Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

"Чет элдик өкүл": Бишкектеги акция, авторлуктан баш тарткан депутаттар


Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.
Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.

“Чет өлкөлүк өкүл” деген макам камтылган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору парламенттеги тармактык комитетинин 27-июндагы отурумунда күн тартибинен алынды. Буга мыйзам долбооруна демилгечи болгон айрым депутаттардын авторлуктан баш тартканы себеп болду. Ар тармактарда иш алып барган активдүү жарандар “чет өлкөлүк өкүл” аталып калышы ыктымал экени айтылган "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорунун айласында окуялар өнүгүп, талаш-талкуу күчөдү.

Ак үй алдындагы акция

"Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү 26-июнда Жогорку Кеңеш имаратынын алдында депутаттарды мыйзамдан баш тартууга чакырган баракчаларды таратышты. Бир катар эл өкүлдөрүнүн колуна берилген кайрылууда мыйзам сөз эркиндигин чектеп, Конституцияга каршы келери белгиленген. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова депутаттарды мындай демилгелерди четке кагууга үндөдү.

“Коомдогу көйгөйлөрдү чечип, мыйзамдарды эл аралык деңгээлге алып чыгышы керек. Депутаттар болсо Конституцияны тебелеп жатат. ЖМКга, бейөкмөт уюмдарга каршы демилгелерди кайтарып алып, күзүндө жарандык коом менен бирге иш алып барууга өтүшү керек", - деди укук коргоочу.

Уюмдун кайрылуусун колуна алган алган айрым депутаттарга микрофон сундук. Алардын бири Жалолидин Нурбаев мыйзамга каршы экенин айтты.

"Мен башынан эле каршымын. Бейөкмөт уюмдардын ишин чектейт деп ойлойм. Көп уюмдар менен айыл өкмөттөрдө иштешкенбиз, азыр дагы иштеп жатабыз", - деди ал.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциянын жетекчиси Бактыбек Сыдыков өлкөдө сөз эркиндиги чектелбеши керек деген ойдо.

"Бизде сөз эркиндиги, эркин медиа деген бар. Алар болушу керек. Мен бир эле нерсеге каршымын. Кирип жаткан акчалар көзөмөлдө болушу зарыл".

Дагы бир фракция - “Ишенимдин" башчысы Марлен Маматалиев мындай пикирин ортого салды.

Депутат Марлен Маматалиевге кайрылуу берип жаткан учур. 26-июнь, 2023-жыл.
Депутат Марлен Маматалиевге кайрылуу берип жаткан учур. 26-июнь, 2023-жыл.

“Фракция башчысы катары мыйзамды өткөргүлө деп үгүт кылбайм. Бейөкмөт уюмдар мамлекет кылбаганды кылып жүрүшөт. Аларга көз карашым түз эле. Бирок, алардын арасында саясатка киришкенин жактырбайм”.

Буга чейин бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоору Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин 27-июндагы отурумунда каралары Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланган. Бирок, 26-июнда парламенттин сайтында комитеттин күн тартибинен бул маселе алынып калган.

Парламенттин басма сөз кызматы документтин күн тартибинен алынганын ырастады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Надира Нарматова менен байланышканыбызда, ал “күн тартибинде эле турат” деген жооп уктук.

"Баары мен ойлогондон терең экен"

Ал ортодо бул мыйзамдын авторлугунан баш тарткан депутаттардын катары калыңдады. Буга чейин депутаттар Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазов баш тартканын расмий жарыялашкан.

26-июнда депутат Лейла Лурова ушундай кадамга барганын “Азаттыкка” билдирди:

“Алгач “эл аралык уюмдар бөлгөн акча кандайча сарпталып жатканы тууралуу отчет талап кылынат” деп гана айтышкан болчу. Мисалы, ЛГБТга байланыштуу маселеде, ооба, мен аларды Глобалдык фонддон каржылоонун ачык болушун колдойм, себеби үч жылда бир жолу 29 миллион деген Кыргызстан үчүн чоң акча. Бул мыйзамдын максаты ошол экен деп ойлогом. Бирок баары андан да терең экен, менин көз карашыма каршы келет экен. Анын үстүнө мен аялга жана балага зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катуулатуу мыйзамынын демилгечисимин. Ал уюмдардын жардамысыз мындай күрөштү жүргүзүү реалдуу эмес”.

Дагы бир депутат Карим Ханжеза өзүнүн сунуштары бар экенин, эгер алар өтпөсө, авторлуктан баш тартарын айтты.

Депутаттар Таалайбек Сарыбашев жана Алишер Козуев да арсар абалда экени белгилүү болгон. Мыйзамга автор болгон дагы бир депутат Максатбек Сарбагышев да булардын катарында экени айтылып жатат, бирок ал өзү азырынча комментарий бере элек.

Активист Нурсултан Акылбек жарандык коом мыйзамдын кесепеттерин эл өкүлдөрүнө, бийликке жеткирүүнү улантуу керек деген ою менен бөлүштү:

"Мыйзам долбоорунун токтотулуп жатышына эл аралык уюмдардын билдирүүлөрү таасир этти. Депутаттарга деле бийликтен ишарат болгон окшойт. Мыйзам өтпөй калчудай болгондуктан, күн тартибинен алынды окшойт. Бирок, кайра "фейк мыйзамындай" кайтып келиши мүмкүн. Азыркы сессияга үлгүрбөй калды. Кийинкиге чейин жарандык коом иштеши керек", - деди Нурсултан Акылбек.

Мыйзамдагы катаал чаралар

Мыйзам долбоорун юристтер, укук коргоочулар тобу жана бир катар медиалар ийне-жибине чейин анализдеп чыгышты. Анда коомдогу ар кандай маселелерди көтөргөн активдүү жарандар, блогер, ырчылар дагы "чет өлкөлүк өкүл" макамына туш келип калышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө.


Долбоор коомдук талкууга коюлгандан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин мыйзамга кол койбоого чакырып жатышат. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве 23-июнда Жогорку Кеңеште өткөн жыйынында социалдык, билим берүү, медицина, айыл чарба багытындагы долбоорлорго кедергиси тийип каларын эскерткен.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG