Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

Медицинага өмүрүн арнаган адистер


Медицинага өмүрүн арнаган адистер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00

Саламаттык сактоо тармагында адистер жетишпегендиктен пенсия жашындагы кызматкерлердин саны 7862 адам. Алардын 3100ү дарыгерлер экени белгилүү. Улгайып калган адистердин көпчүлүгү коронавирустун биринчи толкунунда иштеген эмес. Бейтаптарга Интернет аркылуу эле консультация берип турган. Эми кырдаал курчуй турган болсо үйдө отурбай жумушка чыгарын айтып жатышат. 90 жаштагы Токтокан Эдилбаева жана анын абышкасы Акмат Бейшенбаев коронавирусту жеңип чыкты. Алар өпкөсү кагынып, ооруканада эки жумадан ашык жатышкан. Бул ардагерлердин алгачкы жеңиши эмес. Бирге жашаган 71 жыл ичинде көп кыйынчылыктарга моюн сунушкан жок. Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Карылардын эл аралык күнү белгиленет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1-октябрда Кыргызстандын калкынын сегиз процентин улгайган адамдар түзөрүн кабарлады.

Мекеменин Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жарыялаган маалыматына караганда, өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылардын жалпы саны 513 миң адам. Бул сан үч жыл мурдагыга салыштырганда 66 миңге көп.

Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында бул күндү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG