Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:59

Чоң базарда алданган жоош келин


Алма.
Алма.

Максуда Ормонова эки жыйнактын автору. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жаш автордун “Эки кап алма” деген баянына токтолсокпу деп турабыз.

Максуда Ормоновага ак жол каалап, анын адабияттагы жолу шыдыр болушуна тилектештигин билдирип баш сөз жазган белгилүү акын Абдилат Дооров автордун чыгармачылык дүйнөсүн момундай сыпаттаган:

Ар бир окуяга каармандар менен бирге аралашып кеткениңди өзүң да сезбей каласың. Сүйүүгө бек, күтүүгө туруктуу жигерди кабылдайсың. Китепте үй-бүлө, кайнене-келин ортосундагы мамилелери, жаштар махабаты, учур көрүнүштөрүнө кеңири орун берилген. Жыйынтыктап айтканыбызда, элетте жашап, иштеп калем казанган Максуда айым аалымдар айткандай кара сөзгө да поэзия тилин айкалыштыруу менен, эң башкысы таалим-тарбия, патриоттук сезимге ширелген, турмушка жакын жазмакердигин канааттануу сезимибиз менен ак дилден жарылып айтуубуз абзел”.

Алдыда сөз болчу “Эки кап алма” аңгемесинде үй-бүлөлүк мамиле-катыш, жаңыдан турмуш жолуна аралашып жаткан жаш келиндин оор жагдайга кептелиши баяндалган. Үй тиричилиги менен алек болгон жаш келинди кайненеси базарга барып алма сатып келүүгө жиберет. Буга чейин бирөөгө бир буюм сатып көнбөгөн, колундагы баласын багып, кайын-журтуна чайын кайнатып, тамак-ашын даяр кылып турчу, соода дегенди билбеген жоош келин кайненесине каршы чыкмак беле, унчукпай макул болот.

Күйөөсү го алыста экен, жанында жашаган кайнагасын деле базарга жөнөтсө болмок. Бирок баарын өзү тескеп, айтканы айткандай аткарылчу кемпир ушундай чечти, ага ким кылапат айта алат? Базарды билбесе эми билет, сатып келет дедиби сатып келет. Келиндин күйөөсү Алматыга кеткен, келем дегенден бери кыйла күн өттү, эмдигиче дайыны жок, ага эмне каалаганда келет, каалаганда кетет.

Эки кап алманы дилдиреген жаш келин базарга алып баргандан кийин канчага сатарын да билбейт. Тойго акча алып барчу кайнене “арзан берип жибербе” деп катуу табыштады. Баарынан да бул байкуш эмчектеги кызын таштап кетерине кыйла кыңырылды, ага деле кайненеси жооп тапты. “Ой, эми тогуз баланы бир жакшы кылып чоңойтуп, анан эле сенин кызыңды карай албай каламбы?” Айла жок, кызын биринчи ирет таштап аткан, кантер экен байкушу.

Базардан да түндөсү кучагына кысып алып жатчу чүрпөсүн таштап кетери катуу ойлонтту. Эмне кыларын билбей сыртка чыгып, үйгө кирип, уйкусу качып айласы куруду. Келиндин мындайда сырдашчу дүйнөсү бар эле. Асман бетин бербей толуп чыккан жылдыздарды карап, бирок эшикте көпкө туруп калсам энем эмне дейт, жаман ойлоп калбасын деп үйүнө кирет. Жылдыздарды эш тутуп, аларга сырын айтып ийишинин себеби бар эле, анткени алар укканын эч кимге айтпайт экен. Жана эшикке чыкканда чөнтөгүндөгү жалгыз жаңгакты кармалап жатып, ысытып ийиптир. Чагып жештен тартынды, караңгыда бул келин жаңгак жеп жатат деп кайненеси кеп кылабы деп тартынды. Эшикте туруп алып асманды карап кобурап турганын укса – чатак, бир балакет болгон го деп молдого алып барат.

Жакшы, үйгө кирсе кайненеси ак жоолукту бекем оронуп уктап калыптыр. Үшүгөн окшойт, бүктөлүп калыптыр. Келини чакадагы көмүрдүн калганын мешке салып жатканда ойгонуп кетти. Бешиктеги кызын чечип алып жанына алып жаткысы келип бирок кайненесинен сөз угуп каламбы деп бешиктин жанына салынган төшөгүнө жата кетти.

Таң эрте айылдыктар тапканын толтура жүктөп алып агылып келчү чоң базардын дарбазасынын алды азан-казан. Элдин көптүгүн айтпа, бири сатам, экинчиси алам дегендин баары ушул жерге чогулуп алып, түртүшүп жүрө беришет. Жекшембиде базар кайнап кетет го, чиркин. Келиндин эки кап алмасын айдоочу түшүрүп берди.

Эч сөзү жок жол кирени алып, мага карап да койбой башкалардан да жол кирени алып жатты. Алмамды сатканга да жардамдашар бекен деп, айдоочудан да үмүттөнгөнүмө таң калдым. Жолдун четинде эки кап алмамды коруп туруп калдым. Же бир тааныш көрүнсөчү. Шашкалактаган элди көрүп, мен деле шаша баштадым. Эки жагымды карайм. Күн суук экен. Таппай калгансып сыйгаланган жоолугумду салынган экенмин, ал да жүдөттү бошоп. Мына дагы бир аял каптары менен экен. Машинадан түшүрүп жатат. Туура эле мага карап келе жатат.

– Эже, бул кызга шерик болуп алыңыз. Сенде эмне?

– Алма, – дедим шашып.

– Эженики да алма экен. Базарга бирге кирсеңер болот. Эми айдоочу эже менен эсептеше баштады.

– Ой, балам, жол кирени көп алып койдуң го?

– Эже төрт кап алмаңызды бекер алып келбейм да.

– Аны башта айтпайт белең, бусикти эле күтмөкмүн!

– Эже, эже! Ушул кылганыңар болбойт. Токтоткулачы ар кандай кылыктарыңарды! Аз гана акча үчүн эрте менен адамдын «настроениесин» түшүрөсүңөр!

– Сен!!! Сен меникин түшүрүп жатасың! «Настрың» башыңда калгыр! Баллонуң тешилип калсын ылайым!

– Аны көрө жатабыз, – ачуусу келип карара түшкөн айдоочу нары басып кетти”.

Бул жерде ушундай, кичине кеп үчүн, кичине тыйын үчүн беттен алып урушуп, бирөө бирөөнү аябайт. А бирок тиги аял эч нерсе болбогонсуп келинди каптарды каратып коюп араба издегени кетти. Ал келгенче ансыз да сыйда жоолугу башынан шыпырылган келинди алармандар курчап алышты. Араба издегени кеткен аял келбегенде кайтарган алты кабын бир бирден көтөрүп эле кетишмек экен. Каптарды ачып алманы көрөйүн деп, мурда-кийин соода кылбаган бечаранын шаштысын кетирип ийишти.

Анан араба тарткан бала алты кап алманы жүктөп “Ош, ош!” деп бакырып базар ичине шуулдап кирип кетти. Тиги аял менен келин эптеп артынан кетип баратышат. Бир жагынан жоолугу түшүп, алактап баратып бирөөнүн бутун басып алды окшойт, сол далысына дүк эткизип бирөө уруп калды. Аны карап чатакташа турган учурбу, арабакечтин “Ош, ош!” деген заңкылдаган үнүн угуп элтеңдеп баратыр. Узун бойлуу арабакечтин тамтыгы чыккан сары курткасы алыстан көрүнүп, булар жеткиче тиги алма сатылчу жерге токтоп калыптыр. Алма сатчу жерди мурдараак ээлеп калбасаң эч ким жанына тургузбайт, келаткандарды тоспо деп бакырып турушат.

Ушунча азап менен алып келген алмалар эзилип калбаса экен. Арабакеч бала алты кап алманы алып келген акысына ыраазы болбой аял экөө кыйла тартышты. Тиги болбойт дейт, беркиниси болот дейт. Тиги аял көжөлүп каргап коёрун айтып коркута баштаганда байкуш бала тажады окшойт, “болбогур эже турбайсызбы!” деп арабасын булка тартып таарынып кете берди. Аялга бул көнүмүш окшойт, эч нерсе болбогондой бааны билип келгени кетти. Келинге каптардын оозун ачып, алмаларды даярдап коюуну табыштады. Жана базардын эшигинин алдынан бери буларды ээрчий келген долдойгон кара бала каптардын оозун ачты. Бааларды билип келген аял “алмаларың таза экен, чоңдугун көр, кымбат сатсаң болчудай” деп өзүнөн өзү корунуп отурган келиндин көңүлүн көтөрүп койду. Эки кап алма базардын алдыңкысы болду, алайын дегендер көп чыкты, бирок эшик алдынан бери келаткан долдойгон кара бала ага башкаларды жолотподу.

– Карындашым, мен бааларды билип келдим. Ушул турушунда кабына 200 сомдон берейин. Эки кабына 400 сом. Сат мага.

Мен эмне дээримди билбей, кайра эле көнүп калыптырмын, жардам сурагансып эжени карадым. Эже угуп тургандыктан:

– Сат кызым, сат, – деди. – Кабына 200 сомдон берсе... Ай, балам. Меникин деле алсаңчы?

– Алат элем эже, сиздики майда экен.

– Майда болгон менен даамдуу. Мобул чоң алмалардын даамы болбойт пакалдай болуп, – эже оозу-мурдун чоё менин алмаларыма карап койду.

Эжеге таң калып карап калдым. Ал мени көз кыйыгынан карап турду.

– Карындаш макулсуңбу?

– Макул, – дедим.

Мен өзүм эч кимден бааны сурабадым. Эженин сат дегенинен улам ушундай эле баа окшойт деп ойлоп калдым. Анан да тезирээк бул эженин алдынан кетким келди. Сөзсүз бир урушуна кабылчудай сестенип турдум.

Базарга кире замат эки кап алманы сатып ийгенге келин да ыраазы эле. Жолдуу окшоймун деп ичинен кымылдап алды. Анан долдойгон кара бала алмаларды базар жанындагы машинесине алып кетмей болду. Карылуу колдору менен каптын ачылган оозун кармап көтөрүп кетти. Келин экинчи капты карап урушчаак аялдын жанында туруп калды. Тиги капты алып кеткен бала кечикти. Жанындагылар алманы бөлүп-бөлүп сата башташты. Бири бир кило, экинчиси беш кило деп соода кызуу жүрө баштады. Көптө тердеп-кургап келген тиги экинчи капты көтөрүп шашылып жөнөй берди. Азыр эле келерин айтып жылбай тур деп кетти.

Эки кап алманы алып акчасын төлөбөй кеткен долдойгон кара бала кечикти. Келин келет го деген үмүт менен кыйлага күттү. Эки кап алмасын сатып ийип, дагыле кетпей турган келинге жанагы аял “акчасын бердиби?” деп сурады. Кабатыр болуп турганын билдиргиси келбеген тиги “азыр алып келет” деп жооп берди. Тиги аял туура айткан экен, келбей койсочу деп, келбей эле койду. Ошентип жол карап турганда базардагы жайыңызга акча берип коюңуз деп мойнуна домпойгон кара сукесин асынган жаш бала келди. Келиндин жанында акчасы чын эле жок болчу. Тиги эки кап алманы алып кеткен бала келип акчасын берсе эле он сомун төлөйм деди. Аны базарчы күткүсү келген жок, он сомду бер да каалаганча күтө бер, эки саатта келбеген эми келмек беле деп тим эле билип тургансып айтат, капырай. Тургандардын бири жанагы желмогуз шылуун алдап кеткенин билип, дагы жакшы базардагы орунга акча сураган бала демитип кыстабай, чоң базарда алданып акчасыз калган аялга жардам бере албасын айтып басып кетти. Жанында турган аял да акча бере албасын билдирип тескери карап алды. Эми эмне кылат?

Айласы куруп базардан чыгып жол боюнда арманын кимге айтарын билбей турганда агасы жолугуп калбаспы. Ага эч жашырбай алданганын, базарда уккан кеп-сөзүн бүт айтты. Агасы карындашы алдатып ийген 400 сом, жол кире кылып кет деп 50 сом карматып, алдамчыны табарын айтып узатып койду. Агасы милиция, алдамчыны табат.

Чоң базарда заматта айласы куруп, алданып калган келин үйгө келгенден кийин кайненесине алманын акчасы деп 400 сом, анан агасы жол киреге деп берген 50 сомдун он сомун жолго кетирип, калган акчасын да кайненесинин колуна кармата койду. Ыраазы болуштун ордуна анысы "каптар кана, кабы менен саттыңбы?" деп атпайбы. Ушундай да адамдар болот экен, бул бечаранын кантип барганын, алданганын укса эмне болор эле. Анда бу бөлбүрөгөн байкуш кыйла ачуу сөздү укмак, базарга чыкканда сак болуш керектигин кулагына аябай куймак, акчаны бекем катыш керектигин айтмак. Базарга чыгып бирдеме сатпаган ишенчээк келинин эмнеге жөнөтүп ийгенин ойломок деле эмес.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG