Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырып, накталай долларлар Орусияга чыгарылып жатканын билдирип келет. Абалды жөнгө салуунун кандай жолу бар? Өкмөт жаңыдан сунуштап жаткан механизмден майнап чыгабы? Соңку кырдаалдын кесепети кандай жана айрым өлкөлөрдөгүдөй чет элдик валютанын "кара базарын" пайда кылбайбы? Бул суроолорду "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында талкуулайбыз. Ага экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, экономист, Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин экс-директору Шумкарбек Адилбек Уулу жана экономист, Москвадагы Жогорку экономика мектебинин аспиранты Нургүл Акимова катышат.
Доллар тартыштыгынын себеби эмнеде?
Чыгарылыштар
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?
-
Январь 16, 2024
Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?