Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Майк Помпео Өзбекстанга келди


Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын өкүлдөрүнүн жыйыны. Ташкент. 3-февраль, 2020-жыл.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын өкүлдөрүнүн жыйыны. Ташкент. 3-февраль, 2020-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Өзбекстанда укуктук реформаны ишке ашырууга жана билим берүүнү өркүндөтүүгө 30 миллион доллар бөлдү.

Ал Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугуп, бул чөлкөм менен кызматташуунун жаңы стратегиясы жарыяланарын билдирди.

Казакстандан сапарын улаган Майк Помпеону Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов 2-февралда тосуп алды. АКШнын башкы дипломаты жекшембинин кечинде Ташкентке келип түнөп, негизги иш-чараларын дүйшөмбү күнү улантты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен кездешкенде Помпео АКШ президентинин ысык саламын жеткирип, Ташкент-Вашингтон алакаларынын мындан ары бекемделе беришине кызыкчылыгы бар экенин билдирди.

Помпео өзбек президенти баштаган реформаларга такай көз саларын, айрыкча өлкөдө адам укуктарынын корголушу оңолуп жатканын айтты.

Андан соң Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов менен жолугушууда Кошмо Штаттардын Борбор Азия чөлкөмү менен алакаларынын жаңыланышы тууралуу буларга токтолду:

«Трамптын администрациясы Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны жарыялоо алдында турат. Ал стратегия Борбор Азия мамлекеттери өздөрү каалаган өнөктөш күтүшүн, өздөрү каалагандай жашашын жана өздөрү каалагандай эркиндикти камсыз кылышын колдоого багытталган».

Помпео Өзбекстандагы реформаларды колдоо иретинде сот адилеттигин камсыз кылууга, жазык кодекстерин жакшыртып иштеп чыгууга жана укук коргоо органдарынын ишинин сапатын арттырууга салым иретинде 30 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады. Мунун ичинен 10 миллион доллар өзбекстандык жаштардын англис тилин өздөштүрүшүнө багытталган.

Кыргыз жарандарына АКШга иммиграциялык виза берүүгө чектөө киргизилип жаткан шартта Вашингтондун жогорку дипломаты Казакстан менен Өзбекстанга келди. Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү менен АКШнын мамлекеттик катчысы С5+1 форматында сүйлөштү. Андан соң Помпео Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен өзүнчө жолугушту. Эки тараптуу сүйлөшүүдө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде Вашингтондун визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«АКШнын чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоп жатканын министр дагы бир ирет баса белгиледи. Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү болду», деп билдирди ТИМ.

31-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президент Вашингтондун мындай чечимине өкүнүп жатканын жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгенин 1-февралда билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG