Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Батыш тажик журналистинин соттолушун айыптады


Хайрулло Мирсаидовго
Хайрулло Мирсаидовго

Батыш өлкөлөрү тажикстандык журналист Хайрулло Мирсаидовго чыккан өкүмдү айыпташты.

Хожент шаарынын соту 11-июлда "Азия плюс" жана "Немис толкуну" маалымат каражаттарынын мурдагы кабарчысын "мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган" жана "жалаа жапкан" деп 12 жылга күчөтүлгөн шарттагы абакка кести. Мирсаидов күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан макалалары үчүн өч алуу экенин айтып келе жатат.

Британия, Германия, Франция, АКШ жана Евробиримдиктин Дүйшөмбүдөгү элчиликтери биргелешип жасаган билдирүүдө Хайрулло Мирсаидовго чыгарылган өкүм "Тажикстандын кызыкчылыгына жана өнүгүү пландарына эл аралык колдоону камсыздоо максатына жооп бербейт" деп айтылат.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Харлем Дезир тажик бийлигинен Мирсаидовду дароо бошотууну талап кылды.

"Мамлекеттик каражатты кымырып алган" деген айыптан тышкары журналист "жалган документ жасоо" жана "жалаа жабуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Мирсаидов – көз карандысыз журналист. Мурда "Азия плюс" жана “Немис толкуну” агенттиктеринин кабарчысы болчу. Ошондой эле КВНдын Тажикстан командасын жетектечү.

Сот процессинде прокурор "Мирсаидов түптөгөн КВН командасы мыйзамсыз уюштурулган, андыктан аны Тажикстандын курама командасы" деп атоого болбойт деди.

Адвокаттары өкүмдү "адилетсиз" деп, апелляциляык арыз беришерин билдиришти.

Мирсаидов өзү акыркы сөзүндө КВНды өлкө аброюн көтөрүүнү көздөп уюштурганын, бул үчүн эч кимден кызмат же акча сурабаганын айтты.

Журналист былтыр декабрда туулуп өскөн Хожент шаарында кармалган. Анын алдында Согди облусунун Жаштар жана спорт иштери боюнча башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси Олим Зохидзоданы паракорлук үчүн айыптаган. Сотто Мирсаидов аткаминер микрофондорду сатып алууга бөлүнгөн мамлекеттик каражатты өз чөнтөгүнө салып алганын айтты.

Зохидзода дооматтарды четке какты жана ар намысын коргоо үчүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды.

"Эмнести Интернешнл" эл аралык укук коргоо уюму журналистти "абийир туткуну" деп атаган. Журналисттерди коргоо комитети болсо “Мирсаидовду жасалма иш боюнча абакка салуунун ордуна анын маанилүү ишин баалоо керектигин” билдирген.

"Хюман Райтс Уоч​", Норвегиянын Хелсинки тобу жана бир нече эл аралык уюм тажик бийлигин Мирсаидовду бошотууга, коррупция фактыларын иликтөөгө чакырышкан. Бирок андан майнап чыккан жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG