Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Элдик дипломатия: кыргыз-тажик аксакалдары кездешти


Аксакалдардын жолугушуусу. 4-февраль, 2022-жыл.
Аксакалдардын жолугушуусу. 4-февраль, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик аксакалдары чек арадагы майда чыр-чатакты чечүү үчүн биргелешкен демилгечи топ түзмөй болду. Алар элдик дипломатияны ишке салып, ынтымакты бекемдөө аракетин көрөрүн айтууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 27-январда болгон куралдуу жаңжалдан кийин милициянын демилгеси менен эки тараптагы чектеш айылдардын аксакалдары жолуккан. Ага Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Согд облусунун Чорку жамаатынын айылдарынын аксакалдары катышкан эле.

Көк-Таш айылынын участкалык милиция кызматкери Абдияшим Абдимиталип уулу майда-барат пикир келишпестиктер аксакалдардын кийлигишүүсү аркылуу эле чечилсе, ынтымак кыйла бекемделмек дейт.

“Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун ички иштер кызматтарынын жетекчилери сүйлөшүп, эки өлкөнүн аксакалдарын чогултуп, сүйлөшүүгө аянтча түздүк. Айылдын аксакалдарын жаштар сыйлайт. Тааныгандар, туугандары бар, алар угат дегендей. Майда-барат пикир келишпестиктерди эл өзү чечип алса, ынтымактуу жашоого өбөлгө болот деп ишенебиз”.

Соңку чек ара чатагынан бери чектеш айылдарда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, ички коопсуздукту көзөмөлдөп жатат. Чек аралаш айылдарда чыңалуу дале сакталууда.

Чыр-чатак көп катталган Көк-Таш айылынын тургуну Файзилла Бегматов жолугушууда коңшулаш тажик айылдарындагы эл деле тынчтыкта жашайлы деген ниетин айтты дейт.

“Чек арадагы жаңжалдан кийин 3-4 күн өткөндө күч кызматтары демилге кылып, эки тараптын аксакалдары жолуктук. Көк-Таштан биз бардык, Тажикстандан келишти. Ортодо бир келишим кылып, мурдакыдай ынтымакта жашайлы деген сөзгө келдик. Алардын деле карапайым калкы тынчтыкта жашайлы деген ниеттерин айтышты. Кошуналардын аксакалдары да алардагы абалды ачык айтышты. Жаштар баары кетип калды, мектепке келбей жатышат дешти. Жакында жазгы талаа жумуштары башталат, жай турмушка өтөлү, эгин айдоону баштайлы деп жатышат. Анан ушундай келишим кылдык майда-барат чыр чыкса баарыбыз чогула калып, ызы-чуу салып бакырып элди топтобой аксакалдар өзүбүз эле маселени чечели деп келиштик”.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, чоң жаңжалга себеп болгон ыйкы-тыйкыны азайтса болот. Майда пикир келишпестик, чоң жаңжалга өсүп кетпеш керек дешет алар. Чек арадагы талаш жөнөкөй тургундардын чатагы аркылуу чечилбейт дейт жолугушууга катышкандардын бири Азамбай Бердиев.

“Чек араны эл чогулуп, таш ыргытып чечүү мүмкүн эмес. Бул иш боюнча мамлекет тарабынан атайын адамдар бекитилген. Ошолор чечиши керек. Биз илгери кандай жашасак, ошол жашообузду улантышыбыз керек. Бир-эки жаш бала көчөдө урушуп кетсе, ага болушуп ата-энелер айылдагылар баары чогулуп, жаңжал ырбап кетип жатат. Биз жаш бала кезде урушуп, кайра табышып эле ушул бир көчөдө чоңойгонбуз да. Жаш балага кошулуп баары чыгып алышканы туура эмес дедик кошуналарга. Жаш бала эртең эле кайра дагы достошуп, кучакташып ойноп кетишет. Мен тракторист болуп иштеп булардын айылдарында канча жерлерин айдап жүрчүмүн, тааныш-досторум толтура. Алар да бизге келип жүгөрү оруп, эгин айдап жыйнашканга жардам берип эле жашап келгенбиз мурда”.

Баткенде чек ара маселелерин чагылдырып жүргөн журналист Нургазы Жайнаков элдик дипломатияны колдонуу менен абалды, чек арадагы жергиликтүү элдин көз карашын өзгөртсө болот деген пикирин айтты.

“Бул элдик дипломатия институту чек арадагы маселелерди биротоло чечип салбайт. Бирок, мындай аракет жаңжалдан кийинки чыңалууларды жеңилдетет. Элдик дипломатия аркылуу абалды өзгөртүү мүмкүн. Аны пайдаланыш керек”.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай жүрөт. Акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Өткөн жылы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында мурда болуп көрбөгөн кагылышуу болду. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүрү менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып өрттөлгөн.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Чек ара чатактарында башында таш ыргытылса, бара-бара курал колдонулуп, кишилер каза болуп жатканына тынчсызданган билдирүүлөр сырттан да, ичтен да айтылып жатат.

Чек арадагы соңку куралдуу тирештен кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу өтө турган болду. Ал 10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстандын аймагында өтөрү кабарланды.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин айтымында, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу эки айдан бери токтоп турган.

Чек ара көйгөйү качан чечилет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:00 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG