Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:27

Эки депутаттын дипломун текшерүү иши создукту


 Фарходбек Алимжанов (солдо) жана Фархат Исмаилов (оңдо)
Фарходбек Алимжанов (солдо) жана Фархат Исмаилов (оңдо)

Жогорку Кеңештеги эки депутаттын дипломунун маселеси дээрлик бир жылдан бери такталбай жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун мандатына байланыштуу жагдай Билим берүү министрлигинен жооп келгенде гана караларын айтууда.

Министрлик тиешелүү документтер жөнөтүлгөнүн билдирип жатат. Былтыр апрель айында эле атайын кызмат бул эки депутаттын диплому жасалма экенин билдирген. Бул жаатта бир жаңсыл чечим чыкпай жатканы түрдүү божомол жаратты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Фархат Исмаилов менен "Альянс" фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун дипломуна байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине кат жөнөткөн.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев аталган министрликтен так эмес жооп алынганын, буга байланыштуу кайра жөнөтүлгөн катка жооп берилбей жатканын билдирди.

"Алардан бир кат келиптир, бирок ал жерде эч нерсе деле жок. Жөн гана убакыт өткөрбөйлү деп кат берип коюшкан окшойт. Биз болсо "тактап, ооба-жок деп так бергиле" деген кат жөнөткөнбүз. Ошол бойдон эч нерсе келген жок. Аларга кат жазганыбызга деле бир топ болуп калды. Жалпы мамлекеттик кызмат боюнча жооп 14 күн аралыгында берилиши керек деген эреже бар. Ошол убакытта жооп бериши керек эле. Эгер такталбай жаткан маалымат болсо анда "бизде ушундай болуп жатат, биз дагы карап жатабыз" дегендей мазмунда деле кат беришсе болмок. Андан бери канча министр алмашты. Кимден сурашты деле чынында билбей калдык", - деди Жылкыбаев.


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр апрель айында эки депутаттын жогорку билими тууралуу документ жасалма экенин билдирген жана бул тууралуу БШКга маалымат берилгенин жарыялаган.

Парламенттин расмий сайтында Исмаилов 2000-жылы Кыргыз улуттук университетти, андан кийин Юридикалык академияны бүтүргөнү, ал эми Алимжанов алгач Ош мамлекеттик университетин, андан кийин Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктаганы жазылган.

Улуттук университет Исмаиловду окутпаганын расмий маалымдап, Ош мамлекеттик унверситети Алимжанов диплом алганын ырастаган. Эки депутат тең дипломдору жасалма экенин четке кагып келет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, аталган окуу жайлардан келген маалымдамалардын негизинде БШКга жооп берилгенин айтты.

"Диломдун анык же анык эмес экенин бизге жогорку окуу жайлар аныктап берет. Биз алардан маалымат алып, алар берген маалымдаманын негизинде БШКга бир канча жолу жооп бергенбиз. Диплом алган болсо алды деп, албаса алган жок деп жөнөткөнбүз. Ошол жоопту БШКга бергенбиз. Алар бизден барган каттын негизинде бүтүм чыгарышы керек. Ал эми дипломду жокко чыгаруу чечими укук коргоо органдарынын колунда да. Эң башкысы бизден кат кетти, калган жагы эми бизде эмес".

Деген менен эки депутаттын дипломуна байланыштуу маселеде бир жаңсыл чечим чыкпай жатканын кош стандарттуулук катары сыпаттагандар дагы бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев буга байланыштуу диплому жасалма деген негизде мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматова менен соңку парламенттик шайлоодо жарыштан четтетилген талапкер Рыскелди Момбековду мисал келтирди.

Ал ошондой эле дипломунан улам чуу чыккан эки депутат бийлик тууралуу сын пикир айтпаганына, Кемпир-Абад өңдүү маселелерде колдоп добуш бергенине токтолду.

"Ал депутаттар бийликке керек, кнопка басып жаткан депутаттар болушу мүмкүн. Менимче алар Кемпир-Абад маселесинде дагы керектүү добуш берген депутаттар болушу керек. Ушундай маселелер биздин сотто деле болуп жатпайбы. Бизге окшогондорду мисалы төрт жылдан бери сүйрөп жүрөт. Ал депутаттардын дипломуна байланыштуу маселе кийин көтөрүлбөсө, азыр бул ишти балким жаап коюшат. БШКга, Жогорку Кеңештин алдына барып жатып алса деле азыр бул жагдай ак же көк деп чечилбейт. Эгер алардын ордуна оппозициячыл маанайдагы депутаттар болсо бир күндө чечим чыгарылмак. Мисалы Орозайым Нарматованын мандатын деле чукул алып коюшпадыбы. Момбеков тууралуу дагы чечим бат чыккан".

Бийлик өкүлдөрү диплом чуусундагы кош стандарттуулук, тандалма саясат тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

Талдоочу Бакыт Жумагуловдун пикиринде, ар кандай күдүк ойлор жаралбашы үчүн чечим чыгаруу тездетилиши керек.

"Мындай иш-аракеттер албетте ойлондурат. Маселе чыккандан кийин кандайдыр бир чечим болушу керек. Мындай жагдайда бир топ суроолор, анын ичинде кош стандарттуулук боюнча суроолор жаралат. Биринчиден, булар кандайдыр бир соодалашып жатабы же кош стандарттар кошулуп жатабы, кандайдыр бир коррупциялык схемалар болуп жатабы деген суроолор коомчулукта дагы, жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы жаралууда. Чечим чыкпагандын айынан ушундай ойлор, суроолор пайда болуп жатат".

Былтыр жыл башында УКМК мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшере баштаган жана ал үч ай ичинде аяктарын билдирген. Башында текшерүүнүн жайынтыгы тууралуу маал-маалы менен маалымат берилип, тизмеде Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, президенттин аймактагы өкүлү, судьялар, министрлик-мекемелерде, күч түзүмдөрүндө иштегендер бар экенин билдиргени менен алардын аты-жөнүн коомчулукка жарыялаган эмес.

Бул жараян алкагында Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракка чакырылган мугалим асынып алгандан кийин коомчулукта талаш-талкуу көбөйгөн.


Кыргызстанда буга чейин дагы айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын дипломдору жасалма, кээ бирлери башка мамлекеттин жараны экени тууралуу маалыматтар чыккан, териштирүү болуп, кылмыш иштери козголгон.

"Азаттыктын" архиви: Эки депутаттын эстен чыккан диплом чыры. 29-ноябрь, 2022-жыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG