Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Студенттер Болгария өкмөтүнө каршы


Софиянын ортолук бөлүгүндөгү антиөкмөттүк демонстрация. 13-ноябрь? 2013
Софиянын ортолук бөлүгүндөгү антиөкмөттүк демонстрация. 13-ноябрь? 2013

Болгарияда студенттердин антиөкмөттүк нааразылык акциялары уланууда.

Алар өлкөнү жакадан бууган коррупцияны жана жакырчылыкты ооздуктай албады деп, премьер-министр Пламен Орешарский башындагы өкмөттүн отставкага кетүүсүн, ошондой эле кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Мурдагы өкмөт коррупцияга жана баанын өсүшүнө каршы нааразылыктардан улам февралда кызматтан кетип, майдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында жаңы өкмөт түзүлгөн.

23-октябрдан бери студенттер өлкөнүн ар кайсы шаарларындагы университеттерди басып алышып, өкмөттү “колу булганч” бизнес менен байланышкан, жакырчылыкты жүгөндөй албады деп күнөөлөшүүдө. Ал эми 12-ноябрдан бери жүздөгөн студенттер Болгария парламентин камоого алып, социалисттик партия башындагы курама өкмөттү бийликтен кеткенге жана жаңы парламенттик шайлоо өткөргөнгө үндөшүүдө.

10-ноябрда Софияда өткөн “адилеттүүлүк үчүн маршына” миңдеген адам катышкан. Алар өкмөттү демонстранттарды кууп-таратууга умтулуп, элдин көйгөйүн укпайт деп сындашты. Апта башында парламент жанында полиция
менен кагылышууда жарадар болгон Александр Попов деген студенттин айтымында:

Болгария парламентинин жанындагы нааразылык акциясы кезде полициянын таягынан жараат алган студент Александр Попов. 12-ноябрь 2013
Болгария парламентинин жанындагы нааразылык акциясы кезде полициянын таягынан жараат алган студент Александр Попов. 12-ноябрь 2013
- Бийлик биздин оозубузду жабуу үчүн ар нерсени жасаганга даяр. Алар биздин коррупцияга, олигархияга жана алар баары түзгөн системага каршы болуубузду каалашпайт. Бул системада өздөрүн аябай ыңгайлуу сезишет”.

Болгарияны муунткан проблемалар февралда мурдагы өкмөттү оңкоруп түшкөн. Пламен Орешарский жетектеген жаңы курама өкмөт коррупцияга аралашкан деген айыптоолордон улам көпчүлүктүн ишенимин жоготту. Коалициядагы "Укук жана эркиндик үчүн" кыймылынын төрага орун басары салык төлөбөгөн жана арам акчаларды адалдаштырган деп күнөөлөнүп, иши тергелүүдө.

Июлда да демонстранттар парламентти сегиз саат курчап, депутаттарды жана министрлерди сыртка чыгарбай коюшканда, блокаданы бузуу үчүн атайын полиция күчтөрү чакырылган. Анда бийликтеги коррупцияга каршы жалпы улуттук протесттер 40 күндөн ашуун созулган. Антиөкмөттүк чыгуулар Конституциялык соттун медиамагнат Делян Певски Улуттук коопсуздук агенттикти жетектегенге катар депутаттык милдетин аткара берет деген чечиминен кийин башталган. Ушундан соң сот аргасыздан Певскинин мандатын жокко чыгарган.

Софиялык журналист Татьяна Ваксбердин айтышынча, эл арасында өкмөт паракор, жогорку кызматтагылар кылмыш жасаса да жазаланбайт деген ишеним күчтүү:

Кызматтан кетип жаткан премьер-министр Бойко Борисов өз тарапкерлерине кол булгоодо. София, 21-февраль 2013
Кызматтан кетип жаткан премьер-министр Бойко Борисов өз тарапкерлерине кол булгоодо. София, 21-февраль 2013
- Кылмышкерлер эч качан жазаланбайт. Бул араң иштеген юридикалык системада жогорку даражадагы уюмдашкан кылмышкерлерге каршы сот бир да жолу натыйжалуу бүткөн эмес. Бизге иштеген мамлекет жана мамлекеттик түзүмдөр керек.

Акыркы социологиялык изилдөөлөр студенттердин нааразылык чыгууларын болгарлардын 60 проценттен көбү колдогонун көрсөттү. Алардын талабын көптөгөн кесиптик кошуундар да расмий түрдө жакташты.

Болгариялык студенттерди Европа мамлекеттеринин улуттук студенттик кеңештеринин башын кошкон Европа студенттик союзу да колдоду.

София университетинин профессору Даниэл Смиловдун баамында, Болгарияны солкулдаткан протесттер жарандык уюмдарды бириктирип, терең саясий өзгөрүүлөргө башат салат:

- Бул узактан берки протестин жакшы жагы: алардын активдүү жарандарды уюмдаштырганы болду. Жарандардын түрдүү топтору чоң шаарларда өз ара байланышканга мүмкүндүк алды. Бул аларга жага баштады. Бул мени келечекке ишеним менен каратууда. Себеби, алар жашоону өзгөртө алчу адамдардын критикалык массасы. Саясатчылар бул адамдардын пикирлерин эске алышат деп ойлойм.

Демонстрацияга чыккан студенттер парламентин күзөткөн полициячылардын маңдайында турушат. 13-ноябрь 2013.
Демонстрацияга чыккан студенттер парламентин күзөткөн полициячылардын маңдайында турушат. 13-ноябрь 2013.
Көптөгөн университеттердин профессорлору да студенттерди колдоп, саясий жана социалдык чөйрөдөгү кеңири жайылган “эки жүздүүлүк менен мансапкорчулукту” сындашты.

Профессор Смилов азыркы туңгуюктан чыгуу үчүн жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү керек дейт:

- Кырдаал туруксуз жана абалды оңдоонун жападан жалгыз жолу кезексиз шайлоо экенине улам көп адамдар ынанууда.

Бейстабилдүү жагдайда болгарлар жарыша евро сатып алышууда. Болгариянын улуттук банкынын маалымдашынча, быйыл 2012-жылга караганда улуттук акча левди еврого алмаштыруу 3,5 эсе өстү. Мурдагы экономика министри Делян Добревдин келерки жылга мамлекеттик бюджетти талкуулоо учурунда айтканы боюнча, 2013-жылы Болгариянын экономикасына 720 млн. евро инвестиция салынды. Бул былтыркынын теңине да жетпейт.

Болгария Евробиримдиктин эң кедей өлкөсү. Учурдагы орточо айлык акы 530 доллар.

XS
SM
MD
LG