Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Чек ара жаңжалына бир ай, Жапаровдун сапары


Садыр Жапаров Баткендеги эл менен жолугушууда. 27-май, 2021-жыл.
Садыр Жапаров Баткендеги эл менен жолугушууда. 27-май, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров эки күндөн бери Баткен облусунда иш сапар менен жүрөт. Бул аралыкта ал чек ара чырында жабыркаган тургундарга жолугуп, жол курулушу менен таанышты.

Садыр Жапаров 28-майда Баткен облусундагы стратегиялык мүнөзгө ээ альтернативдүү Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай айланма жолунун курулушун барып көрдү.

Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүү максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 48 километр. Учурда анын 7 километринде курулуш иштери башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документи даярдалган.

Бир күн мурда Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү 44,1 чакырымды түзгөн Самаркандек - Мадиген - Даркум автожолунун курулушу менен да таанышкан.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарынын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен барышын камсыз кылары кабарланды.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк сапар менен 27-майда барган. Биринчи күнү ал Ак-Татыр айыл аймагында убактылуу жашап жаткан тургундарга жолукканда чыр маалында өрттөлүп, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын, жакында жаңы, заманбап үйлөр курулуп бүтөрүн айтты.

Жолугушуу учурунда жашоочулар айылдарга бала бакча, спорт аянтчасы, маданий борбор, төрөт үйү, мектеп жана башка социалдык объектилерди кошо куруп берүүнү өтүнүшкөн.

Садыр Жапаров менен жолугушууга катышкан Көк-Таш айылынын тургуну Жунус Масыдыков мындай деди.

"Президент Тажикстан менен чек ара маселесин көрбөй туруп чечүү мүмкүн эместигин айтып, жеринен таанышып чечүү керек экенин билдирди. Бир топ маселелер айтылды. Көк-Теректин биягын макул болсо ооштурабыз да, башка жактан жер беребиз деди. Бир жаңсыл болсун деп элдин оюндагысын айтты. Эл суроолорун берди. Ворухка жол берүү тууралуу айтпады. Бул тема козголгон да жок. Кээ бир суроолор берилбей калды".

Ал эми Ак-Сай айылынын тургундары менен жолукканда президент аймакты өнүктүрүүгө убада берди.

"Мамлекет Баткен облусунун тургундарына мындан ары дагы жакындан көңүл бурат, мен күч-аракетимди чек ара коопсуздугун камсыз кылып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшайм. Бул багытта чаралар көрүлдү, мамлекеттер аралык өкмөттүк комиссиялар иштеп жатат", - деди президент.

28-30-апрелде болгон чек ара жаңжалынан кийин Баткен облусуна өзгөчө статус бериле турганы айтылган.

Садыр Жапаров бул мыйзам долбоору жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште карала турганын билдирди.

“Үч ай мурун Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу тапшырма бергем. Учурда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жатат, жакында кабыл алынат, кол коем. Мамлекеттин болгон күчүн Баткенге жумшап жатам. Башка бир дагы районго акча бөлүп бере элекмин. Жакынкы он жылда Баткенди болуп көрбөгөндөй өзгөртөбүз”.

Кыштактын жашоочулары эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо экенин билдиришти.

Садыр Жапаров Баткен районундагы «Орто-Боз» чек ара тозотуна да барып, аскердик кызматтын шарттары жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун өз көзү менен көрдү. Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда да болгону кабарланды.

Мындан тышкары Лейлек районунун Максат айылына барып, 100 орунга эсептелген эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышкан. Борбордук айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салган.

Президенттин сапарынан бир күн мурда, тагыраагы 26-майда Баткендин Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Анда алар чек арадагы кооптуу аймакта коркуп, кооптонуп жашап жаткандарын билдиришкен.

Баткендик активист Актилек Гүлжигит кызы 26-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган тасмада айылдыктардын көбү үй-жайын таштап кеткенин айтышкан.

“Урматтуу президент. Биз кооптуу аймакта жашайбыз. Учурда үй-жайыбызды таштап ар кайсы жерде аргасыз жүрөбүз. Ошондуктан биздин коопсуздугубуз үчүн Таш-Тумшук айылынан көчүрүп кетүүңүздү сурайбыз”, - деди кайрылуу жолдогон айылдыктардын бири.

Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюнда жайгашкан Таш-Тумшук айылы Баткен районуна карайт. Расмий маалыматка ылайык, анда 500дөн ашык киши жашайт.

Курулуш иштери кандай жүрүп жатат?

Бул Садыр Жапаровдун бир ай ичиндеги Баткенге болгон экинчи иш сапары.

Ал буга чейин облуска 6-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы үч күнгө созулган жаңжалдан кийин барган. Анда ал өрттөлүп, талкаланган үйлөр, турак жайлар эки ай ичинде калыбына келерин, чыгымдардын баарын мамлекет көтөрүн айткан.

Кандуу окуядан кийин президент кол койгон “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка ылайык, премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлүп, аталган облуста президенттин атайын өкүлү болуп Баткен шаарынын мурдагы мэри Мамыржан Рахимов дайындалган.

Андан кийин бир катар айылдарда курулуш иштери башталганы кабарланган. Бирок жаңжал учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объекттерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү, «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева эл арасында курулуштун сапатына нааразылар барын билдирген.

"Элдин нааразы болгону – капиталдык курулуш жүрбөгөнү. "Бышкан кыштан, таштан салынган, шамалга жана селге туруштук бере алган үйлөргө көнүп калганбыз да. Ошондой үйлөр болсо, биз өзүбүздү корголгондой сезет элек” деп жатышат. Азыркы салынып жаткан үйлөрдү “финн үйү” деп коет, жеңил конструкциядагы сип-панелден курала турган үйлөр. Мурдагы үйү анча бекем эмес салынган, аянты азыраак болгон тургундарга бул үйлөр жагып жатат. Ал эми мурдагы үйү кыштан салынган, эки кабат болгон, чарчы метри көбүрөөк үйлөрдүн ээлери уттурганын айтып жатышат. Баары эле нааразы деп айта албайбыз, бирок көпчүлүк ошондой нааразычылыгын билдирүүдө. “Бир үйдү салып бүтүшсүн, көрөлү. Ошого жараша жыйынтык чыгаралы” дегендер да бар".

Кыргызстан менен Тажикстандагы чектеш аймакта жол, суу жана жер маселесине байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат.

Анын акыркысы 28-29-30-апрелде жана 1-майда болуп, куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапкан, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак жай толугу менен талкаланган. Анын 46сы Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан.

Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар жаңжал учурунда калктуу конуштарга жана жай тургундарды оор согуштук куралдар менен аткан көрүнүштү сынга алып, Бишкек менен Дүйшөмбүнү чек ара чырын дыкат, бейтарап иликтөөгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG