Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Чехия: Милош Земан менен Йиржи Драгош экинчи айлампада атаандашат


Президент М.Земан жубайы Ивана менен бирге добуш берүүдө. 12.1.2018.
Президент М.Земан жубайы Ивана менен бирге добуш берүүдө. 12.1.2018.

12-13-январда Чехияда президенттик шайлоонун алгачкы айлампасы өттү. Эми 26-27-январда шайлоонун экинчи айлампасында өлкөнүн жаңы мамлекет башчысы аныкталмакчы. Бул - эки башка саясий нук дегендикпи?

Европанын чордонундагы Чехия жумуриятында 12-13-январда эки күндүк президенттик шайлоо өттү. Анын натыйжасында эч ким жеңиш үчүн 50 пайыздан көбүрөөк добуш ала албагандыктан, бул шайлоо өнөктүгү биринчи айлампа гана болуп калды.

Бул айлампада өлкөнүн азыркы президенти Милош Земан башкалардан көбүрөөк добуш алганы кабардалды. Добуштардын көпчүлүгү эсептелип бүткөн чакта, Земан үчүн шайлоого катышкандардын 38.6 пайыздайы колдоо көрсөткөнү маалымдалды.

Талапкер Йиржи Драгош добуш берээрде. Прага ш. 12.1.2018.
Талапкер Йиржи Драгош добуш берээрде. Прага ш. 12.1.2018.

Химия тармагындагы илимпоз, Чехиянын Илимдер академиясынын мурдагы президенти, 68 жаштагы профессор Йиржи Драгош 26.6 пайыз добушка ээ болуп, экинчи айлампага Земан мырза менен атаандаш катары чыгууда.

Калган атаандаш талапкерлердин (мурдагы өкмөт башчы Мирек Тополанек, Павел Фишер, Петр Ганниг, Марек Гилшер, Михал Горачек, Йиржи Гинек жана Вратислав Кулганек) ар бири он пайыздан төмөнкү ар кыл добуштарга ээ болушту.

Эми 26-27-январда өтө турган шайлоонун экинчи айлампасында Земан менен Драгоштун бири өлкөнүн жаңы мамлекет башчысы болуп калмакчы.

Парламенттик демократия толук орногон бул пост-коммунисттик өлкөдө президенттин бийлиги кыйла чектелген. Ал премьер-министрди тандоо жана Борбордук Банктын мүчөлөрүн дайындоо укуктарына ээ. Ал эми конституциялык соттун мүчөлөрүн президент сунуштаганы менен, бул талапкерлер парламентте бекитилүүгө тийиш.

73 жаштагы Земан 2013-жылы алгачкы жолу Чехиянын президенти болуп тикелей шайлоо аркылуу шайланган. Ага чейин пост-коммунисттик Чехияда мамлекет башчысын парламентте гана шайлап келишкен.

Земандын бейнеси 10,5 миллиондуу калкы бар өлкөдө ар кыл баага арзып келет. Анын Орусия жана Кытай менен тыгыз алакаларды түзүү чакырыгына жана мигранттарга (келгиндерге) каршы маанайына нааразы болгондор аз эмес. Албетте, чех коммунисттери жана келгиндерден корккон топтор Земанды өзгөчө колдоп келишкендиги жана колдой берээри да белгилүү.

Жума күнү Прагадагы шайлоо түйүндөрүнүн биринде президент Земандын жолун анын орусиячыл саясатына нааразы бир айым тороп чыкты. Ал аял үстүңкү сырткы кийимин чечип жиберип, "Земан - Путиндин сойкусу!" деп кыйкырган бойдон президентти карай чуркап жөнөдү.

Чехиядагы шайлоо: Земанга каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

Бул айым көкүрөгүнө да ушул сөздөрдү ураан катары жазып алганы чагылдырылган видео тасма интернетте жарыяланды. Кийинчерээк анын ысымы “Фемен” аттуу феминисттик уюм тарабынан Анжелина Даш (Angelina Dash) деп маалымдалды.

Феминисттик уюмдун бул өкүлүн жансакчылар алып кетишкенден кийин чех президенти Земан кайра келип, добуш берди. Бул айымдын "чабуулу", тескерисинче, Земанга колдоо болуп калды деген пикирлер да айтылууда.

Профессор Драгош, атаандашы Земандан айырмаланып, Европа Биримдиги менен тыгыз кызматташтыкты жактаган либерал саясатчы.

Прагалык юрист, 30 жаштагы Матей Гредл мырза “Рейтер” кабар агенттигине курган маегинде:

Мен профессор Драгош үчүн добуш бердим, анткени мен бизди Чыгыш жакка түртпөй турган жана шерменде кылбай турган кишини каалайм”, - деп айтты.

Саясат таануучу Йозеф Млейнектин оюнча, Земан биринчи айлампада кыйла ийгиликке жетишкени менен, анын кийинки акыбалы оор, ошондуктан аны колдоочулар Драгошту жаманатты кылууга аргасыз болушат, ал түгүл аны коомго оорчулук жаратып жаткан "келгиндердин досу жана Евробиримдиктин тыңчысы" катары көрсөтүүгө далаалат кылышат ко, деген пикири менен бөлүштү.

Эми Драгошту башка жеңилген талапкерлерди колдогондор сүрөп кетиши ыктымал деген жоромолдор да бар.

Чехияда 8,4 миллион шайлоочу бар. Президенттик тикелей шайлоонун алгачкы айлампасында жалпы шайлоочулардын болжол менен 60 пайыздайы катышкандыгы айтылууда.

Бул өлкөдө шайлоодо кандайдыр бир көз бойомоочулук, бурмалоолор, коркутуп-үркүтүүлөр орун алгандыгы жөнүндө эч кандай маалымат жок. 27-январда ким чех президенти болоорун азыркы күнү эч ким так айта албайт.

Калыс, адилет шайлоонун керемети да ушундадыр?

Кошумча маалымат.

Пост-коммунисттик Чехословакиянын (1989-1992) жана Чехиянын туңгуч президенти (1993-2003), мурдагы диссидент, жазуучу, маркум Вацлав Гавелдин (чехче Václav Havel; 1936—2011) ысымы борбор шаардагы эл аралык аба майданына берилген. Гавел Европа Биримдигин жана батышчыл саясатты өзгөчө жактаган.

Европа Биримдигине сын көз менен караган саясатчы, мурдагы өкмөт башчы Вацлав Клаус (чехче Václav Klaus; 1941-жылы туулган) Гавелден кийин, б.а. 2003—2013-жылдары, өлкөнүн экинчи президенти болгон.

XS
SM
MD
LG