Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Космостук азилдер жердиктерге арналат


Жылдыздардан космостук азилдер алда канча көбүрөөк. Бүт дүйнө жүзүнүн калктары Юрий Гагаринди жана башка космоско аттангандарды баатыр катары аздектешет. Ошол эле учурда аларды шылтоо кылып өздөрү тууралуу анекдотторду да арбын айтып келишет.




* * * * * * *

- Орусияда крепостнойлук түзүлүш жоюлган жыл кайсы эле? – тарых сабагынын сынагы маалында бир студент курсташынан шыбыраптыр.
Окутуучуга билдирбей тез арада жообун шыбырай калуу үчүн берки кыскараак сүйлөптүр:
- Алтымыш биринчи.
- Токтосоң... 61-жылы Юрий Гагаринге космоско чыгууга уруксат берилген да! А-а, эми түшүндүм. Ошонун урматына крепостнойлукту жоюшса керек... – дептир мээси анализди чагылгандай тез жүргүзгөн берки студент.

* * * * * * *

Валентина Терешкова космоско аттанганда казакстандык сыналгы журналисти толкундана айткан дешет:
- Азаматсың, Терешкова! Сен – эркексиң!

* * * * * * *

- Биздин коңшубуз космоско учуптур го. Сен качан учасың?
- Космоско Лайка деле учкан, анын эмнесине таң калат элек.

* * * * * * *

- Кеттик! – деп Гагарин адатынча шайдоот сүйлөдү.
- Каякка? – деп андан тактап сурады таксичи.

* * * * * * *

- Валентина Терешкова 2 сааттай кечигип, анан космоско аттанган дешет...
- Жөн эле... ал бет май, упа, эндиктер салынган кутучасын унутуп калып, саал-паал күтүүгө туура келген.

* * * * * * *

- “Менин таякем космоско барып келди” дейсиң, далилиң барбы?
- Ал жактан жандоочу (спутник) антеннасын белекке ала келиптир.

* * * * * * *

- Мен эки залкар киши үчүн сыймыктанам. Алар – Гагарин менен Ньютон. Биринчиси Жерден космоско качып кетүүгө алгачкы жолу далаалат жасаган. Экинчи киши болсо тигинин далаалаты тартылуу күчү аркылуу жокко чыгаарын далилдеп салган.

* * * * * * *

СССРден качкысы келген киши Гагариндин космостон кайтканына таң калып:
- Ой тобо-о, Гагарин Советтер өлкөсүнө кайра кайтып келүү үчүн гана космоско учтубу?

* * * * * * *

1961-жылы апрелде Юрий Гагарин ракета аркылуу Индияга учууну чечти. Ара-чолодо ал капысынан космос мейкиндигине жетип, кубанган бойдон мекенине кайтып келди.

* * * * * * *

Бир мактанчаак эстрада ырчысынан “космоско чыгаар белеңиз?” деп сурашыптыр.
- Эч качан!
- Неге?
- Ал жакта жылдыздар көп. Бул жакта мен жалгызмын.

* * * * * * *

(Ар кыл интернет барактарынан). TT.
XS
SM
MD
LG