Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Элчиликтен элге кайткан Бекназаровдун дооматы


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Үч жылга чукул Малайзияда элчи болуп турган Азимбек Бекназаров эмне себептен кызматтан алынганын чечмелеп, азыркы бийликтин саясатын сындады. Ал августтун башында кызматынан "эки өлкөнүн кызматташтыгын жолго сала алган эмес" деген негизде алынган.

"Мени иштетишкен жок, демилгем колдоо таппады"

Мурдагы элчи кыргыз-малай кызматташтыгын жандантуу боюнча өкмөткө жыйырмадан ашуун сунуш менен кат жиберип, бирок бирөөнө дагы жооп албаганын билдирди.

Анын айтымында, Түштүк-Чыгыш Азиянын рыногуна чыгуу үчүн Куала-Лумпур-Бишкек түз аба каттамын ачуу, Сары-Жаздагы калай кенине инвестиция тартуу жана туризм боюнча демилгелери колдоо таппай, жоопсуз калган.

"Мени кабыл алганда президент Садыр Нургожоевич "Сары-Жаз канча жылдан бери жатат, мен муну эки колдоп колдойм, президент айтты деп, Малайзиянын коло өндүрүшчүлөр бирлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, ишти баштай бериңиз" деген. Аба каттамдарын ачуу боюнча да "министрлерге тапшырма берем" деди. Калай кенинин лицензиясы гонгконгдук кытай компаниясынын колунда экенин айтсам, президент мурда берилип, бирок 2010-жылдан бери иштебей турган лицензиялардын баары кайтарыла турганын айтып, кен иштете турган тарапка берилерин белгиледи. Бул боюнча Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин мурдагы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен иштеше берүүмдү айткан. Тилекке каршы, Шыкмаматовдон "калай кени бош эмес, анын лицензиясынын мөөнөтү 2025-жылга чейин, аны биз кайтарып ала албайбыз" деген жооп келди. Президентке кат жазсам, ошол бойдон башка министрликтерден дагы эч бир жооп болбоду".

Бекназаров ошол эле кезде элчилерге чет элден инвестиция тартуу милдети коюлуп, бирок иш жүзүндө айрыкча тоо-кен тармагына жаңы инвестор чакырууга ички-тышкы күчтөрдүн тоскоол болуп жатканын билдирди. Тышкы иштер министрлиги элчинин мындай дооматына комментарий бере элек. Бекназаров аны кызматтан алуунун себебин Кумтөр алтын кени боюнча пикирин ачык айтканы менен байланыштырды.

Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров жарлыкка кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 5-августта жарыялаган.

Анда "бул чечим Азимбек Бекназаров алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду чыңдоону аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп белгилеген.

"Жарма таарынычтарга жооп кайтарууга убакыт аз"

Президенттин улук кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев Бекназаровдун айтканын бийликке кыр көрсөткөн жарма таарыныч катары мүнөздөдү:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

"Эми ар кимдин таарынычын уга берсек, жакында Кыргызстанда 7 млн. болот экенбиз, анын баарынын таарынычын уксак эч нерсебиз калбай калат го. Бирөөбүз башкабызга таарынабыз. Анан ошонун бардыгын ачыкка чыгара бергенден эмне кереги бар дейм да. Биздин кээ бир кыргыз саясатчылары өздөрүн аябай жогору коюшат".

Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган Азимбек Бекназаров 2019-жылы декабрда Малайзияга элчи болуп дайындалган. Быйыл 3-августта анын кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде утулганын айткан маеги жарыяланган. Анда ал Кыргызстан канадалык "Центерра Голд" компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын "утулуу" катары баалаган.

"Текшерип чыгышсын"

Президент Садыр Жапаров 9-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кумтөрдүн алтыны мамлекеттин көзөмөлүндө деп ага байланыштуу айтылып жаткан дооматтарды четке какты.

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти

"Айрым депутаттар, саясатчылар текшерип чыгалы деген сунуштарын айтып жатышпайбы, эч каршылык жок. Текшерүү комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун. Же эң сабаттуу депутатты комиссиянын башына коюп, былтыртан берки алтындын ар бир граммын текшерип чыгышсын. Коомчулуктун атынан Азимбек Бекназаровду, алтындын "а" тамгасынан түшүнүгү жок жаш балдар чыгып атышат, аларды да кошуп алса болот. Алтын боюнча тагыраак маалымат билип алгандары өздөрүнө да жакшы болот. Канча алтын чыкты, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыялашсын. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Учурда ал жакта тергөө тобу иштеп жатат. Ошолор менен бирге иштешсин", - деген президенттин маегин "Кабар" агенттиги текст түрүндө жарыялады.

Буга чейин өткөн жылы Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтындын кандай баада жана кайда сатылганы коомчулукта талкууга түшкөн. Айрым жарандык активисттер алтын боюнча ачык отчет берүүнү талап кылган.

2021-жылы май айында канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү өз карамагына алган. Быйыл апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш-тартыштарды тынч чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голддогу” 26 пайыз акциясын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доолордон баш тарткан. Ал эми Кумтөр алтын кенинин 100% үлүшү Кыргызстандын карамагына өткөн. Кыргыз өкмөтү муну чоң утуш катары баалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG