "рок-н-ролл" падышасы.

“О-о, эже, азамат! Билет турбайбы!” – деп шоопур жигит кубаттап, ийиндерин шалактатып бийлегени жүрөт.
“Ай, жигит, жолду кара, акырын айдасаңчы?!.” – десем, тиги көңүлү көтөрүлгөнсүп жылмайып койду.
Жубайым дагы мойнун кыйшактатып ийнин өйдө-ылдый кылып бийлегиси келгендей.
”Кыздар бул ырды билбейт экен. Жок дегенде рок-н ролл” деген эмне экенин билесиңерби?” – дедим, арттагыларды кепке тарткым келип.
Кыздарда үн жок, сөз жок.
Жубайым: ”Азыркы жаштар кайдан билсин”, – деди жактырбай.

Тасма. Э.Пресли "Анын соңку жалыны (Аты болсо - Мария)" [His Latest Flame (Marie's The Name)] деген ырды аткарууда.


Кыйынсынып жолду ката түшүндүрүп баратам:
“Бул музыканын бир түрү өткөн доордо, 1940–50-жылдары АКШда абдан белгилүү болуп... Бүт дүйнөгө тараган... Чайпалгын да айлангын, деген маани, музыканын ыргагы башталганда эле бүйүрдү кызыта турган тез жана татаал ритмдеги жанр афро-америкалыктардын музыкасынын ыргактарын аргындаштырган десе болот. Биз да жаш кезде бул ыр угулганда, шалактап жөн туралчу эмеспиз. Бул ырчы болсо – рок-н-роллдун падышасы Элвис Пресли!” – дедим.

Музыка катуулап, машиненин ичин бир кубаныч аралады да, баарыбыздын көңүлүбүз көтөрүлдү.
“Ушул ырчы баңги заттан жаш кезинде өлүптүр”, – деди айдоочу жигит барбалаңдап.

“Жок иним, баягы Совет кезинде “империализмдин ырлары” деп бул ырчы жөнүндө ар кандай жаман ушак-айың, ыпылас мифтер таралган. Чынында, бул ырчы көп иштеп, уйкудан калып, уктатчу дары ичип, 42 жашында жүрөгү кармап, кант диабетинен каза болгондугу тууралуу ишенимдүү булактар жазган”, – дедим.

Жубайым сөзгө кошулгусу келип: “Ал кезде Элвисти баңгичи дешип, музыкасын дагы угууга катуу тыйуу салынган болчу”, – деп калды.

Ичимден тээ баягы 1970-жылдары бийге барганда кызыл байпакча менен багелеги 35-40 см келип, балбыраган клеш деген шымды кийип алып, ушул ырчынын ырларына бийге түшкөнүбүздү, рок-н-роллду бийлегендерди “маң зат колдонгон кишилер” деп айыптаган түшүнүк жаралган учурду элестетип алып, бир жылуу сезим пайда болду.
“Эх, Элвис, Элвис!” – дедим улутунуп.

Тасма. Э.Пресли алгач "Акапулькодогу оюн-зоок" мюзикл фильминде камтылган "Босса Нова Бэйби" [Bossa Nova Baby Remix] ырын аткарууда.

Дене бойду бош коюп шалактап, ээн-эркин сүлкүлдөп бийлегенден да тартынып уялчу элек.

Андай ээн баш бийди бийлегендер КГБнын тизмесине кирип, окуудан чыгып калуу коркунучу бар болчу. Тоо капчыгайын аралап келатып, Элвистин ырын уксаң, чарчаганың жазылып, көңүлүң сергийт, чиркин.
“Чын эле сонун музыка турбайбы!” – деди айдоочу жигит.

“Ары-бери өткөндө ушул Элвистин ырларын, рок-н-роллду угуп жүр, уйкуну келтирбейт, чарчаганың жазылат”, – дедим.
“Сөзсүз угам! Бишкекте диск болсо, дагы алам”, – деди айдоочу көңүлдүү.

Чынында эле, Элвистин ырына таасирленип “Кыз-Күйөөдөн” өтүп Боомдон кандайча чыгып баратканыбызды сезбей да калдык.
Эл ичинде айтылган “өнөрлүү өлбөйт” деген кептин аныктыгына баа бердим.
Качанкы бир кезде дүйнө салган Элвистин ырлары кыргыз жергесинде, өзгөчө, тоо арасында, Боомдо жаңырып, уйкусураган айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү сергитип, көңүлүн көтөрүп, уйкусу ачылганына күбө болдум.


Элвистин өмүрү тууралуу эки ооз сөз
Элвис Пресли 1935-жылы 8-январда Миссисипи штатындагы Тьюпело шаарында туулган.
Атасы – Вернон Пресли (1916—1979) жана энеси – Глэдис Пресли (турмушка чыга электеги тегаты – Смит; 1912—1958). Элвистин Жесси Гарон деген эгизи төрөлгөндөн көп узабай эле чарчап калган. Ошондуктанбы, Элвис “мен эки өмүрдү жашап атам” деп айтчу...

Элвистин атасынын эч кандай кесиби жок эле, жакшылыктуу жумуш таба алган эмес. Каржыдан кыйналуу үй-бүлөгө өтө оор залакасын тийгизген. Айрыкча Вернон алдамчылыкка айыпталып, 2 жыл түрмөгө камалган кезде, үй-бүлөнүн абалы оорлоп кетет.

Элвисти бала чагынан музыка жана дин чөйрөсү курчаган: ал чиркөөгө ырааттуу барып, хордо ырдап турган.
Элвистин үйүндө ар дайым радио заңкылдап, өлкөдөгү бардык стилдеги ырлар, ар түрдүү калктын салттуу ырлары жаңырып турчу.

Күндөрдүн биринде жарманкеде жаш музыкант элдик ырды аткарып, байге алат. Анын музыкага жөндөмүн байкаган энеси уулунун музыкага көңүл буруусун арттыруу үчүн гитара сатып алып берет.

1948-жылы үй-бүлө Теннесси штатына көчүп келет, ал жерде Вернонго жумуш табуу оңоюраак эле. Үй-бүлө Мемфис шаарында отурукташат. Ал жерде Элвис, Африка-америкалыктардын музыкалык стилдерине - блюз, жана ритм-энд-блюзду угуп кызыгат.

Мындай музыкалык көчө "мектеби" сүрөткердин вокалдык ырдоо ыкмасына зор таасирин тийгизет. Көптөгөн өспүрүмдөр, достору Элвис сыяктуу кантри ыкмасындагы чыгармаларды ырдагысы келип, гитара менен убактысынын көбүн коротушат. Кийин ал атак-даңк күткөндө дагы бала кездеги жолдоштору, достору менен кол үзүшкөн эмес.

1953-жылы августта Элвис мектепти аяктаган. Көп өтпөй, ал грамтабакка жазуу студиясынын “Memphis Recording Service” жазуу кызматында энесине белек катары арнаган бир нече ырларды жаздырат. Бул компаниянын кожоюну Сэм Филлипс болчу.

Анын алгачкы ыр табактары майнапсыз чыккан.
Бул аралыкта Пресли турмуштун оордугунан жүк ташыган унаанын айдоочусу болуп иштейт. Ошол эле маалда ырчылар үчүн өткөргөн бардык сынактарга катышат. Музыкалык жамааттардын кабыл алуу сынактарында, кастингдерде андан баш тартышкан. Ал түгүл бир жолу жергиликтүү чакан чиркөөнүн “Songfellows” квартетинин коркөм жетекчиси Элвистин музыкалык шык-жөндөмү жок деп кесе сын айтат.

Баралына келип, Элвис Пресли ырчы жана кино актёр гана эмес, "рок-н-роллдун падышасы", далай америкалыктардын кыялы жана символу болгон.
Оболу 1954-жылы жайында Сэм Филлипс ырчы менен кайра байланышып, "Сенсиз" (“Without You»”) деген ырды ага ырдатып, жаздырууну сунуштайт. Натыйжада ал эч кимге – Элвиске дагы, музыканттарга дагы, компаниянын кожоюнуна дагы жаккан эмес.

Тыныгуу маалында, нервди тынчытуу үчүн, Элвис америкалык айтылуу блюзчу Артур «Биг Бой» Крудап (1905–1974) мырзанын “Эчтеке эмес, баары жакшы” (“That’s All Right”) деген ырын ойноп кирет. Болгондо да, аны демейдеги ыргактан алда канча шаңдуу жана элестүү аткарат.

Тасма. Э.Пресли Билл Монронун “Кентуккидеги көгүлтүр ай” (“Blue Moon of Kentucky”) ырын аткарып жатат.

Ошентип, кокустан Элвис Преслинин биринчи утушу жарк дейт. Андан кийин ал ушундай эле ыкма менен Билл Монронун “Кентуккидеги көгүлтүр ай” (“Blue Moon of Kentucky”) ырын аткарып берет. Элвис хит-парадда ушул ырлар менен 4-орунду ээлейт.

1955-жылдын орто ченинде Элвис 10 сингл (өзүнчө ыр табак) жаздырат. Алардын ар бирин жаштар кызыгуу менен кабыл алышып, Түндүк Америкада менен Европада анын чыгармаларына клиптер тартылып, Элвистин жылдызы жанат.

Элвис Пресли жараткан (тактап айтканда, жаңы дем берген) музыканын стили жарылган бомбадай таасир калтырган.

1955-жылы күзүндө продюсер, полковник Том Паркердин (теги нидерланддык бул ачкөз кишинин чыныгы ысымы – Андреас Корнелис ван Кёйк; 1909–1997) жардамы менен Элвис үн жаздыруучу ири “RCA Records” компаниясы менен келишим түзөт.

Пресли үчүн келишим өтө пайдасыз болгондугу айтылат, анткени музыкант ырлардын сатылышынын 5% эле бөлүгүн алган. Бирок бул компания ага кеңири угармандар дүйнөсүнө жол ачкан.

1958--60-жылдары Элвис АКШ аскерина чакырылып, Батыш Германияда да кызмат өтөгөн.

Аскерден соң музыка өнөрүнө кайтып келген ырчы Элвис коомду эки жаатка бөлөт. Бир тарабы анын ырларынан ыракаттанышса, экинчи тарабы анын бейнесине байланыштуу жагдайларды, жашоодогу жүрүм турумун эски эрежелерге каршы козголоң далаалаты катары кабылдашат. “Жаштарды бузуп жатат” деп анын чыгармаларын сындашкандар чыгат.

Бирок анын чыгармалары АКШ эле эмес, жалпы дүйнө жүзү боюнча жаңылануу жана эркин болууга үндөө маанайынын эн белгисине айланган.
1977-жылы 16-августта Элвис сүйгөнү Жинжер Олден менен тиш дарыгерден үйүнө кайтат. Ал кеңдикти, эркин болууну самап, чакан гүл бакчасы бар менчик чоң үйдө турган.

Тиш дарыгердин кеңсесинде ал тишине пломба койдуруп, ооруганы басылсын деп бир нече таблетка дары ичип алат. Элвис үйүнө келип уктай албай коёт да, башка да кошумча дары ичет.

Жинжер ырчыны издеп, жуунуу бөлмөсүнө барса, кудай бетин салбасын, Элвис жерде жатат. Тамырын кармаса, сокпой калгандай. Эси чыгып, ал Элвистин жеке дарыгерин шашылыш чакырат. Ал келип Элвисти эсине келтире албай убараланат. Тез арада ооруканага алып барууну чечет. Тез жардам келип, дарыгер башын чайкайт...

Ошентип, 16-августта даңазалуу ырчы бул дүйнөдөн кете берген...
Дүйнөлүк музыкада жаңылык киргизип, адамзаттын сүймөнчүгүнө айланган Элвис маң зат колдонбогондугу, тек гана айрым мезгилде уктатуучу дары ичип келгендиги тууралуу маалыматтар таркалган.

Ырчы жумуштан абдан чарчаганын, эс алууга убактысы жоктугун айтса, продюсери Том Паркер анын өнөрүнөн акча таап пайда көздөгөндүгү жана жиниктирип салгандыгы тууралуу да дооматтар болгон.
Айрым бир маалыматтарда 42 жаштагы Элвис кант диабети дартынан жабыркагандыгы да белгиленет.

Балким, Кыргызстандагы таланттуу актёр жана режиссер Марат Козукеев кант диабетинин айынан 48 жашында, чыгаан төкмө акын Элмирбек Иманалиев дал ушул оорунун айынан 42 жашында дүйнө салганын дурус билген кыргызстандыктар Элвистин да өмүрүнүн соңку учурларындагы жабыркаткан кеселин туура аңдашат болуш керек.

Элвис Пресли күйөрмандарынын курчоосунда. Голливуд, 1958-жыл.
Элвис Пресли күйөрмандарынын курчоосунда. Голливуд, 1958-жыл.

Элвистин таасири менен Советтер Биримдигинде да рок эстрадалык топтор түзүлө баштаган. Анын аткаруу ыкмасын коммунисттик бийликтер канчалык жамандашса да, улам жаңы муундагылар ого бетер Элвистин талантын аздектешкен. Ал түгүл анын СССРде тыюу салынган обондуу ырларын рентген сүрөт тартылчу желимдин бетине (колго жасалган ыр табакка) көчүрүп, кара базарда сатышкан.

Ушул саптардын ээси да Преслини аздектөөчүлөр катмарынын өкүлү бойдон кала берүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG