Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

COVID-19: Чек ара эрежелери күчөтүлүүдө


Кавасаки шаарындагы оорукананын дарыгерлери. Жапония.
Кавасаки шаарындагы оорукананын дарыгерлери. Жапония.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Жапонияда өзгөчө кырдаал режими узартылат. Ал эми Австрияда бул илдеттен жабыркагандар көбөйгөнүнө карабастан, чектөөлөр жумшартылат. Көз каранды эмес эксперттер Ухань шаарында коронавирустун кайдан чыкканын иликтеп жатышат.

2-февралда Жапонияда өзгөчө кырдаал режими дагы бир айга узартылганы турат. Буга коронавирус боюнча кырдаал оңолбогону себеп болууда. Жапония бул илдетке каршы эмдөөнү февраль айынын соңунда баштоону пландап жатат.

Өкмөттүн өкүлү Таро Коно эмдөө Евросоюздун жакында эле кабыл алган чечимине байланыштуу кечигерин билдирди. Шаркет жакында эле вакцинанын экспортуна чектөө саясатын киргизген. Коно эмдөө канчага созуларын айткан жок.

Евробиримдик демекчи, бул шаркетке кирген Австрия 8-февралдан тартып карантин чараларын жумшартарын жарыялады. Коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатканына карабастан, өкмөт элдин психологиялык жана экономикалык абалын да эске алуу зарыл экенин билдирди.

Австриянын өкмөт башчысы Себастьян Курц.
Австриянын өкмөт башчысы Себастьян Курц.

«8-февралдан тартып дүкөндөр, музейлер жана зоопарктар кайра ачылат. Дүкөндөр жана башка жайлар боюнча так санитардык эрежелер кабыл алынат. Жарандар FFP2 же респиратор беткаптарды кийип жүрүүгө милдеттендирилет», - деген Австриянын өкмөт башчысы Себастьян Курц ошол эле маалда чек арада көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады. Буга коронавирустун улам бир мутацияланган түрүнүн пайда болушу түрткү болууда.

Австрияда пандемия башталгандан берки үчүнчү жолку чектөөлөр 26-декабрда башталган. Андан бери дүкөндөр, тамактануучу жайлар, мектептер менен университеттер жабык турат.

Бир катар башка мамлекеттер да коронавирустун Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан мутацияланган түрүнө байланыштуу коопсуздук чараларын көрүп жатышат. Орусия Британияга болгон авиакаттамдарды 17-февралга чейин токтотту. Айрым иликтөөлөргө караганда, бразилиялык жана түштүк африкалык штаммдар азыркы вакциналарга туруштук бере алат.

Ал арада Кытайга барган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери өз ишин улантып, коронавирустун кайдан чыкканын иликтеп жатышат. Коронавирус алгач 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Ал жан-жаныбарларды саткан базардан жайылган деген варианттар да бар.

XS
SM
MD
LG