Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

"Диктаторлор жасалма интеллектти курал кылышы мүмкүн"


"Эркиндик үнү" подкастында жасалма интеллекттин келечегин, коркунучун жана пайдасын, демократияга тийгизген таасирин талкуулайбыз.

Жакында эле жасалма интеллект айдыңында ChatGPT чат-ботун негиздеген OpenAI компаниясындагы чуу жогорку технологиялар дүйнөсүн ары-бери кылып койду.

17-ноябрда аталган компаниянын директорлор кеңеши ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Сэм Альтманды күтүүсүз иштен алып, бир күндөн кийин кызматкерлердин нааразылыгынан улам кайра ордуна койду.

Адистер белгилегендей, бул окуя компанияга эле эмес, бүтүндөй жасалма интеллект индустриясына таасирин тийгизди. Мындан улам жасалма интеллекттин өнүгүү ылдамдыгы, аны ойлоп табуучулардын гуманитардык жана коммерциялык кызыкчылыктары боюнча бир канча суроо күн тартибине чыкты. Ошондой эле эгерде жасалма интеллектти ойлоп тапкандар ортосунда кайчы пикир келип чыкса, анын келечеги кандай болот деген тынчсыздануу жаралды.

Reuters агенттиги компаниянын эки кызматкерине шилтеме жасап, Альтманды иштен алуудан бир нече күн мурда OpenAIда иштегендердин тобу абдан күчтүү жасалма интеллекттин чыгышы боюнча тынчсыздануусун билдиргенин кабарлады.

Алардын сөзүнө караганда, компания математикалык оор тапшырмаларды аткара ала турган системанын үстұндө иштеп жатат. Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, анда адамдай ойлоно алган интеллекттин чыгышы тездейт.

Талкууга Германиядан мекендештерибиз, IT адиси, "Чөйрө" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Токтакунов жана бизнес талдоочу, IT тармагында эмгектенген Калыгул Жунушбеков катышты.

- Жасалма интеллект деген эмне жана ал биздин күнүмдүк турмушка канчалык жакындады? Жатык тил менен түшүндүрө кетесиңерби?

Азамат Токтакунов: Жасалма интеллект деген терминди аягына чейин түшүнүп бүтө элекпиз. Азыркы чыгып жаткан чат ботторду же Chat GPTни жасалма интеллект деп айтып жатабыз. Бул башталышы гана. Чындап айтканда, жасалма интеллект биздин жашообузга кире элек. Ал эми Chat GPT сыяктуу алдын ала чогултулган маалыматты трансформация кылып, жооп катары чыгарган технологиялар кирди. Chat GPTнин ачылышы 2000-жылдардан бери эң чоң технологиялык төңкөрүш болуп эсептелүүдө. Мындайча айтканда, компьютер жаңы чыкканда “компьютерди билесизби, эгер билсеңиз жумушка алабыз” дешсе, эми бир аздан кийин “Chat GPTни билесизби, билсеңиз жумушка алабыз” деген талаптар коюла баштайт. Азыр бул тармак абдан тез өнүгүп келатат. Биз кайсы убакытта жасалма интеллектке өтүп кеткенибизди байкабай калабыз. Жасалма интеллект биздин жашообузга толук киргенде, заман өзгөрүшү мүмкүн.

- Ал канча жылдан кийин кирип калышы мүмкүн деп ойлойсуз? Же биз анын киргенин канча жылдан кийин сезебиз?

Азамат Токтакунов: Азыркы жоромолдор боюнча 2027-жылы жасалма интеллекет жашообузга толук кирет деп жатышат. Учурда мунун үстүнөн көптөгөн чоң гиганттар өз ара таймашып, иштеп жатат. Аларда акча, убакыт көп. Баары азыр даяр. Бирок муну бир эле гениалдуу адам жасап салышы да мүмкүн. Ал учур абдан эле жакындап калды.

- Калыгул мырза, жогоруда айтылгандай, Chat GPT жасалма интеллект тармагындагы жарышты күчөттү. Ири гиганттар ортосундагы бул багыттагы таймаш тууралуу эмне айта аласыз?

Калыгул Жунушбеков: Жасалма интеллект 2023-жылы дүйнөдө, өзгөчө бизнес тармагында эң көп сүйлөшүлгөн тема болуп жатат. Он жыл мурда талдоочулардын жасалма интеллект 2030-2040-жылдары барып кирет деген божомолдору бар болчу. Бирок ошого карабай пандемия бул процессти аябай тездетти. Эки жыл мурда Meta аалам кандай "хайп" болсо, азыр жасалма интеллект дагы бардык жакта көтөрүлүп, мындайча айтканда, “хайп” болууда. Бирок азыр али жолдун башындабыз. Алдыда дагы көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңылануулар күтөт. Жасалма интеллект процесстерди автоматташтыруу болуп дагы саналат эмеспи. Андай болсо Хенри Форд жасалма интеллектти баштап берген адамдардын сап башында турат деп көптөгөн илим адамдары айтып жүрүшөт. Себеби ал азыркы машина же унаа өнөр жайында толугу менен революция кылган адам. Мындайча айтканда, биздин жашообузга мурдатан эле кирген деп эсептесек деле туура болот. Ал эми азыркы интернет, технология ааламында, сиз суроо бергендей, Chat GPT программасынын чыгышы менен көптөгөн компаниялардын шаштысы кетти.

Майкрософт өзүнүн Bing деген долбоорун чыгарды. Сhat GPT чыгары менен ал Googleдун ордун ээлеп калышы мүмкүн деген кептер көп тарагандыктан, Google алапайын таппай калды. Көп өтпөй Google Bard деген долбоорун жарыялады. Күнүмдүк турмушубузда жасалма интеллект абдан эле кеңири колдонула баштады. Мисалы, ошол эле Амазондун Алексасы, Apple компаниясынын Сириси, “Тесла” машинесинин автопилоту. Булардын баары сиздин үнүңүздү тааныйт. Айрым суроолоруңузга жооп берет. Алтургай маанайың чөгүп турса, тамаша айтып, күлдүрө алат.

Калыгул Жунушбеков.
Калыгул Жунушбеков.

- Калыгул, Сhat GPT сизге канчалык жардам берип жатат?

Калыгул Жунушбеков: Жеке эле Сhat GPT эмес, жалпы жасалма интеллекттин канчалык жардамы тийип жатканына мисал келтирейин. Жакында мен Азербайжанга Түрк мамлекеттер уюмунун форумуна бардым. Анын алдында Германиядагы кыргыз диаспорасы тууралуу презентация жасашым керек экени чукул айтылып калды. Албетте, презентацияны кесипкөй деңгээлде жасоо бир топ убакытты алмак. Анын жасалгасынан баштап мазмунуна чейин ойлонушуң керек. Мен ошол эле жасалма интеллектке кирдим дагы, “мамлекетти тааныштыра турган бир презентация керек” десем, дизайны менен даяр көптөгөн шаблондорду чыгарып берди. Мен өзүм толуктап, керек болгон маалыматтарды жайгаштырдым. Көп болсо 1-1,5 саат убактым кетти. Өзүм нөлдөн жасасам, көп убакыт коротмокмун. Албетте, жасалма интеллект 100% даяр презентация жасап бербейт, бирок кандайдыр бир шаблонун түзүп берет. Ишти тездетип, убактымды үнөмдөдү десем болот.

Подкасттын аудиосун бул жерден угуңуз:

- Жазында 300дөй илимпоз Жасалма интеллект адамзат үчүн коркунуч алып келиши мүмкүн деген эскертүү жарыялашты. Алардын айтымында, тездик менен өнүгүп келаткан жасалма интеллектти өзөктүк согуш же пандемия коркунучундай эле кабыл алуу керек. Азамат мырза, бул окумуштуу, адистердин кооптонуусу канчалык жөндүү деп ойлойсуз?

Азамат Токтакунов: Негизи туура. Биз үч баскычка бөлүп карасак, мисалы, биринчисине биз колдонгон кадимки калькулятор кирет. Ага эмнени киргизсек эмнени чыгарарын билебиз. Экинчиси - жаңы пайда болгон Chat GPT. Биз аны жардамчы катары колдонсок болот. Chat GPTнин өнүгүшү менен бир топ кесиптерге муктаждык жоголот. Бизге дизайнер, алтургай адвокат, юристтердин да кереги жок болуп калышы мүмкүн. Мисалы, мен Chat GPTни өз жашоомдо жардамчы катары кеңири колдоном. Ал мага постторду жазып берет, reals жасап берет. Андан кийин үчүнчү баскыч келет. Ошондо окумуштуулардын кооптонуусу ишке ашып кетиши мүмкүн. Анткени биз азыр Chat GPT'ни абдан көп нерсеге үйрөтүп жатабыз. Анан бир убакта ал өзүнөн өзү үйрөнө баштайт. Ага миң түркүн эрежелерди киргизсең, ал 1001-эрежени өзү ойлоп таап алып, ошону жасай баштайт. Биз аны эч качан билбейбиз.

Азамат Токтакунов.
Азамат Токтакунов.

- Экөөңөр тең учурда IT тармагында эмгектенесиңер. Жасалма интеллект жакын арада коддорду өзү жазып, атайын адистердин деле кереги жок болуп калары айтылууда. Калыгул, сиз жасалма интеллекттин айынан жумушсуз калам деп коркпойсузбу?

Калыгул Жунушбеков: Аналитиктердин айтуусу боюнча, 2030-жылы жасалма интеллект дүйнөлүк экономиканын чоң бир бөлүгү болот. Мындайча айтканда, 16 триллион долларлык базарга түздөн-түз таасири эте баштайт. Бул эбегейсиз сумма. Азыркы тапта 2,3 миллион робот иштеп жатат. Бул жумуш орундарында мурда адамдар ээлеп турган. Сандарга карап айтсак, робот иштеткен компаниялар мурдагыдан дагы да натыйжалуу иш алып барышууда. Бул роботтор негизинен өнөр жайдагы кайталанма процесстерди кылат.

Өткөндө бир конференцияга катышып калдым. Ал жактан дал ушул багытта иш алып барган чоң компаниянын өкүлү менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болду. Мен “ушундай иштерди кылам, бул иштерди жасалма интеллектке алдырып жибербеш үчүн эмне кылыш керек?” деп сурадым. “Ошол тренддерден артта калбай, керек болсо ошол эле жасалма интеллектке кааласаң-каалабасаң да убактыңды бөлүп, ошого жараша өзүңдү дагы өнүктүрүп тур” деген сунушун берди. Жасалма интеллект адамдын ишин толугу менен ээлеп алат деп коркпош керек. Эч ким азырынча толук жыйынтык чыгара албайт. Себеби биз азыр жолдун башындабыз. Кээ бир кесиптер сөзсүз адамдын катышуусунда гана ишке аша алат.

- Жакында эле AI же болбосо жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча Британияда ири жыйын өтүп, анын жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынды. Эки күн бою технологиялык гиганттардын өкүлдөрү, эксперттер, саясатчылар жасалма интеллектти адамзат үчүн коопсуз колдонуу маселесин талкуулашты. Азамат мырза, лидерлердин чектөө чараларын көрүп жатышы канчалык туура?

Азыр Chat GPT'ни абдан көп нерсеге үйрөтүп жатабыз. Анан бир убакта ал өзүнөн өзү үйрөнө баштайт. Ага миң түркүн эрежелерди киргизсең, ал 1001-эрежени өзү ойлоп таап алып, ошону жасай баштайт. Биз аны эч качан билбейбиз.
Алмазбек Токтакунов.

Азамат Токтакунов: Негизи туура, биз азыртадан баштап ар кандай жолдорду ойлонуп, ортого салып, мамлекеттер, илимий изилдөөчүлөр, жарандык коом чогулуп алып, ошол эле бизнес менен сүйлөшүүсү керек. Биз кайсыл жакка баратабыз, эмне кылган атабыз деп ошол көйгөйдү көтөрүп чыгуу керек. Антпесе чын эле кийин кеч болуп калат, убактысын өткөрүп жиберсек, хаос башталат. Биз муну, тилекке каршы, токтото албайбыз. Биз жасалма интеллект менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек.

- АI дын демократияга кандай таасири болушу мүмкүн? Шайлоо жараяндарында дезинформацияны күчөтүшү мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Бул автократиялык режимдерге тескерисинче курал болуп бербейби?

Азамат Токтакунов: Жасалма интеллект демократияга оң дагы, терс дагы таасирин тийгизе алат. Позитивдүү жактарын айтсак, чечимдерди кабыл алууну жакшыртып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт жаатындагы тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатып, ачык-айкындуулукту камсыздашы мүмкүн.

Жарандарга маалыматтын жеткиликтүүлүгүн тездетсе болот. Чечим кабыл алууда жарандардын пикирин эске алууга мүмкүнчүлүк түзүү дегендей. Ал эми терс таасири тууралуу айта турган болсом, маалымат манипуляциясы, алгоритмдердин жардамы менен маалыматты жана пикирлерди манипуляциялоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Бул коомдук талкуулардын объективдүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө доо кетирет. Ошол эле шайлоо алдында купуялык бузулушу ыктымал.

Авторитардык режимдерде жасалма интеллектин жардамы менен жарандардын эркиндигин чектеп, аларды массалык түрдө көзөмөлдөшү мүмкүн. Жумуш орундарынын кыскарышы социалдык жана экономикалык кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал. Ошондуктан, эң негизгиси, жасалма интеллект демократиялык баалуулуктарды, адам укуктарын сактоого, демократиялык принциптерди жайылтууга жардам бериши үчүн мыйзамдарды кабыл алып, ошол багытта иш жүргүзүш керек.

Ар ким өз максаты, өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Жазуучунун пикиринде, Орусияда же Түндүк Кореяда бир күчтүү интеллектуал адам чыга турган болсо, ал адамзаттын түбүнө жетиши мүмкүн.
Калыгул Жунушбеков.

Калыгул Жунушбеков: Белгилүү жазуучу Юваль Ноах Харари ар бир чогулушта “эгерде ар бир адам, ар бир компания, ар бир мамлекет жасалма интеллектти адамзаттын жашоосун жакшыртуу, жеңилдетүү сыяктуу бир максатта колдонсо, ал пайдалуу болушу мүмкүн” деп айтып жатат. Бирок, тилекке каршы, дүйнө андай эмес. Ар ким өз максаты, өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Жазуучунун пикиринде, Орусияда же Түндүк Кореяда бир күчтүү интеллектуал адам чыга турган болсо, ал адамзаттын түбүнө жетиши мүмкүн.

Харари мырзанын айткандарына дагы кошулам. Алфред Нобел динамитти жакшы максатта колдонуу үчүн ойлоп тапкан. Бирок, тилекке каршы, ал адам өмүрүнө каршы максатта кеңири колдонулуп келет. Сиздин сурооңузга дагы азырынча эч ким так жооп бере албайт го дейм. Балким, демократиянын өнүгүп-өсүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Ошол эле учурда автократиялык режимдерге күчтүү курал дагы болуп бериши мүмкүн. Муну убактысы келгенде көрө жатарбыз.

Open AI компаниясынын негиздөөчүсү Сэм Альтман.
Open AI компаниясынын негиздөөчүсү Сэм Альтман.

- Карапайым кыргызстандыктар кайсы тармакта колдонуп, пайда тапса болот?

Азамат Токтакунов: Эң негизгиси, колдонуш керек. Маселен, Chat GPTни ачып, катталып, колдонгонду коркпой эле үйрөнүш керек. Анткени бул телефон, компьютер сыяктуу эле эң зарыл нерсеге айланат жакында. Аны карапайым кыргызстандыктар ар кандай тармакта колдонсо болот. Маселен, кээде догдур таппай, кезекке туруп кыйналбай эле Chat GPT ге оорунун белгилерин айтып, кандайдыр бир пайдалуу жооп алсаң болот. Ошондой эле Кыргызстанда туруп дүйнө менен иштейли деген IT адистеринин арасында тренд күч алууда. Ал үчүн тил керек. Chat GPTнин жардамы менен дүйнөлүк компанияларга чоң каттарды жазып, чоң буйрутмаларды алсак болот. Албетте, Chat GPT баарын даяр кылып бербейт. Болгону сен андан сурап, ал берген жоопту туура анализдеп, туура багытта колдоно аласың.

Калыгул Жунушбеков: Бизнес жана жалпы калк үчүн айта кетейин. Бизнесте компаниялар негизи эле технологияга инвестиция кыла башташы керек. Азыр кимдин технологиясы алдыда болсо, ошол жеңиште болуп жатат. Жалпы эле Кыргызстандын шартында иш алып барып эмес, тышка чыгып, башка компаниялар менен өнөктөш болуп, керек болсо өндүрүмдүүлүктү арттыруу үчүн сервистерин колдонуп, иш алып барыса болот.

Ал эми жалпы калк, азыр ансыз деле канчалык деңгээлде жасалма интеллект менен иш алып барылган нерселерди колдонот. Ошол эле Гугл котормочу, Инстаграм, Нетфликс, Ютубдун сунуштаган видеолору жасалма интеллекттин негизинде иштейт.

Ал эми кантип пайда таба алат дегенде, кызыккандар, энтузиаст жашоосунун, ишинин 5-10% пайызын азыркы болуп жаткан тренддерге бөлсүн. Жаңы чыгып жаткан продукциялар чынында көп ишти жеңилдетет. Балким, үзгүлтүксүз аракети менен келечекте биздин кыргызстандык мекендешибиз, дүйнөнүн күн тартибин өзгөртүүчү адамдар чыга келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG