Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Диний радикализмдин көз алдыбыздагы белгилери


Сирияга барып, ашынган көз карашты туткан жоочулардын катарына кошулгусу келген жигит кармалды. Архив. 2020.
Сирияга барып, ашынган көз карашты туткан жоочулардын катарына кошулгусу келген жигит кармалды. Архив. 2020.

Ашынган саясатка оогондорду азайтуу үчүн коомдо социалдык рефррмалар талап кылынат. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Диний маңыздагы радикалдуу топтордун зыяндуулугу тууралуу кеп арбын айтылып келет. Бул жагдай учурда эл аралык коркунучка деле айланып калды десек жаңылышпайбыз. Мындан барыбыз кабардай болгондой эле өлкөбүздүн тагдырын белгилеген кишилер да кабардар. Бирок, бул маселени алгылыктуу кылып жөнгө салып кетүү үчүн жетиштүү кадамдар ташталбай келе жаткандыгы өкүндүрөт.

Мамлекеттик машинанын иштөө табияты ушундай болобу же биз сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тагдыры ушундайбы, биле албадым. Айтор, диний радикализм сыяктуу бир көйгөйгө олуттуу чара көрүү, алгылыктуу аракеттердин жасалышы үчүн чоң кызыкчылыктардын кагылышы же чоң бир жаңжал чыгышы шарт окшойт деп ойлоп кетем, кээде. Мисалга, акыл-эстүүлүккө эмес догмага таянган диний түшүнүктүн жайылышы канчалык опурталдуу жагдайды жаратып бараткан менен, шайлоодо көп добуш топтоп бергенге жараса, көбүнесе тийиштүү саясий күч тарабынан коркунуч катары эсептелбейт сыңары.

Өз учурунда Сирия кризиси күч алып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү сыяктуу биздин өлкөдөн да ал жакка радикалдуу топторго кошулуу максатында кетип калгандар болгону жашыруун эмес. Ошол учурда, жаңылбасам Базар-Коргон районунан экендиги айтылган кыргыз жараны болгон баланын жан кечтиликке баргандыгын көрсөткөн бир видео тасма тараган эле.

Ошол учурда мамлекеттик машиналар бул окуяга карата аябай жигердүү иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, диний топторду көзөмөлгө алуу бир кыйла жандана түшкөнүн сезген элем. Ал тургай, ыраматылык Чубак ажы да атайын Базар-Коргонго барып, террорчул иштин канчалык жаңылыш экендигин катуу айтып келгени бар...

Кызыгы, окуялар тынчый түшкөн учурдан тартып диний сабатсыздык менен болгон солгун күрөш да ого бетер солгундай берди.

Быйыл 9-март күнү дин тармагындагы мамлекеттик саясат боюнча концепциянын жаңы долбоору талкууланды. “Азаттыктын” билдирүүсүндө, концепцияда Кыргызстанда жарандардын диний радикалдашуусу актуалдуу маселе бойдон кала бергендиги жазылган. Бул болсо, мамлекет катары диний сабатсыздыкка каршы күрөшүүдө суз мамиле жасап жаткандыгынан, тийиштүү мекемелердин (дин комиссиясы, муфтият) эсеби көп бирок натыйжасы аз иш алып барбагандыгынан кабар берет сыңары.

Бирок төмөнкүнү да унутпоо керек. Диний сабатсыздык дайыма эле мамлекетке коркунуч туудурбай турган абалда болуп тура бербейт. Бир учурларда саясий өнөктөш болуп, шайлоодо көп добуш алып берген топтун кызыкчылыгы дайыма эле бийликтеги саясий күчтүн кызыкчылыгы менен төп келе бербеши турган кеп. Биз мунун өрнөгүн жакында көрдүк.

Пандемия күч алып, дүйнөлүк коомчулук алапайын таппай, коомдук чектөөлөргө жарандарын көндүрө албай жаткан кезде, Индия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөгү кээ бир диний жамааттардын лидерлери мамлекетке кадимкидей сес көрсөтүп, коронавируска байланыштуу айтылуу чектөөлөргө каршы чыкканын көрдүк.

Дагы бир мисал. Буга чейин интернетте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Акин Токталиев, өз учурунун муфтийдин орун басары Кадыр Маликов баштаган диний өкүлдөрдүн жыйындагы сүйлөшүүсү жөнүндө аудио тарады эле.

10 мүнөттүк аудиодо өлкөдө мусулмандар көпчүлүк экенин көрсөтүш керек экендиги, саясатчылар аалымдардын айтканын кылышы керек экендиги айтылып, Баш мыйзамдагы жана саясаттагы исламдын орду талкууланган. Маликов бул аудионун жасалма экендигин айтып, бул тууралуу милицияга кайрылаарын билдирген болчу.

Кызыгы, окуянын уландысы эч кимди кызыктырбадыбы же башка себептерден уламбы, айтор, маселенин чын-төгү тууралуу маалымат коомчулук менен (жеткиликтүү) бөлүшүлбөдү окшойт.

Булар эмнеден кабар берет?

Булар биздин өлкөдө да, тилекке каршы, радикалдык диний түшүнүктөрдүн арбып бараткандыгынан кабар берет. Учурдагы жагдайда балким тынчсызданууга эртедир. Бирок чыңалуунун күчөп кетпешине, дайыма эле эстүү болуп тил ала беришине кепилдик барбы? Кеч болуп кала электе, кыргыз коомчулугунун диний, маданий бүтүндүгүн, түрдүүлүгүн сактап калсак деген ой...

Анткени, кайра тартканга болбой калган учурлар да болот эмеспи? Бир учур келип, Кудай анын бетин ары кылсын, биз азыр тоготпой аткан жоон топ мамлекетке баш бербей турган абалга жетип кетсе эмне болот? Коркунуч туудурган аң-сезимди туура талдап, туура таанууда өтө кылдаттык менен иш алып баруу керек.

Айтайын дегеним, коомдук коркунуч жараткан аң-сезим, түшүнүк, принциптер бир караганда эле дароо балчайып көзгө көрүнө бербейт эмеспи? Биз үчүн коркунучтуу болгон диний же башка маңыздагы аң-сезимдер, түшүнүктөр балким бүгүн көз алдыбызда тургандыр, бирок биз аны туура таанып, туура аңдай албай жаткандырбыз...

Принципке эмес, лидерге баш ийүү опурталдуу

Мисалга, жеке тажрыйбамда, диний түшүнүгүнөн улам он миңдеген же жүз миңдеген кишинин бир кишиге баш ийип калуусунун өтө кооптуу натыйжаларына күбө болдум. Бир караганда бир диний жол башчы, имам же молдого он миңдеген кишинин баш ийип, анын айткандарынан чыкпай жашап калгандыгы көп деле кооптуу деп каралбашы мүмкүн.

Бирок, маселе мамлекеттин кызыкчылыгы менен жанагы молдонун же диний лидердин кызыкчылыгынын терс түшкөн жеринде башталат. Анткени, биз сыяктуу демократиялуу өлкөлөрдө белгилүү бир диний жамаат, топ өзүнүн кызыкчылыгы үчүн шайлоо учурларында, бир мааниде, мамлекеттик кызыкчылык менен тирешип калган учурлары да болбой койбойт экен. Мунун кепилдиги жок.

Кызыгы, мындай учурда «Эмесе сага добуш бербей коёбуз»,- деп сес көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүн туура эмес кадамдарынан кайтаруу дээрлик мүмкүн болбой калат. Анткени, тийиштүү жамааттын позициясынын накта ката экени көрүнүп турса да, толугу менен акылга логикага каршы келсе да өздөрүнүн диний лидеринин айтканынан кайтпай тура бериши турган кеп.

Учурда өлкөбүздөгү кээ бир башы көрүнгөн диний лидерлердин абалын, алар ээ болгон аң-сезимди, аларды ээрчий баштаган жоон топторду да дал ушундай этият көз менен баамдай жүрүү ашыкча болбос..

Биздин көз алдыбызда турган бирок азырынча кооптуу деп бааланбаган бир топ түшүнүктөрдөн сөз кылуу мүмкүн. Балким убагы менен сөз козгоп тураарбыз. Бул жерде азырынча принципке эмес кишиге/лидерге шартсыз баш ийген же ийдирген диний түшүнүктүн кооптуу экендигин, чынында, ал исламдык рухка да шайкеш эмес экендигин айтуу менен чектелип туралы.

Радикализмдин эки башкы себеби

Өлкөдөгү диний сабатсыздыкка, радикалдуулукка каршы чара көрүү көп кырдуу болууга тийиш. Адатта, алсак, мусулман катмардын сабатсыздыгынан, айрым радикалдуу (ашынган) кадамдарынан улам мусулманчылык же ислам дини жаманатты болуп келет.

Бул – туура эмес. Анткени, изилдөөлөр көрсөткөндөй, киши бир гана диний билиминин тайкылыгынан улам радикалдуу кадамдарга барбайт. Чөйрөнүн саясий, экономикалык, маданий шарттарындагы кээ бир өзгөчөлүктөр кишинин радикалдуу кадамдарга баруусун шарттаган эң негизги себептер болуп саналат.

Кишини радикалдуу кадамдарга түрткөн эң башкы эки кыймылдаткыч күч – коомдук теңсиздик түшүнүгү жана кара күчкө салуунун маселени чечээрине болгон ишеним. Башкача айтканда, бир киши же белгилүү топ коомдо кандайдыр бир адилетсиздик, теңсиздик, кош стандарттуу иштер жүрүп жаткандыгын жана аны чечүү үчүн көчкө салгандан башка жол калбагандыгына ишенген учурда радикалдуу кадамдарга барууну көздөшөөрүн изилдөөлөр айтып келет.

Радикалдуу кадамдарга барган кишилердин топу кийгенин же сакал койгонун көрө калып эле толук күнөөнү анын «мусулманчылыгына» оодарып, өзүн сүттөн чыккан ак кашык сезип аларды жамандап табасы канып жатып калуу – мокок түшүнүк болуп саналат.

Жарандардын радикалдуу кадамдарга баруусун жалпы журттун кадамдары да шарттап коюп жатпайбы? Эң эле жөнөкөй мисал катары, шайлоодо каратып туруп жегичтерге, жалганчыларга добуш берүүнүн деле узак мөөнөттүү натыйжалары кайрадан бизге жокчулук, жакырчылык, саясий кризис, мамлекеттик механизмдердин иштөө таризинин бузулушу болуп кайтып келип жатканы ырас да.

Булар болсо радикализмди шарттаган эң башкы себептер болуп саналат. Андыктан, маселе, мүшкүл барыбызга тиешелүү. Бүгүн диний радикализм деген маселе бар болсо, мында, түз болсун кыйыр болсун, барыбыздын салымыбыз бар дегендик.

Тыюу салуу радикалдуулукту азайтабы же арбытабы?

Андыктан, учурда кандайдыр бир диний топтордун зыяндуулугу байкалса дароо аларга тыюу салууну бир чара катары сунуштагандар көп. Бул радикалдуу топторду кайра күчөтүүгө гана жарайт. Анткени, салынган бул тыюунун туура, адилеттүү бир чечим болгондугун тийиштүү жамааттын ар бир мүчөсүнө түшүндүрүү мүмкүнбү? Мамлекет бул жаатта канчалык туура, калыс иш алып барса да, аны жеткиликтүү кылып түшүндүрүүгө аракеттенсе деле жамааттын мүчөсү мамлекеттин эмес өздөрүнүн диний лидеринин оозун карап отурган болот.

Бул жагдайды мамлекеттин кош стандарттуу мамилеси, тийиштүү жамаатка кылынган кыянаттык, душмандык катары жамааттын мүчөлөрүнө сиңирип коюу тийиштүү лидердин бир ооз сөзү гана. Тийиштүү лидер, бул үчүн айтылуу абалды логикалуу, акылга сыярлык кылып, бизче айтканда "саал окшоштуруп" айтууга да муктаждык туйбайт. Диний түшүнүгүнөн улам, жамааттын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү лидердин оозунан чыккандын барына ишенгиси келет.

Тийиштүү катмардын оюн буруп коюуга кээде диний жол башчынын «Бул кадамдарды ушинтип бааладым, силер да ошентип кабылдагыла», – деген тоголок сөзү эле жетиштүү болот. Бул аябай кооптуу...

Мамлекет кандай гана алгылктуу кадам таштабасын, анын жамаат тарабынан кош стандарттуу мамиле, кысым катары кабыл алынуусу кайра эле радикалдуу кадамдарды пайда кылган эң чоң эки түрткүнүн бирине айланып калаары түшүнүктүү болду окшойт...

Мисалга, Мысырда (Египет) Ихван Муслимин, Тунисте ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Нахда кыймылы (Хизбу н-нахда), Пакистандагы Жамаати Ислами сыяктуу кыймылдар тийиштүү учурда бийликте турган диний тутумдун иш–аракетине макул болбой, аларга бир атаандаш кыймыл катары чыккан.

Бирок бийлик тарабынан булар кандайдыр бир коркунуч (өздөрүнө карата) катары кабыл алынып, (тийиштүү өлкөлөрдө) аларга ар тараптуу кысым көрсөтүлгөндүктөн, бийлик менен бул жамааттардын ортосундагы чыңалуу жогорулап, чоң терс натыйжаларга себеп боло турганчалык тирешүү күчөгөндүгү маалым.

Көп кырдуу ийгилик жаратуу гана радикализмди азайтат

Демек, тыюу салуу толугу менен оң натыйжа алып келбеши анык. Андыктан, алгач өлкөнүн экономикасы, элдин жашоо шарты, саясий абалы оңолууга тийиш. Ансыз жемкордук, кирешенин тең бөлүшүлбөөсү, жумушсуздук, жокчулук, соттук механизмдердин калыс иш алып барбоосу, илим-билимдин эмес кара күчтүн баркталып калуусу сыяктуу көрүнүштөр көбөйө берет.

Булар болсо өзгөчө жаштарды көңүл калууга, айласыздык сезимине түртөөрү, натыйжада кара күчкө салууга түртөөрү изилдөөлөрдөн белгилүү. Мындай жаштардын көбөйүп, уюшуп кетүүсүнүн канчалык коопту болорун айтуунун кажети деле жок болсо керек...

Ал эми, радикалдуу аң-сезимдин жаралып же күч алып кетүүсүндөгү диний, теологиялык себептери менен да алгылыктуу иш алып баруу зарыл. Бул үчүн «дин жана рационализм» деген теманын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зор мааниге ээ.

Жөнөкөй тил менен айтканда, «диний кандайдыр бир түшүнүк, принцип сөзсүз түздө акылдын, логиканын талабына жооп бериши керек» деген түшүнүктү жаюу керек.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Бул үчүн учурда катардагы жаранды эмес, бул иштин майын чыгарып, элге туура диний түшүнүктү жеткире турган дин адистерин буга ишендирүү, ынандыруу жана көндүрүү өтө оор болуп турат.

Бул – диний маанидеги аң-сезимдик жаранын канчалык ырбап кеткендигинин көрсөткүчү деп ойлойм. Кантсе да үмүт үзбөстөн, жолду ырааттуу уланта берели, көрө жатарбыз...

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

XS
SM
MD
LG