Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Эл үйүнө кайтуудан чочулап турат. Мароккодогу катуу зилзаланын кесепети


Марокко. Мулай Брахим шаары. Жоготууга учурагандар. Сүрөт 10-сентябрда тартылды. 2023-жыл.
Марокко. Мулай Брахим шаары. Жоготууга учурагандар. Сүрөт 10-сентябрда тартылды. 2023-жыл.

Мароккодо жер титирөөдөн аман калгандарды куткаруу иштери уланууда. Акыркы маалыматтарга караганда, ишемби күнкү табигый кырсыкта каза тапкандар 2 миң кишиден ашты. Жабыркаган жерлерге азык-түлүк, дары-дармек, чатыр жеткирүү уланууда. Мечиттерде жекшембиде маркумдарга багышталып куран окулду.

Соңку 60 жылдан бери мындай кыйратуучу зилзалага туш болбогон өлкөнүн бийлиги 2 миңден ашуун кишинин өлүмү тастыкталганын билдирсе, эксперттер алыскы аймактарга жетүү кыйын болгондуктан, бул сан өсүшү мүмкүн экенин эскертишти. Андан тышкары 2 миңден көп адам ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга жеткирилген.

Айрымдарынын абалы оор деп бааланууда.

"Биздин ыктыярчылар тобу өкмөттүн куткаруу иштерине жардамдашуу үчүн Срагна шаарчасына келди. Башка жерлерден да ыктыярчылар көмөктөшүүдө. Жарадар болгондордун саны өсүүдө, дарыгерлер Мароккодогу Кызыл Чырым уюмунун жардамы менен өз милдетин тынбай аткарууда", - деп айтып берди "Рейтердин" кабарчысына Кызыл Чырым уюмунун ыктыярчысы Ахмед Аднан.

Эң көп жоготууларга силкинүүнүн очогу – Ал-Хауз чөлкөмү учураганы кабарланууда.

Көптөгөн турак жайлар ылайдан жасалган кыш менен жыгачтан курулгандыктан, оңой эле урап калды. Үйлөрүнө кайтуудан чочулаган тургундар ишембиден бери көчөлөрдө түнөп жатышат. Маалымат агенттиктери мындай көрүнүш зилзаланын очогуна 70 чакырым алыстыкта орун алган Марракеште өзгөчө байкалганын жазышууда.

Марокконун Геофизикалык борбору 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Атлас тоолорунун аймагында 7,2 баллдык зилзала катталганын билдирген.

Марракеш, Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл.
Марракеш, Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл.

АКШнын Геологиялык кызматы зилзаланын күчү Мароккодо 6,8 баллга жеткенин кабарлады. Биринчи силкинүүнүн артынан 19 мүнөттөн кийин жер дагы бир жолу титиреген.

БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы билдиргендей, Марракеште жана анын айланасында 300 миңдей киши жапа чекти.

Уарзазат, Азилаль, Шишауа жана Тарудант чөлкөмдөрү да кыйроолор менен жоготууларга учураганы маалымдалды.

Падыша Мухаммед VI ишембиде чукул жыйын өткөрүп, үч күндүк аза күтүү жарыялады. Аман калгандарды издеп-куткаруу иштерине атайын дарядыктагы топтор, тик учактар менен дрондор тартылды. Жапа чеккен аймактарга таза суу, тамак-аш, чатырлар, дары-дармек, жылуу төшөктөр шашылыш жеткирилүүдө.

"Рейтерс" агенттиги жазганына караганда, туристтер көп каттаган Марракештин байыркы бөлүгүндө тарыхый имараттар урап калды. Ал жер ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет.

Дүйнөнүн чар тарабынан лидерлер марокколуктарга колдоосун билдирип жатышат. Жекшембиде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров падыша Мухаммед VIга көңүл айтты.

Мулай Брахим. 10-сентябрь, 2023-жыл.
Мулай Брахим. 10-сентябрь, 2023-жыл.


Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Түркия, Италия, Франция, Израиль, Бириккен Араб Эмираттары жардам берүүгө даярдыгын билдиришти.

Рим папасы Франциск Ватиканда жекшемби күнкү таат учурунда маркумдардын жакындарына тилектештигин айтты:

"Куткаруучуларга, элдин азап чегүүсүн жеңилдетүүгө аракет көргөн бардык кишилерге рахмат айтам. Марокко элин колдоо үчүн бардык жерден конкреттүү жардам керек. Марокколуктарды жалгыз калтырбайлы, аларга жакын бололу!".

Марокко. 10-сентябрь, 2023-жыл
Марокко. 10-сентябрь, 2023-жыл

Түндүк Африкадагы мамлекет буга чейин 1960-жылы катуу жер титирөөгө учураган. АКШнын Геологиялык изилдөөлөр институтунун маалыматына караганда, ошондо бери дегенде 12 миң киши каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG