Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Ислам Каримовдун аты мечитке коюлду


Мурдагы "Журабек" азыркы "Ислам-Ата" мечити реставрация болгонго чейин
Мурдагы "Журабек" азыркы "Ислам-Ата" мечити реставрация болгонго чейин

Ташкентте «Журабек» атындагы тарыхый мечитке Ислам Каримовдун аты берилди.

Өзбекстандагы тарыхый эстеликтердин бири, 1897-жылы ташкенттик генерал Журабек курдурган мечитке маркум Ислам Каримовдун аты берилгенин анын кызы Лола Каримова - Тилляева кабарлады.

Белгилүү болгондой Лола Каримова Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү.

Каримованын айтымында, мечитти реставрациялоо ишине каражатты күйөөсү Тимур Тилляев берген.

"Уламалар кеңеши жана коомчулук мечитти Өзбекстандын биринчи президенти, менин атам Ислам Каримовдун урматына “Ислам-Ата” деп атоону сунушташты”,- деп жазат Каримова-Тилляева.

Каримова «Бул мечитке атамдын аты коюлары бир кезде оюма да келген эмес» деп кошумчалаган.

"Журабай" мечити өрттөнүп кеткенден кийин
"Журабай" мечити өрттөнүп кеткенден кийин

2015-жылы өрттөнүп кеткен мечит учурда оңдолуп жатканын Лоланын баракчасындагы сүрөттөрдөн көрүүгө болот. «Азаттыктын» өзбек кызматы жыл башында өзбекстандык кримтөбөл Салимбай Абдувалиев мечитти оңдомой болгондо бийлик уруксат бербей койгонун жазган эле.

Ал арада ташкенттик архитекторлор менен реставраторлор Маданий мурастарды коргоо башкармалыгынын тизмесинде турган «Журабек» мечити курулуш нормаларын бузуу менен оңдолуп жатканына кабатыр.

Башкармалыктын өкүлүнүн «Азаттыкка» айтышынча, «кайра калыбына келтирүү» ишинен кийин мечит тарыхый маанисин жоготкон.

Ал эми чет өлкөдө жашаган өзбекстандыктар Ислам Каримовдун атынын мечитке коюлушуна сын көз менен карашат. Алардын айтымында, маркум президенттин доорунда ар кайсы диний агымдарга байланышы бар деген шек менен адамды себепсиз камаган фактылар Өзбекстанда көп жолу катталган.

2015-жылы Дүйнөдөгү дин тутуу маселелери боюнча АКШнын эл аралык комиссиясы Өзбекстанды дин эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Быйыл өзбек өкмөтү орозо айында эл топтоп ооз ачыруу жыйындарын өткөрүүгө тыюу салган. Мурдагы жылдары кафе жана мечиттерде өткөрүүгө уруксат берилбесе, быйыл үйлөрдө уюштурууга да чектөө киргизилген. Маалыматка караганда, мындай сунушту өлкөнүн муфтияты киргизген.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов ушул жылдын 2-сентябрында инсульттан каза тапкан. Ал 78 жашта болчу. 3-сентябрда сөөгү кичи мекени Самаркандда жерге берилди.

XS
SM
MD
LG