Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Дрондор чабуулу: Согуш учкуну Москвага жеттиби?


Ай башынан бери Москва шаарына бир нече ирет дрон чабуулу жасалды. Киев Орусиянын ичиндеги чабуулдарга жоопкерчилик албай турганын айтканы менен, талдоочулар утур-утуру Москваны карай учкан дрондордун ар тараптуу максаты болгонун баса белгилешет.

Москваны бутага алган дрондор

Москванын мэри Сергей Собянин 10-августка караган түнү шаарга карай келе жаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирди.

"Таңкы саат төрттөрдө абадан коргонуу системасы калааны көздөй учуп келаткан эки учкучсуз аппаратты атып түшүрдү. Бири Калуга облусунда, бири Борбордук айланма автожолдун аймагында (ЦКАД)", - деп жазды мэр Телеграм-каналына.

Шаарда учуп-конууга тыюу салынып, "Внуково" жана "Домодедово" аэропортунун иши үзгүлтүккө учураганын РИА Новости жазды.

Flightradar24 сервисинин маалыматында айтылгандай, жалпысынан ондогон каттамдар токтотулган же жылдырылган.

ASTRA Телеграм-каналы Домодедово районунда катуу жарылуу болгонун, көп өтпөй өрт чыкканын жазды. Жергиликтүү тургундар бул аймакта эки жолу чоң жарылуунун үнүн укканын айтышууда.

Москва облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрт миң чарчы метр аянтты каптаганын билдирди. Бирок жардыруу тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

9-августта Кремль Севастополдун жанында атып түшүрүлгөн эки учкучсуз учак тууралуу маалымат таратты. Анда дагы тогуз дрон бутага жетпей Кара деңизге кулап түшкөнү айтылат.

BAZA Телеграм-каналы Украинанын Куралдуу күчтөрү Новофедоровкадагы аскердик аэродромго дрондор менен кол салууга аракет кылганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусуна жана аннексияланган Крымга жасалган дрон чабуулунан жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.

Орусиянын бийлиги буга чейин дагы баш калаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган.

Алсак, 1-августка караган түнү "Москва-сити" бизнес кварталындагы Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги жайгашкан "IQ-Квартал" деп аталган көп кабаттуу имаратка учкучсуз учактар сокку урган.

Андан мурда, 30-июлга караган түнү Москва шаарына учкучсуз учактардан чабуул жасалып, "Москва-сити" бизнес борборунун эки мунарасы жабыр тарткан. Терезенин айнектери күбүлүп түшүп, бир киши жараат алганы кабарланган.

Дрон жардырдыбы же өзү жарылдыбы?

Ушул эле күнү 9-августта Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптика-механикалык заводдун аймагындагы жардыруудан бир киши каза таап, 56 киши жабыркады. Дагы он эки киши дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уранды алдынан адамдарды издөө иши уланып жатканын билдирди.

BAZA Телеграм-каналы булагын көрсөтпөй эле түнкүсүн уранды алдынан үч кишинин сөөгүн алып чыгышканын жазды. Бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн эмес.

Сергиев Посаддагы заводго учаксыз учак менен кол салуу фактысын коопсуздук күчтөрү менен байланышы бар "Бутик ФСБ" Телеграм-каналы да билдирди.

Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Расмий бийликтин өкүлдөрү билдиргендей, окуя пиротехника сакталган кампада болгон. 10-июлда Орусиянын Тергөө комитети кампаны ижарага алып иштеткен "Пиро-Росс" компаниясынын техникалык директору кармалып, анын кеңсесинде тинтүү жүргөнүн билдирди. Жарылуу боюнча кылмыш иши козголду.

Москвага чабуул койгон дрондор

Украинанын жетекчилиги бул чабуулдарга комментарий бере элек. Киев Орусиянын ичиндеги чабуулдарга жоопкерчиликти албай турганын айтканы менен, SOTA басылмасы да Сергиев Посад шаарын айрым тургундары абада дрон сыяктуу аппарат учканын, заводдогу жардыруудан кийин снаряддардын калдыктары табылганын жазууда.

Аскердик эксперт Ян Матвеев Сергиев Посаддын тургундары дрондорду көргөнүн, бирок учурда так маалымат алуу мүмкүн болбой жатканын "Настоящее время" телеканалына берген маегинде айтты.

"Теориялык жактан алганда, албетте, болушу мүмкүн. Бирок бул жерде бир аз этият болушубуз керек. Анткени азыр Москвага дрондор көп кол сала баштады. Бир четинен адамдар дрондун кандайдыр бир белгилерине дароо көңүл буруп, кабарлашат. Экинчи жагынан, жардыруу күндүз болгондуктан, чындап эле дрон болсо, анда видеолор чыгат эле. Азыр Москвада же Москва облусунда жашагандар дронго окшош нерсени көрсө дароо видеого тартууга аракет кылышат. Бул ирет бир да видео жок. Бирок дрон соккусу болгон деген бул божомолду, албетте, толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн эмес".

Соңку күндөрү катталган дрон чабуулдарын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн толук масштабдуу аскердик операциясы деп айтууга али эрте экенин коопсуздук боюнча эл аралык эксперт Сара Пагунг Германиянын Deutsche Welle басылмасына курган маегинде айтты:

"Украин тараптын учкучсуз учактар менен бутага алуусунун үч максаты бар деп ойлойм. Оболу, албетте, аскердик максат. Баарыбыз көргөндөй эле, украиналык дрондор Орусиянын күчүн алсыратуу үчүн аскердик базаларды бутага алууда. Мындай кадамдар орус жоокерлеринин психологиясына да сокку уруу үчүн колдонулууда. Буга Новороссийскидеги аскердик кемеге жанкечти дрон тийгени мисал. Анан, албетте, Москвадагы чабуулдар. Биринчиден, бул психологиялык согуш. Максат - орусиялыктарга алардын да аймагында согуш болуп жатканын көрсөтүү".

Белгилей кетсек, уруш жүрүп жаткан аймактардан түшкөн кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

2022-жылы Орусияда соңку он жыл ичинде эң көп жардыруу катталган. Жалпысынан 83 кандуу калабада 55 адам каза болуп, 11 миңге жакын киши жараат алган. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жылдык отчётуна таянып "Вёрстка" басылмасы жазды.

Министрликтин статистикасынын сап башында турак жай, кампа, шахталардагы жарылуулар, аннексияланган Крымдын көпүрөсүндөгү жарылуу турат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG