Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:50

Батыш Протасевичти бошотууну талап кылды


Варшавада Беларус оппозициясын колдоп акцияга чыккандар. 30-май, 2021-жыл.
Варшавада Беларус оппозициясын колдоп акцияга чыккандар. 30-май, 2021-жыл.

Беларус бийлиги Гродно шаарында көз карандысыз Hrodna.life жаңылыктар агенттигинин редактору Алексей Шотаны кармаганы маалым болду. 30-майда жергиликтүү милиция билдиргендей, порталда «экстремисттик деп таанылган» материал жайгаштырылган.

Буга чейин март айында да Гродно шаардык соту Шотаны "экстремисттик материалдарды таратканы" үчүн күнөөлүү деп таап, айыппул төлөткөн. Журналист буга чейин Tut.by ири интернет басылмасында иштечү.

Ал арада беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская анын кыймылын колдогон дүйнө коомуна ыраазычылык билдирди.

«Мен Литва жана башка мамлекеттерде болуп жаткан колдоо акцияларына жетине албай турам», - деди Тихановская 29-майда Вильнюста журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Бир катар Европа мамлекеттеринде беларус оппозициясына тилектештик билдирүү күнүнүн алкагында нааразылык акциялары өттү.

Буга чейин Тихановская күйөөсүнүн камалгандыгынын бир жылдыгына байланыштуу оппозицияны акцияга чыгууга чакырган. Популярдуу блогер Сергей Тихановский бир жыл мурда авторитардык лидер Александр Лукашенкого каршы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргенден кийин камалган.

Тихановский ага тагылып жаткан беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса, көп жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Вильнюстан сырткары акциялар Киев жана Варшавада өттү. Польшанын баш калаасындагы акцияда жакында эле кармалган журналист Роман Протасевичтин ата-энеси да сөз сүйлөштү.

«Мен Евробиримдикти жана Кошмо Штаттарды Роман менен Софияны, ошондой эле түрмөгө саясий негизде камалгандардын баарын бошотуп алууга жардамдашууга чакырам», - деди Романдын апасы Наталья Протасевич.

23-майда беларус бийлиги «ичинде бомба бар» деген шылтоо менен Афиныдан Вильнюска бараткан учакты күч менен кондуруп, Роман менен кошо анын жанындагы сүйлөшкөн кызы София Сапеганы да кармаган.

Романдын атасы Дмитрий «биз ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө укугу бар, эркин мамлекетте жашагыбыз келет» деп айтты.

Демонстранттар «Беларус жашасын!», «Беларуска эркиндик!» деген ураандарды чакырып, Протасевич менен Сапеганын жана беларус оппозициясынын ак-кызыл түстөгү желектерин көтөрүп турушту.

26 жаштагы Протасевич "былтыр жапырт башаламандык уюштурууга катышы бар" деп айыпталууда. Күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Маалымат каражаттарынын эркиндигин жактаган коалиция мүчөлөрү 29-майда Протасевичтин камалышын жана учактын багытын күч менен бурган аракетти айыпташкан билдирүү таратышты.

Кошмо Штаттардын Мамдепартаментинин сайтында жарыяланган билдирүүдө «Бул чектен чыккан жана адамды нес кылган кадам, маалымат каражаттарына жасалган толук кандуу чабуул. Бул эркин пикир билдирүүгө, дегеле өз оюн айтуу укугуна олуттуу кедергисин тийгизиши ыктымал», -деп жазылат.

21 мамлекеттин өкмөтү кол койгон билдирүүдө Беларуста былтыртан бери жалпысынан 400дөй журналист жана медиа кызматкерлери ар кандай куугунтуктун түрүнө дуушар болушканы белгиленген.

Ошондой эле аталган коалиция Протасевичти жана башка журналисттер менен медиа кызматкерлерин токтоосуз түрдө бошотууну беларус бийлигинен талап кылды.

Лукашенконун Ryanair компаниясына караштуу учакты күч менен кондуруп, анын ичиндеги Протасевичти камаганына байланыштуу АКШ жана Евробиримдик дагы олуттуу санкцияларды киргизүүнү көздөп жатат.

Европанын бир топ мамлекеттери өз компанияларын Беларустун аба майданын айланып өтүүгө чакырып, беларус авиакомпанияларынын учактарын кондурууга тыюу салды.

Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм өз иликтөөсүн баштады.

28-майда Беларустун лидери Александр Лукашенко Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путинге жолуккан. Анын эртеси Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргендей, Орусия Беларуска 1,5 миллиард долларлык кредиттин экинчи бөлүгүн «жакын арада» которо турганын билдирди.

Былтыр августта өткөн президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларында 30 миңден көп адам кармалып, катышуучулар, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукка алынган.

Оппозиция жана бир катар Батыш мамлекеттери өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келген Лукашенконун шайлоодон жеңгенин тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG