Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Кудаларды кубалаштырган калың менен сеп


Өзбекстандагы үйлөнүү тою. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандагы үйлөнүү тою. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда калың менен сеп жаш үй-бүлөгө чогуу турмуш куруп кетүүгө өбөлгө болушу үчүн берилет. Калың менен септин айынан эки жаш ажырашып, кудалар тескери карашып калган учурлар да бар.

Тажикстанда кыздын себин ал секелек кезинен эле чогулта башташат. Ал эми күйөөсү кыз үчүн калың төлөп берүүгө тийиш. Бул салттар негизинен өлкөнүн түштүк тарабында жана элетте сакталган. Өлкөнүн батыш жана чыгыш тарабындагы аймактарда келинге сарпай (кийим-кече) алып келишчү. Бул салт азыр деле бар, бирок көбүнчө чүпүрөктүн ордуна 1-3 миң доллар акча берип калышты.

Ал эми келиндин себине төркүнү кеминде 5 миң доллар сарптайт. Бул акчага тиричилик техникасы, эмерек, килемдер, кийим-кече салынган сандык, бир нече бут кийим, зер буюмдар, идиш-аяк жана жууркан-төшөк алынат.

Ошондой эле кыздын ата-энеси жаштар жатчу бөлмөнү да камсыз кылууга тийиш. Анда керебет баш болгон эмеректен тартып, терезеге тартылчу пардага чейин илиниши керек. Шарт боюнча бардык буюмдар жаңы болушу зарыл, өңү-түсү жана башка жагынан бири-бирин толуктап турганы оң. Мына ушул бөлмөнү толтуруу жана сеп камдоо үчүн ата-эне көп учурда насыя алышат. Болбосо кызды барган жери кемсинтиши мүмкүн.

«Мен башка келин алмакмын»

Зебонун үч уулу бар. Бирөөнүн да жогорку билими жок. Үйлөнүш үчүн Орусияга барып иштеп, акча топтошкон. Зебо кичүү уулу Далерго колуктуну айылдан караштырып тапкан. Москвада иштеп жүргөн Далер түз эле тоюна келип түшкөн. Ал эми колуктусун биринчи жолу көшөгөгө кирип, никесин кыйып жаткан кезде көргөн. Келинге 1500 доллар калың берилген.

- Келиндин ата-энесинин колу жука экен, - дейт Зебо. ​- Биз ага «уктоочу бөлмөнү толтурбай эле койгула» дедик. Бирок башка керектүү буюм-тайым, кийим-кече, жууркан-төшөк, тиричилик техникасын алып келүүгө тийиш эле. Бирок алар эч нерсе бере алышкан жок. Кызынын өзүнө кийим-кече, бир аз жаздык-жууркан, бир килем, идиш-аяк менен сандык ала келишиптир. Ал түгүл кир жууучу машинеси жок экен. Биз анын калыңына 1500 доллар бергенбиз, айыл жери үчүн бул көп акча. Мен анын апасына чалып, жиндедим. Ал мунун баарына акчасы жок экенин айтып, экөөбүз урушуп кеттик. Мен уулума мындай аял алып бермек эмесмин.

«Күйөөмдү сүйбөсөм кетип калмакмын»

Рабия болочок күйөөсү менен студент кезинен эле таанышып, үйлөнүүнү чечишкен. Ата-энелери Дүйшөмбү үчүн орточо деп эсептелген 1500 долларлык калыңга токтолушкан. Бул акчага кызга кийим-кече жана тиричилик техникасы алынмак, уктоочу бөлмөнү толтуруунун кереги жок эле.

- Бул сунушту кайын журтум айтты. Алар «тойго чейин үйүн ремонттоп, уктоочу бөлмөнү өзүбүз толтурабыз» дешти. Ата-энем макул болушту. Бул акчага биз тиричилик техникасын алдык, көйнөк үчүн кездеме жана башка майда-чүйдө алдык. Калганына ата-энем өз акчасын жумшады. Тойдон кийин уктоочу бөлмөгө кирсем эч нерсе жок экен. Апам аларды чакырып, келишимин эстетсе, кайненем жиндеп, «бул силердин милдетиңер» деди.

Кайындарым мени ыңгайы келген жерден эле «себиң аз келген» деп басынта беришчү, күйөөм муну байкап калып, аларды урушуп салды. Кайненеме унчуга албайт, ошондуктан «өзүбүзчө бөлүнүп кеткиче чыдап кой» деп суранат. Мен буларга капа деле эмесмин. Анткени бизде кайын эне дайыма эле келинин тескеп турат. Чоң энелер чыдаган, апаларыбыз чыдаган. Бирок азыркы муун башка. Кыздар буга чыдай берүүгө болбостугун түшүнүп калышты. Мен күйөөмдү сүйбөсөм кетип калмакмын, - дейт Рабия.

Тажикстанда 2009-жылы президенттин жарлыгы менен аш-тойлорду жана салт-санааларды тескеген мыйзам кабыл алынган. «Ошондон кийин мурункудай сарпай же белек-бечкек менен эмес, калың акчалай берилип калды» дейт тажикстандык журналист Мумин:

- Бул жардыктан кийин калың акчалай бериле баштады. Азыр кызга берилчү калың 2-3 миң доллардын айланасында. Эгер кыз медициналык окуу жайын бүтүрүп, дарыгер болсо, анын калыңы 3-5 миң долларга чейин жетет.

«Арзан сеп алып келишти»

Ушул сыяктуу эле салт Өзбекстанда да бар. Бул жакта келиндин төркүнү күйөө баласына жана анын туугандарына да кийим-кече белек кылууга тийиш.

Бир жыл мурда Навои облусунда күйөө бала болочок кайын журту алып келген кийимдер жакпай калганы үчүн колуктусунан баш тарткан учур социалдык тармактарда кыйла талкуу болгон.

«Досторума сарпай кылып Түркияда тигилген кийимдерди беришкен. Булар болсо колунда бар туруп, арзан, Өзбекстанда тигилген кийим алып келишиптир», деп айткан күйөө бала жергиликтүү телеканалдагы маегинде.

«Себимде чаң соргуч жок болгону үчүн кайын энем тополоң кылды»

Наргизанын себине чаң соргуч кошулбаганы үчүн кайын энеси тополоң кылган.

- Мен ага ата-энемде чаң соргуч алгандай ашык акча жок экенин айттым. Ал баласын карап туруп, «үйүнө жеткирип кой, мага мындай келиндин кереги жок» деди, - дейт ал.

Азыр 23 жаштагы Наргиза кызы менен Ташкентте ата-энесинин үйүндө жашайт.

Өзбекстандын айрым аймактарында келинге калың берилет, айрымдарында «энесинин сүт акысы» деп символикалуу түрдө гана акча же саан уй берилет. Калың алган тараптарда ал эң кеминде 2-3 миң доллар турат. Хорезмдик Гүлчехранын айтуусунда, бул аймакта кыздар кымбат.

- Өзбекстанда айрым аймактарда, мисалы, Ташкентте, Фергана, Анжиян тараптарда кызга калың аты гана берилет, көбүнчө «сүт акы» берилет, - дейт ал. - Калганы баары кыз тараптан жасалат. Кыздын, күйөөсүнүн, анын туугандарынын кийимдери, идиш-аяк, тиричилик техникасы жана жатак үйлөрү толугу менен кыздын төркүнү тарабынан толтурулат. Ал эми Хорезмде, Бухарада, Кара-Калпакстанда кызга калың берилет, бул 4-5 миң доллардан башталат. Тойду күйөө бала өткөрөт, келинге кийим-кечесин бүт алып берет. Келин сеп алып барат.

Акча, анан куда

Казакстанда жана Кыргызстанда эң аз калың 1000-1500 доллар. Сеп калыңдын суммасына ылайыктуу же көп суммада болууга тийиш. Алгач калыңдын өлчөмү чечилип, андан кийин гана кудалашуу башталат. Кудалашкан соң, сепке даярдык көрүлөт. Мурда кыздын туугандары керектүү буюмдарды сатып беришсе, азыр сепке эмне алышты кыз өзү ата-энелери менен чогуу тандайт. Бул көбүнчө кийим-кече, эмерек, идиш-аяк, тиричилик техникасы жана сөйкө-шакек болушу мүмкүн. Кыргызстанда деле кызга берилген сепке сарпталган акча күйөө бала берген калыңдын суммасынан ашып түшкөн учурлар арбын.

Кыргызстандык Бакыт үйлөнөрдө сүйгөн кызынын ата-энеси «кеминде он миң доллар бересиңер» деп талап койгон. Колунда бар үй-бүлө кызынын бриллиант жасалгаларын жана автоунаасын да сепке кошуп эсептеген. Кыйынчылык менен туугандарынан чогултуп берилген 10 миң доллар калың эки жаштын көп жашабай эки айрылыш жолго түшүүсүнө себеп болгон.

Берилген калыңга келин менен кошо келген сеп жарашпай калса, чыр-чатактар чыккан үй-бүлөлөр Кыргызстанда да арбын. Өткөн айда Ош облусунда кудалар сеп талашып, соттошууга чейин барган учур катталды. Кызынын себин үйдө эч ким жокто кулпусун талкалап барып алып кеткен аялды кудагыйы «менин да буюмдарымды көтөрүп кеткен» деп айыптап, сотко берген. Бул иш Алай райондук сотунда Жоруктар кодексинин 94-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу») менен каралып, натыйжада айыпталуучу 40 миң сом жаза айып төлөөгө милдеттендирилген.

Жылдыз британ жаранына турмушка чыгарда болочок күйөөсүн ээрчитип Бишкекке барган. Туугандары чогулуп, Жылдызга сеп бермек болушат. Бирок бул үчүн британ күйөө бала 20 миң доллар калың берсин деген шарт коюшат.

Натыйжада Жылдыздын күйөөсү калыңын берип, септен баш тартат. Болгону чоң энесинен, таенесинен калган сөйкө-шакектер, улуттук көйнөк салынган сандыкты гана алып, Британияга жол тартышат.

«Септи үч айдан кийин араң кайтарып алдык»

Казакстандык Архаттын кызын 17 жашында ала качып кетишкен.

- Артынан кууп барсак, күйөө бала кызыбыздан он жаш улуу экен. Ата-энеси дарыгерлер, жакшы турушат экен. Кызым калгысы келген жок, бирок апасы мажбурлап калтырып койду, - дейт Архат.

Ала качып кеткенине карабай, кыздын төркүнү ага сеп даярдай баштайт.

- Бул үчүн биз эки миң доллар насыя алдык. Куда тарап «эне сүтүнүн акысы» деп миң доллар беришти жана той өткөрүштү. Бир жылдан кийин кызыбызды күйөөсү сабап жүргөнүн билип калдык, мунун айынан анын боюнан түшүп калды. Дагы бир жылдан кийин күйөөсү экинчи аялга үйлөнүп, аны кызым менен тааныштырганы үйүнө алып келиптир. Кызым жашабайм деп, ажырашып кетти. Күйөөсү себин бербейм деп жүрүп, үч айдан соң биз септи алып кеттик, - дейт ал.

Үй-бүлө боюнча адистер Борбор Азияда калың жана сеп айрым учурларда эки жаштын ажырашуусуна себеп болорун айтып келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG