Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

Чек ара: тынчтык протоколу, элдин мүдөөсү


Баткендин Ак-Сай айылындагы өрттөлүп, талкаланган үй. Сүрөт 20-сентябрда тартылган.
Баткендин Ак-Сай айылындагы өрттөлүп, талкаланган үй. Сүрөт 20-сентябрда тартылган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда болгон куралдуу кагылышта Баткен облусунун аймагында тонолуп, өрттөлгөн турак жайлардын саны алдын ала расмий эсеп боюнча 365ке жетип, 168 чарбалык объекти, 149 дүкөн жана башка тейлөө имараттары, 10 социалдык объекти, 5 мектеп, 3 бала бакча, 1 ФАП жабыркады. Көпүрө, электр трансформаторлору жараксыз абалга келди.

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Миң-Өрүк айылынын тургуну Абдиахат Тагаев 16-сентябрда үй-бүлөсү менен коопсуз жайга качып чыккан. Үч күндөн кийин кайта келип, айылы талкаланып, өрттөлгөнүнө күбө болгон.

“Эл айылга келе элек. Айылдан кабар алганы анча-мынчаларыбыз келип жатабыз. Бир айылдашыбызга беш ок тийиптир. Дагы бир айылдашыбыз көзүнөн ажырады. Машиналар, үйлөр өрттөлүптүр. Мен өзүм мына бул жерде үч бука кармачумун, ичинде дагы үчөө бар эле. Эч нерсе жок.”

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда. Мекеменин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 20-сентябрда журналисттерге мындай маалымат берди:

"Алдын ала эсеп боюнча 364 турак жай, 168 чарбалык имарат, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш административдик мекеме жабыркады, бул боюнча жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. Ошонун жыйынтыгында кайсыл үйдү кайра калыбына келтирсе болот, канчасын кайра баштан куруу керектиги такталат", - деди Ырысбек Жолдошбаев.

Анын айтымында, өрттөлүп, талкаланган үйлөрдүн ичинен калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон имараттар толук сүрдүрүлүп, жаңыдан курулат. Талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аны Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жетектейт.

"Саперлор жарылбай калган ок-дарыларды тазалап жатат"

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев азыр саперлор аймакты кыдырып, атылбай-жарылбай калган ок дарыларды тазалап жатканын, ошондон кийин гана жумушчу комиссия иш баштай турганын билдирди.

“Азыр саперлер менен тергөөчүлөр, жумушчу топ ишти баштады. Алгач ал жер зыянсыз болгондон кийин жумушчу топ чыгымды так эсептеп чыгарат. Бүгүн Камчыбек Ташиев да атайын жыйын куруп тапшырмаларды берди. Сентябрь да аяктап калды. Үйлөрдү кайра куруу боюнча да жумушчу топ түзүлүп, даярдыкты баштады. Бизде эң биринчи кезекте ушул тапшырма турат. Элдин үйүн кышка чейин калыбына келтирип беришибиз керек. Электр энергия, жол жана суу маселесин четинен чечип жатабыз. Эң көп Ак-Сай айылы жабыркаган. Ал айылга жакын көпүрөнү да куруп баштоо үчүн даярдык болуп жатат. Азырынча каттамды калыбына келтирип жатышат. Анан жабыркаган айылдарда мал айдап кетишкен, тонолгон учурлар бар. Ошол чыгымдардын баарын комиссия иликтеп чыгат. Мектеп болобу же башка социалдык обьектилер болобу, баарын калыбына келтирүүнү тездетебиз”.

Азыркы шартта 300дөн ашык турак жайды кайра калыбына келтирип, куруп бүтүрүү мүмкүнчүлүгү канчалык деп суроо салгандар бар. Чек арадагы жабыркаган айылдардын дээрлик баарын кыдырып чыккан журналист Аскар Баймуратов бул ирет өтө чоң зыян келтирилгенин айтты.

"Мисалы, Ак-Сай айылында дээрлик бардык үйлөр жарактан чыгыптыр. Кыш жакындап келе жатат. Эгер азыр ишти тездетип баштабаса, маселе оорлошуп кетет. Эл да шарт болсо үй-жайына кайтат да".

Тынчтык протоколу

Ал арада Бишкек менен Дүйшөмбү 19-сентябрда куралдуу чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча тынчтык протоколуна кол койду.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен коңшу өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов Тажикстандын аймагындагы "Гүлистон" чек ара өткөрмө бекетинде 19-сентябрдын кечинде жолугушту. Анда чек арадагы чыңалган кырдаалды турукташтыруу жана тынчтыкты камсыздоону алдыга жылдыруу үчүн жумушчу протоколго кол коюшту. Бул документ эки тарап ок атышууну толук токтотуп, аскерлерди жана аскер техникасын туруктуу жайгашкан жагына чыгарып, чек арадагы куралдуу чатакты жөнгө салуу шарттарын камтыйт.

"Эки мамлекеттин ортосундагы тынчтыкты сактап, аны бекемдөө үчүн көрүлө турган иш-чараларды алып баруу боюнча протоколго кол коюлду.
Мамлекетибизде, Баткен облусунда акырындык менен тынчтык орной баштады. Бүгүнкү жолугушуудан кийин тынчтыкка карай кадам таштадык. Бир аз болсо да тынчтыктын орношу ишеничтүү боло баштады" , - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушту.
Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушту.

Кыргызстан 16-сентябрдагы окуяда Тажикстандын куралдуу күчтөрү өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуп кирип келгенин, Лейлек менен Баткендеги бир канча айылды ээлеп, кийин кыргыз аскерлери тарабынан сүрүлүп чыгарылганын кабарлаган.

17-сентябрга чейин ок атышуу уланып, куралдуу кагылыш оор аскердик техниканы колдонуу менен коштолгон. Эки тарап тең кошумча аскер күчтөрүн чек ара тилкелерине жайгаштырып, чечүүчү чекиттерди ээлеп, ок атышууну токтотуу режими башталгандан бери тирешип турган. Азыр ошол аскерлерди жана техниканы чек ара аймактарынан ары жылдырып, аларды туруктуу турган аскер бөлүктөрүнө кайтаруу шарттары протоколго киргизилди.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов тараптар мамилени оңдоп, тынчтыкка келүү боюнча тил табышканын билдирди.

"Биз бир түшүнүк менен жалпы тил табышып, протоколго кол койдук. Биз ошондой эле биздин мамлекеттик чек араларда чын эле тынчтык орношуна ишенебиз. Биздин боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн бардык багыттар боюнча – саясий, экономикалык жана социалдык жактан иш-аракеттерди уюштурабыз. Мен бүгүн биздин өлкөлөрдү тынчтыкка алып келе турган өз ара түшүнүшуүнүн протоколуна кол коюлду деген үмүттөмүн".

Кыргызстандык саясат талдоочулар арасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы кол коюлган тынчтык протоколунун шарттарына аткарууга ишеним аз. Саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун пикиринде, эки мамлекеттин ортосунда тынчтык келишимине эл аралык коомчулуктун ортомчулугу жана коопсуздук кепилдиги менен жетишүү керек.

Жолборс Жоробеков.
Жолборс Жоробеков.

"Ятимов менен Ташиев мурда дагы бир топ жолу жолугушуп, "кол салышпайбыз, тынчтыкта жашайбыз" деген мазмундагы протоколдорго кол коюп, сүйлөшүшкөн. Буга чейин эки ирет чоң кандуу каргаша болду. Үчүнчү ирет да кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат? Эки министрдин ортосунда протоколго кол коюлду. Албетте, бул нерсе алдыда эми эки президенттин ортосунда дагы болушу шарт. Бирок биз ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдарга мүчөбүз да. Мына ошол сыяктуу эл аралык уюмдар ортомчулук кылып, коопсуздук кепилдигин бериши керек. Биз эмне үчүн ал уюмдарга мүчөбүз? Ошондуктан алардын ортомчулук милдети жана кепилдиги сыяктуу маселени да ойлонушубуз абзел".

Коңшу эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Ташиев жана Ятимовдун жолугушуусунда тынч жашоого кайтуу үчүн эки жактан түзүлгөн комиссиянын ишин жандантуу маселеси көтөрүлдү. Бул комиссия кандуу окуянын себептери менен кесепеттерин иликтеп чыгары белгиленди. Тынчтык протоколуна кол коюунун алдында тажик тарап мурда туткундалган Кыргызстандын төрт аскерин өткөрүп берди.

Бишкек менен Дүйшөмбүнүн билдирүүлөрү

19-сентябрда Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми Дүйшөмбүдө дипломатиялык өкүлчүлүктөргө басма сөз жыйынын өткөрүп, чек арадагы куралдуу жаңжалды "Кыргызстандын Тажикстанга каршы алдын ала даярдаган кол салуусу" катары сыпаттады.

"Биз Кыргызстандын Тажикстанга каршы агрессиясын алдын ала пландалган акция деп эсептейбиз. Буга ачык далилдер: ар бир ишти түзмө-түз коштогон маалыматтык чабуул, маалыматтарды таратуу, бир учурда 140 000ден ашык жашоочуну чек ара аймактарынан эвакуациялоо. Биздин шартта буга бир суткадан ашуун убакыт талап кылынат".

Ага удаа эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик дипломатынын айткандарын "дүйнөлүк коомчулукту адаштырууну көздөгөн алдамчылык жана көз боёмочулук" деп айыптады. ​

"Жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет өлкөнүн ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбой айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын кадимки нормаларына жооп бербейт. Бурмаланган жана жалган маалыматтардан турган ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр - ырастоону талап кылбаган бүтүм. ​Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга жасаган бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабай, Тажикстандын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргызстанга каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда", - деп жазылган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.


Ага чейин Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси 14-17-сентябрда кандуу окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптаган. Анын алдында коңшу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин Кыргызстанды ошондой эле мазмунда айыптаган билдирүүсү жарыяланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG